Казахские песни Узбекские песни

Песня «Арманым бар»
исполнителя Айганыш Абдиева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Тынч жатпадым,түйшөлүп тынч жатпадым
Сен келчүдөй,эшикти кылчактадым
Келбээриңди кылт этип ойго салып
Жалгыздыктын жаздыгын кучактадым

Кайырма

Арманым бар эч кимге айта албаган
Арманым бар эч кимге байкалбаган
Күн өткөрөм ичимден сызган бойдон
Жүрөгүм сынган бойдон
Кантем анан,кантем анан

Күйүт кошо көздөн жаш ылдый агып,
Жалгыздык деп аталган чолдо калып.
Алыс жактан термелип чалкып турсаң
Адашыпмын мен сени көл деп алып

Другие песни исполнителя:

  • Кантер элен?,бир күн айга айлансам Жылдыз болуп жансам керек жаныңда Кантер элен?,калсам түнгө айланып Күтөр элем таң агарган жагында Кайырма Кантер элен?,учуп кетсем куш болуп Сага гана канат болуп бүтмөкмүн Кантер элен?,кабарымды жоготсом Түбөлүккө күтмөкмүн Сен бар үчүн жашап жүргөн оңдоном Сен бар үчүн ойго батып көрбөгөм Сен бар үчүн толуп турса жүрөгүм Бакытымды издебегем озгодон Сенсиң менин,аруу таным,асманым Сенсиң менин жүрөгүмө жакканым Экөөбүздөй дайым бирге жүрсүн деп Жүрөгүмө — жүрөгүңдү тапканмын
  • Көздөрүңдөн жаным, Күлгөнүңдөн жаным. Бакыт, ай, барың, ай… Сезип сүйүүнүн чексиз балын, Тагдыр кезиктирген сага жаным. Сүйдүм ай, сүйүүм, ай… Кайырма: Күндөр ай, күндөр ай, Бакытка толгон жүрөк, ай, Жаным ай, жаным ай. Сен барда жашоом жаздай, Сүйүүм таптаза ак кардай, Сүйүүм ай, сүйгөнүм ай. Аруу сезим бергеним ай, Ак сүйүүнү сезейин ай. Ак куудай, ажырабай… Арзып келген белегим ай, Түбөлүктүү тирегим ай Багым ай, багым ай. Сонунумсуң, жаным, Согуп жүрөк дайым. Сен деп ай, сен деп ай. Түшүнгөнүм ар бир абалым, Түйшүктүн жолун табарым, Сүйдүм ай, сүйүүм ай.
  • Сергитип сезимдин канаттарын, Сүйчүбүз аллея дарактарын. Сагынып, аргасыз эстей берем, Сан жылдыз ажарын талашканын. Саргайтып өткөндүн барактарын, Сан күндү сен жок деп жаратпадым. Сымбатым, сыңыма жарашканым, Сыздатып жүрөктү канатпагын. [Кайырма] Жалгызымсың, жалгызыңмын, Аярымсың, аярыңмын, Сен мени түшүнгөн жалгызымсың. Сен келчү айлуу кеч, аппак кайын Сыры бар жан билбес мага дайым Сыймыктуу ошол кез, сурап алгыс Саматып алыстайт ал ансайын Сабылып жүрөктү чалат жалын Сезгендей күн өтүп баратканын Саамайың жел болуп тарап дайым Санаалар сени издеп барат, жаным Топ гүлдөр ачылтып чанактарын Топ кушта талытып канаттарын Толгонуп толкундай сезеличи Топ жылдар кош айтып баратканын
  • Биз,бир чечимди кабыл алып Сен уза менден жолун алыс Мен каалар элем бар кечикпей Тап, жүрөгүнө шерик жанды Күнөөлөбө, ыраазы бол,тагдырга жазган Эч ким аны каалагандай өзгөртө албайт… Кайырма: Коё бер өзүңдү да мени дагы эми кыйнабай Кантем анан, кантип жүрөм,кантип ыйлабайм Жүк болбоюн ташта мени башка ойлобо Кылчайба, кет кете бер суранарым артын карабай… Сен кыя албай турганыңды, Мен көздөрүңдөн туям баарын… Сен, биз экөөлөп чогу өткөргөн Аз, ал күндөргө бол ыраазы… Көрбөптүрмүн…мейли көздөн далай жаш аксын… А сүйүп туруп коштошкондон өткөн азапты