Казахские песни Узбекские песни

Песня «Ак-тилек»
исполнителя Айпери Кулбаева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жараткан жашоо берген баарыбызга,
Ар түрдүү тагдыр жаза багыбызга.
Өмүрдүн ар бир күнү текке кетпей,
Жароокер жарың болсун жаныңызда.
Кайырма:
Дайыма күлкү бассын санаабызды,
Эр жүрөк, эстүү кылсын балабызды.
Тирүүлүк кырын ашып кеткичекти,
Урмат-сый курчап турсун арабызды.
Эркелеп жакшы тилек оюбузга,
Эрте эле түштүк бакыт жолубузга.
Себепчи биздин асыл тилегибиз,
Жол ачты далай бакка конуубузга.
Кайырма:
Кыялдар учуп конбой түнөгүнө,
Ар бир жан жетсин максат, тилегине.
Чын сүйүү ишенимдин бул эркенин,
Бек сактап келатамын жүрөгүмө.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Карап турсам элесиңди сүрөттөн, Эске түшөт көлдүн жээги гүл өскөн. Эсиңдеби, кечиндеги сырдашуу, Сууруп чыгып таттуу сөздү жүрөктөн? Жүрөгүмдү сүйүү турса чыдатпай, Жүзүң жанат балбылдаган чырактай. Суктандырдың, суусаттырдың кайрадан, Эзелтеден бирге жүргөн ынактай. Сансыз жылдыз бизди гана карашып, Мени сенден, сени менден талашып. Көпкө жүрдүк, ойноп-күлдүк, жаркыдык, Кеткичекти аппак болуп таң атып. Бирок мезгил өткөн сайын нарылап, Тетир карап, буруласың ар убак. Азап тартып, арман күчөп жүрөгүм, Үмүт менен жүрөгүмдү дарылап.
  • Бүркөк асман, жарк дегенде чагылган, Байкоосуздан жалыныңа кабылгам. Бүт эркимди курчап алып махабат, Жалгыз сенин элесиңди жамынгам. Азыр мен да сени ойлоп жатамын, Ошол күндөр бүткөн өңдүү канымдан. Жымыңдашып жанып-өчүп чырактар, Али эсимде бирге олтурчу убактар. Жүрөктөрдүн кагышканын тыңшачу, Алыс калды алма жыттуу турак жай. Чертчү эле го түгөнбөгөн күүлөрүн, Миң кайталап музыкалуу булактар. Таппай такыр махабаттын айласын, Сагындым мен жолукчу күн, ай башын. Мурункудай күтүп жатам азыр да, Булбул куштун тереземден сайрашын. Ар убакта жолукчу элек бакчадан, Айтчы деги, асылкечим, кайдасың?
  • Салмактуу, пейили кенен, асыл энем, Жагылбай бизге тийген күнсүң десем. Өстүрдүң элден артык аяр карап, Балдарың, кыздарың дайым бирге силер менен. Кайырма: Энекем — берекем, атакем — пейили кенен. Агарып бубак басты кара чачың, Күн-түнү бизге арнадың өмүр жашың. Биз баалап эмгегиңди, ак сүтүңдү, Ызаттап, урматтап, таазим кылып ийем башым. Кайырма: Жайылган ырыскылуу дасторконуң, Күн-түнү бизге арнадың өмүр жолуң. Кош колдоп мага сунчу ысык нанды, Сагындым мен, эстедим мен, Берекелүү жумшак колуң.