Казахские песни Узбекские песни

Токон Эшбаев.
 Слушать песни исполнителя и скачать онлайн

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

Токон Эшбаев

  • Жай күтүп, жай келбесең күзгө калып, Күз күтүп, күз келбесең кышка барып. Ошентип он эки айым өтүп кетмек, Ошентип ар бир күнүм кайталанып. Койсо эгер тагдыр сага жолуктурбай, Таарынбай кыйгач түшкөн жолго ушундай. Ктмөкмүн келбесең да өмүр бою, Майдандан жарын күткөн колуктудай. Мен сени жаштар өткөн жолдон күтөм, Мен сени жаштар жүргөн тойдон күтөм. Күтөмүн эң акыркы түңүлүүдөн, Күтөмүн маңдай жарган сүйүнүчтөн.
  • Ушул жылы акындар жакшы ыр жазсын, Ушул жылы кыз-жигиттер кат алышсын. Ушул жылы баласыздар бала көрүп, Базар болуп ордолуу бакылдашсын. Ар кимдин кылган иши алга жылсын, Ата-энесин сыйлабасты арбак урсун. Каржаңдаган карылык эшик какпай, Кылымдардай жай жылып тура турсун. Ар кимдин ойлогону ишке ашсын, Ар, ар ким турмушунан бакыт тапсын. Онтогон оорулуулар ушул жылы, Айыгышып арабызга аралашсын. Баатыр аты түбөлүк турса деймин, Сокур көрүп, дүлөйлөр укса деймин. Ылайым чөптөр чыгып, гүлдөр жайнап, Ырыстын ырын ырдап турса деймин. Алсыздар алдуу болуп, күчкө толсун. Жаштын жары жаркылдаган ак болсун. Быйылкы тоо гүлүнүн балына окшоп, Кыргыз элинин жашоосу таттуу болсун. Дүйнө элинин жашоосу таттуу болсун.
  • Акманым ай, Акманым, Туулган жери пахтанын. Жаш баладай сүйүктүү, Жаш баладай аппагым. Ай, Акманым, пахтанын кени, Пахтанын жери Акманым. Акманым ай, Акманым, Ак тузуңду таткамын. Көңүлүмдү шат кылып, Жыргалыңа баткамын. Акманым жыргалыңа батып, Ак тузуңду таткамын. Акманым ай, Акманым, Жылдыз жүздүү жаштары, Кыз сулуусу өзүңдөй, Акманым ай, Акманым, Ай, Акманым жаштары сулуу Кыздары нурдуу Акманым, Жаштары сулуу Акманым
  • Алоолоп желбиреген кызыл желек, Атабыз эр Манастан келген белек. Эл ичин бузгандарга каар төгүп, Эмгекти сүйгөндөргө тынчтык берем. Жаркылдап келечеке байрак болуп Жеңиштен, жеңиштерге алып келем. Алоолоп желбиреген кызыл желек, Атабыз эр Манастан келген белек. Асмандан тийип турган жарык күндөй Ааламга акыйкаттын нурун себем. Ар дайым адилеттин себесиндей Алсызга кубат берем, шаңга бөлөп. Алоолоп желбиреген кызыл желек, Атабыз эр Манастан калган белек. Элимди эркиндиктин жолу менен Ээрчитип алга карай бара берем. Элимди ынтымактын жолу менен, Ээрчитип алга карай бара берем. Элимди биримдиктин жолу менен Жеңиштен жеништерге алып келем.
  • Күйдүм бир гана, күйдүм, күйдүм чок, Күйдүм бир гана десем түтүн жок. Жүрөгүмдүн башында, Күйдүм, ай, жүгөрүдөй бүтүн жок. Кан-Жайлоо гана деген бийик бел, ай, Ошого кар жааса согот муздак жел. Кайырма жака, кара көз, Күйдүм, аа, кадырды билсең өзүң кел. Кош теректей гана бүрдөнүп, Жүрөсүң сен, Боз жоолук салып түрлөнүп. Болжолуң таап жете албай, Күйдүм, аа, Боздогон тайлак өңдөнүп.
  • Балбылдап күйгөн чырагым элең, «Асылым» дешкен ынагым элең. Дүйнөдө таппас жыргалды берген, Жылаажын үндүү ыргагым элең. Кайырма: Жаштык, жаштык, жалынга баттык. Кайрылчы, тагдыр, кылбачы кастык. Бир карап койбой жанымдан өттүң, Ыйгардың чындап сүйүүнүн өртүн. Түгөйүң болуп түбөлүк жүрбөй, Жазыксыз туруп, жабыркап өчтүң. Тагдыр, тагдыр, табарым бардыр, Махабат үнүн өчүрбөй жандыр. Балбылдап күйгөн чырагым элең, Асылым менин ынагым элең. Дүйнөдө таппас жыргалды берген, Жылаажын үндүү ыргагым элең. Кайырма: