Казахские песни Узбекские песни

Песня «Тартынамын»
исполнителя Айганыш Абдиева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кызарып жүзүм анар сымал
Уялуу мага адат сыңар
Карабай көзгө жалтанганым
Бара-бара бир күн калат чыгар

Жүрөктү өрттөп жанар сымал
Сүрдөткөн сизге адат сыңар
Карабай көзгө жалтанганым
Бара-бара бир күн калат чыгар

Кайырма

Кара-кара караганы
Жара-жара жаралады
Сезимдерим жанса дагы
Эмнеге сизден тартынамын

Жылмайып койсо күлүмсүрөп
Ойлорум чачып бүлүндүрөт
Жүрөгүм ачык айтпаса да
Ичинен сизди сүйүп жүрөт

Жолумдан чыкса күлүмсүрөп
Ойлорум чачып бүлүндүрөт
Көңүлүм сизге бар экенин
Көздөрүм менин түшүндүрөт

Другие песни исполнителя:

  • Көздөрүңдөн жаным, Күлгөнүңдөн жаным. Бакыт, ай, барың, ай… Сезип сүйүүнүн чексиз балын, Тагдыр кезиктирген сага жаным. Сүйдүм ай, сүйүүм, ай… Кайырма: Күндөр ай, күндөр ай, Бакытка толгон жүрөк, ай, Жаным ай, жаным ай. Сен барда жашоом жаздай, Сүйүүм таптаза ак кардай, Сүйүүм ай, сүйгөнүм ай. Аруу сезим бергеним ай, Ак сүйүүнү сезейин ай. Ак куудай, ажырабай… Арзып келген белегим ай, Түбөлүктүү тирегим ай Багым ай, багым ай. Сонунумсуң, жаным, Согуп жүрөк дайым. Сен деп ай, сен деп ай. Түшүнгөнүм ар бир абалым, Түйшүктүн жолун табарым, Сүйдүм ай, сүйүүм ай.
  • Билем жаным, таарынасың мага дайым, Айтпасаң да, көздөрүңдөн туям баарын. Билген жоксуң жүрөгүмдүн эзилгенин, Жалгыз сага жан дүйнөмдүн ийилгенин. Мейли кеттиң, коштошбодуң, кош дебедиң, Түшүнбөймүн, таарынычың не себебин. Сезген жоксуң жүрөгүмдүн оорууганын, Сезимдердин тоо гүлүндөй соолуганын. Төгөт жамгыр, коштошуунун көз жашыдыр, Кеч болсо да, калыстыгын кылар тагдыр. Билген жоксуң жүрөгүмдүн эзилгенин, Аста басып, кете бердиң, кете бердиң.