Казахские песни Узбекские песни

Песня «Ак тилек»
исполнителя Токон Эшбаев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ушул жылы акындар жакшы ыр жазсын,
Ушул жылы кыз-жигиттер кат алышсын.
Ушул жылы баласыздар бала көрүп,
Базар болуп ордолуу бакылдашсын.
Ар кимдин кылган иши алга жылсын,
Ата-энесин сыйлабасты арбак урсун.
Каржаңдаган карылык эшик какпай,
Кылымдардай жай жылып тура турсун.
Ар кимдин ойлогону ишке ашсын,
Ар, ар ким турмушунан бакыт тапсын.
Онтогон оорулуулар ушул жылы,
Айыгышып арабызга аралашсын.
Баатыр аты түбөлүк турса деймин,
Сокур көрүп, дүлөйлөр укса деймин.
Ылайым чөптөр чыгып, гүлдөр жайнап,
Ырыстын ырын ырдап турса деймин.
Алсыздар алдуу болуп, күчкө толсун.
Жаштын жары жаркылдаган ак болсун.
Быйылкы тоо гүлүнүн балына окшоп,
Кыргыз элинин жашоосу таттуу болсун.
Дүйнө элинин жашоосу таттуу болсун.

Другие песни исполнителя:

  • Алоолоп желбиреген кызыл желек, Атабыз эр Манастан келген белек. Эл ичин бузгандарга каар төгүп, Эмгекти сүйгөндөргө тынчтык берем. Жаркылдап келечеке байрак болуп Жеңиштен, жеңиштерге алып келем. Алоолоп желбиреген кызыл желек, Атабыз эр Манастан келген белек. Асмандан тийип турган жарык күндөй Ааламга акыйкаттын нурун себем. Ар дайым адилеттин себесиндей Алсызга кубат берем, шаңга бөлөп. Алоолоп желбиреген кызыл желек, Атабыз эр Манастан калган белек. Элимди эркиндиктин жолу менен Ээрчитип алга карай бара берем. Элимди ынтымактын жолу менен, Ээрчитип алга карай бара берем. Элимди биримдиктин жолу менен Жеңиштен жеништерге алып келем.