Казахские песни Узбекские песни

Песня «Бозойго»
исполнителя Райкан Абдувалиева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кырманда кызыл мен болсом,
Кыраңдан соккон жел болсоң.
Айрылгыс болуп экөөбүз,
Тагдырда дайым бир кошкон.
Жайлоодо жашыл көл болсоң,
Жайкысын чалкып сен толсоң.
Ак куу бир болуп кылактап,
Жашынып барып мен консом.
Ак жамгыр болсоң жаздагы,
Мен болсом алча шактагы.
Салкынга бышсам кызарып,
Сен үзсөң ошол алчаны.

Другие песни исполнителя:

  • Кубанычым, кубанычым, Сүйүү гүлүн мага берген. Бакыт гүлүн мага берген, Кубанычым, кубанычым. Сүйүү гүлүн мага берген, Кубанычым, кубанычым. Бакыт гүлүн мага берген, Кубанычым, кубанычым. Сүйлөй албай сүрдөп кетем, Сүйүү жанган көздөрүңдөн. Бакытымды элестетем, Жан эргиткен мээримиңден. Көп ичинен карай берем, Карааныңды калсам көрбөй. Көзгө сүйкүм жамалыңды, Өзгөлөргө ыраа көрбөй. Карай берем, карай берем, Өзгөлөргө көңүл бөлбөй. Жарык чачкан таңда шоолам, Жанып турган үмүт белең? Жазда келген кубанычым, Сүйүү гүлүн мага берген.
  • Аял дебе, аялдын бил түйшүгүн, Балдарым деп тынбай чапкан күн-түнү. Түндүк болсо биздин жашоо илинген, Аял анын тиреп турган түркүгү. Кайырма: Аял – жазсың, аял – күзсүң, Аял – жайсың, аял – гүлсүң. Аял дебе, аял – эне, Дүйнөдө теңдешсиз асыл жансың. Аял дебе, аялдын бил кадырын, Аял тартат азабыңдын жарымын. Ырыскысын балдарына таратып, Ызатына жеткилечи аялдын. Кайырма: Аял дебе, кылба аялга кыянат, Акыл калчап чыгаралык тыянак. Арабызда аялзаты түгөнсө, Ошол күнү башталат го кыямат. Кайырма: