Казахские песни Узбекские песни

Песня «Суйуу бакыт алып келет»
исполнителя Айпери Кулбаева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Тагдыр сен жолоочусун
Өтөт өмүр карабай, өтөт баары
Калат сүйүү, бир гана сагыныч
Сагыныч тарабай

Кайырма:
Сүйүү гана үмүт берет
Жалгыздарга таалай, бак берет.
Сүйүү гана бул жашоодо
Бизге бакыт апкелет

Табасын сен таалайынды
Жүрөк күтүп самаган
Махабат сылайт,
Маанайынды эңсетип.

Жолун күндө караган
Ак-куу болуп сызат жылдар
Биз баскан жол кайда такалат
Эки жээкти туташтыраар
Жалгыз гана махабат

Түгөйсүз куш алыс учпас
Келет үмүт жолуна, чырагын жанат
Чыдагын аз, чын сүйүү
Чын суйуу сага жолугат.

Другие песни исполнителя:

  • Түркүн ыр шаңдуу жаңырып, Дүркүрөп колдор чабылып. Ырыстуу күндү жар салып, Ыр дүйнөм барат агылып. Кайырма: Кубулжуй бергин, ырларым, Кубантып жүрөк сырларын. Жашоонун ыры — бул ырлар, Жар салган жаштык жыргалын. Кайрадан ырлар уланып, Кадалат көздөр суранып. Көл бойлоп бара жаткансып, Көңүлдөр эргийт кубанып. Кайырма: Өскөн жер ырдан жашарып, Өмүрлөр барат тазарып. Мекеним тынчтык ырлары, Гүл жайнайт күндө жасанып. Кайырма:
  • Билемин тилегиңди өс-өн деген, Бир жаның мен деп канча көзөлбөгөн. Апам, ай каруусунда уктап калсам, Ойготуп аламбы деп жөтөлбөгөн. Апам, ай апа десем ыргып турган, Көзүмдөн кандайымды көрүп туйган. Нан жапса күйгөн жерин өзү алып, Бышканын, даамдуусун мага сунган. Айттырган учкан желден саламды улам, Башкача бабалактап барганымда. Кийимдин эң жакшысын өзүмө арнап, Тамактын майлуураагын берген мага. Эч бир жан мени сендей көтөрбөгөн, Бир жаның мен деп канча көзөлбөгөн. Апам, ай каруусунда уктап калсам, Ойготуп аламбы деп жөтөлбөгөн.
  • Күздө күтүп жазда келген сезимди, Күйүт бизге үмүт болуп сезилди. Бул турмушта ансыз деле өксүгөн, Жалоорутпа жайнап турган көзүңдү. Кездешкенче нур чачышып жүздөрдөн, Күз да келди, гүл саргайды биз көргөн. Сен сырыңды, мен чынымды айткыча, Өмүр өтүп баратпайбы бир келген. А мен сени күтөр элем миң жылга, Бирок жашоо ченелүү да бир кыйла. Биздин өмүр өтпөсө да бир үйдө, Биздин сүйүү калар, балким, бир ырда.