Казахские песни Узбекские песни

Песня «Аба ырайымсын»
исполнителя Айганыш Абдиева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сен менин абадайымсың,
Жанымда сен ар дайымсың.
Бир ачык, бирде бүркөлүү,
Сен менин аба ырайымсың.
Кээде муздак,кээде супсак,кээде күйгөн оттойсуң,
Кээде күнсүң ,кээде түнсүң ,кээде кызыл чоктойсуң.
Кээде жамгыр,кээде бурчак, кээде карга айланып
Өзү кимсиң, түшүнө албайм, деги кимге окшойсуң??
Сен менин абадайымсың,
Жанымда сен ар дайымсың.
Бир ачык бирде бүркөлүү,
Сен менин аба ырайымсың.
Кээде жазсың, кээде күзсүң, кээде ысык жайдайсың,
24/7 оюмду сен өзүңө байлайсың.
Бирде айсың, бирде күнсүң, кээде көктө жылдыздай
Өзү кимсиң, түшүнө албайм, деги кимсиң , кандайсың??

Другие песни исполнителя:

  • Кызарып жүзүм анар сымал Уялуу мага адат сыңар Карабай көзгө жалтанганым Бара-бара бир күн калат чыгар Жүрөктү өрттөп жанар сымал Сүрдөткөн сизге адат сыңар Карабай көзгө жалтанганым Бара-бара бир күн калат чыгар Кайырма Кара-кара караганы Жара-жара жаралады Сезимдерим жанса дагы Эмнеге сизден тартынамын Жылмайып койсо күлүмсүрөп Ойлорум чачып бүлүндүрөт Жүрөгүм ачык айтпаса да Ичинен сизди сүйүп жүрөт Жолумдан чыкса күлүмсүрөп Ойлорум чачып бүлүндүрөт Көңүлүм сизге бар экенин Көздөрүм менин түшүндүрөт
  • Адатымды сени жакшы көргөн Калтырбадым, кантем сага көнгөм Ойлорумду каптап алып туман Олтурамын капкараңгы бөлмөм Судоку, тагдырыма башым жетпей Же сен кетпей, же мен кетпей Жүрөк улам сени эстейт, мен эместей Тротуар, көлөкөм жана өзүм Жаңырат, ыйлаба деген сөзүң Жакпай абалым Таппай амалын Кайда барарым Түндөсү саат жылбай, убакыт өтпөй Же үзүлбөй үмүт өчпөй Адат болду жашым төкмөй, көңүл чөкмөй
  • Кантер элен?,бир күн айга айлансам Жылдыз болуп жансам керек жаныңда Кантер элен?,калсам түнгө айланып Күтөр элем таң агарган жагында Кайырма Кантер элен?,учуп кетсем куш болуп Сага гана канат болуп бүтмөкмүн Кантер элен?,кабарымды жоготсом Түбөлүккө күтмөкмүн Сен бар үчүн жашап жүргөн оңдоном Сен бар үчүн ойго батып көрбөгөм Сен бар үчүн толуп турса жүрөгүм Бакытымды издебегем озгодон Сенсиң менин,аруу таным,асманым Сенсиң менин жүрөгүмө жакканым Экөөбүздөй дайым бирге жүрсүн деп Жүрөгүмө — жүрөгүңдү тапканмын