Казахские песни Узбекские песни

Песня «Коштошуу»
исполнителя Айганыш Абдиева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Билем жаным, таарынасың мага дайым,
Айтпасаң да, көздөрүңдөн туям баарын.
Билген жоксуң жүрөгүмдүн эзилгенин,
Жалгыз сага жан дүйнөмдүн ийилгенин.

Мейли кеттиң, коштошбодуң, кош дебедиң,
Түшүнбөймүн, таарынычың не себебин.
Сезген жоксуң жүрөгүмдүн оорууганын,
Сезимдердин тоо гүлүндөй соолуганын.

Төгөт жамгыр, коштошуунун көз жашыдыр,
Кеч болсо да, калыстыгын кылар тагдыр.
Билген жоксуң жүрөгүмдүн эзилгенин,
Аста басып, кете бердиң, кете бердиң.

Другие песни исполнителя:

  • Билбейм муну сүйүү дейби сезим дейби Ашыктыгым көздөрүмдөн билинбейби Сүйөрүмдү айтсам сиздин жүрөгүңуз Четке кагып бүт айламды кетирбейби Бар…Сезимдер ар кандай Калганбы байкалбай Жүрсөңүз айта албай Күлгөнүңүздө күн бар, Карегиңизде түн бар. Үндөсөм ачпай койду Жүрөгүңүздө ким бар?. Чертилбей сүйүү кылдар Кезексиз өттү жылдар Ачылар бир күн деген Жүрөгүмдө миң сыр бар Жүрөгүмө жашыруун сөз катып койгом Сезимдерди сактайын деп тунук бойдон Кайдан билем жандырмагы сизге буйруп Маңдайыма балким сизди жазып койгон Айт,айтыныз жашырбай Сан ойго батырбай Калбасын ачылбай
  • Сен менин абадайымсың, Жанымда сен ар дайымсың. Бир ачык, бирде бүркөлүү, Сен менин аба ырайымсың. Кээде муздак,кээде супсак,кээде күйгөн оттойсуң, Кээде күнсүң ,кээде түнсүң ,кээде кызыл чоктойсуң. Кээде жамгыр,кээде бурчак, кээде карга айланып Өзү кимсиң, түшүнө албайм, деги кимге окшойсуң?? Сен менин абадайымсың, Жанымда сен ар дайымсың. Бир ачык бирде бүркөлүү, Сен менин аба ырайымсың. Кээде жазсың, кээде күзсүң, кээде ысык жайдайсың, 24/7 оюмду сен өзүңө байлайсың. Бирде айсың, бирде күнсүң, кээде көктө жылдыздай Өзү кимсиң, түшүнө албайм, деги кимсиң , кандайсың??