Казахские песни Узбекские песни

Песня «Куйдум чок»
исполнителя Токон Эшбаев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Күйдүм бир гана, күйдүм, күйдүм чок,
Күйдүм бир гана десем түтүн жок.
Жүрөгүмдүн башында,
Күйдүм, ай, жүгөрүдөй бүтүн жок.
Кан-Жайлоо гана деген бийик бел, ай,
Ошого кар жааса согот муздак жел.
Кайырма жака, кара көз,
Күйдүм, аа, кадырды билсең өзүң кел.
Кош теректей гана бүрдөнүп,
Жүрөсүң сен,
Боз жоолук салып түрлөнүп.
Болжолуң таап жете албай,
Күйдүм, аа,
Боздогон тайлак өңдөнүп.

Другие песни исполнителя:

  • Ушул жылы акындар жакшы ыр жазсын, Ушул жылы кыз-жигиттер кат алышсын. Ушул жылы баласыздар бала көрүп, Базар болуп ордолуу бакылдашсын. Ар кимдин кылган иши алга жылсын, Ата-энесин сыйлабасты арбак урсун. Каржаңдаган карылык эшик какпай, Кылымдардай жай жылып тура турсун. Ар кимдин ойлогону ишке ашсын, Ар, ар ким турмушунан бакыт тапсын. Онтогон оорулуулар ушул жылы, Айыгышып арабызга аралашсын. Баатыр аты түбөлүк турса деймин, Сокур көрүп, дүлөйлөр укса деймин. Ылайым чөптөр чыгып, гүлдөр жайнап, Ырыстын ырын ырдап турса деймин. Алсыздар алдуу болуп, күчкө толсун. Жаштын жары жаркылдаган ак болсун. Быйылкы тоо гүлүнүн балына окшоп, Кыргыз элинин жашоосу таттуу болсун. Дүйнө элинин жашоосу таттуу болсун.