Казахские песни Узбекские песни

Песня «Ата-энеме таазим»
исполнителя Айпери Кулбаева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Сага гана, эрким сынып багынамын, Эригемин, кагыламын, сага гана. Сага гана, эрке суудай агыламын, Эркелеймин, таарынамын сага гана. Кайырма: Сага гана жагынамын, Сени гана сагынамын. Сени менен бир болсом деп, Жаратканга жалынамын. Сени гана, жан дүйнөмө чакырамын, Жүрөгүмө батырамын, сени гана. Сени гана, күн-айымдай аркаладым, Гүл багыма алып барамын, сени гана. Кайырма: Сени менен, жашоо мага чексиз жыргал, Жакшы, бүтпөс жомок сыңар сени менен. Сени менен, куланбаган тактыдамын, Кубанычта, бактыдамын, сени менен.
  • Турам тыңшап селейип үн катпастан, Дирилдеткен кусалуу добушуңду. Чертким келди менин да ушул күүнү, Бирок корком, албаймын комузумду. Кайырма: Жок, жок менин уккум келет башкача үндү, Жазгырбас жарыгына ишеничтин. Жок, жок менин сезгим келет дүйнөдөгү, Сагынычтын саргайбас албуут күчүн. Коштоор элем мукамдуу батына албайм, Үнсүз, тилсиз кысылат эт жүрөгүм. Кимсиң деги бейтааныш күндүр – түндүр, Сагынычтан, кусадан алсыраган.
  • Ош кандай сонун Ош, Ош баардыгынан кооз. Суктанам керемет көркөмүңө, Кубанам мен сени көргөнүмө. Аярлап чачымдан сылап шамаал, Айлымдай мен сага көнгөнүмө. Кайырма: Болсоңуз бош келип кет дос, Эң ыйык сулуу шаар Ош. Келңиз кош, келип кет дос. Эң ыйык сулуу шаар Ош. Ош ак-жолтоюм Ош, Ош ак жүрөгүм Ош. Ар күнү атылган аппак таңым, Аманда табылбас таалай багым. Байырлап өзүңө келгенимде, Бактысын ачкансың далайлардын. Кайырма: Болсоңуз бош келип кет дос, Эң ыйык сулуу шаар Ош. Келңиз кош, келип кет дос. Эң ыйык сулуу шаар Ош. Ош эң байыркы Ош, Ош эл байлыгы Ош. Өзүңсүң меймандос пейли кенен, Жок дебей баардыгына мейли деген. Өмүрүм өткөнчө сыймыктанам, Өркүндөп өсөбүз сени менен. Кайырма: Болсоңуз бош келип кет дос, Эң ыйык сулуу шаар Ош. Келңиз кош, келип кет дос. Эң ыйык сулуу шаар Ош.