Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кубанычым»
исполнителя Райкан Абдувалиева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кубанычым, кубанычым,
Сүйүү гүлүн мага берген.
Бакыт гүлүн мага берген,
Кубанычым, кубанычым.
Сүйүү гүлүн мага берген,
Кубанычым, кубанычым.
Бакыт гүлүн мага берген,
Кубанычым, кубанычым.
Сүйлөй албай сүрдөп кетем,
Сүйүү жанган көздөрүңдөн.
Бакытымды элестетем,
Жан эргиткен мээримиңден.
Көп ичинен карай берем,
Карааныңды калсам көрбөй.
Көзгө сүйкүм жамалыңды,
Өзгөлөргө ыраа көрбөй.
Карай берем, карай берем,
Өзгөлөргө көңүл бөлбөй.
Жарык чачкан таңда шоолам,
Жанып турган үмүт белең?
Жазда келген кубанычым,
Сүйүү гүлүн мага берген.

Другие песни исполнителя:

  • Бүгүн сен көрдүң бекен, байкадыңбы, Асмандагы берметтелген жааган карды? Мен болсо жаш балача карды кечип, Каткырдым жаңыртып айланамды. Кайырма: Кар жаады, аппак жаады, Кар жаады, бакыт жаады. Кар жаады, аппак жаады, Кар жаады, бакыт жаады. Кар жаады, тыным албай жумшак жаады, Сен анын сездиң бекен назиктигин? Айланып алаканга конгон карлар, Отуна эрип жатты жүрөгүмдүн. Кайырма: Кар жаады, аппак жаады, Кар жаады, бакыт жаады. Кар жаады, аппак жаады, Кар жаады, бакыт жаады.
  • Аял дебе, аялдын бил түйшүгүн, Балдарым деп тынбай чапкан күн-түнү. Түндүк болсо биздин жашоо илинген, Аял анын тиреп турган түркүгү. Кайырма: Аял – жазсың, аял – күзсүң, Аял – жайсың, аял – гүлсүң. Аял дебе, аял – эне, Дүйнөдө теңдешсиз асыл жансың. Аял дебе, аялдын бил кадырын, Аял тартат азабыңдын жарымын. Ырыскысын балдарына таратып, Ызатына жеткилечи аялдын. Кайырма: Аял дебе, кылба аялга кыянат, Акыл калчап чыгаралык тыянак. Арабызда аялзаты түгөнсө, Ошол күнү башталат го кыямат. Кайырма:
  • Береке чачып, берметин төккөн, Борборум Бишкек жап-жашыл көктөм. Жигит –кыз жандай, кумарлар канбай, Гүл бакчаң таза кулбуруп көчөң. Бишкегим сүйкүм, Бишкегим көркөм, көктөм. Заңгырап үйлөр салынат күндө, Фонарлар жарык, жаркырап түндө. Күн санап өсүп, күмүшүн төгүп, Күлкү, шаң гана көрүнөт көзгө. Бишкегим гүлдө, Бишкегим өргө. Достукта жашап ар улут келет, Ала –Тоом коштоп күч, кубат берет. Ай, күнгө жетип, ааламга кетип, Атыңды сенин жокко дейм билбес? Өркүндөп,өскүн шаарым Бишкек, Гүлдөй бер күндө борборум Бишкек.
  • Ала–Тоо жерин жердеген, Ак калпак кыргыз эл деген. Ар улут, элдин өкүлү, Шаң менен Нооруз кел деген. Кел, Нооруз, келчи кол сунуп, Шөкүлө кийип жаз болуп. Балкысын аппак пейилден, Кайрылып келсин жаз болуп. Кайырма: Кел, Нооруз, келгин жаз менен, Жаңы жыл деген ат менен. Береке толгон той болсун, Бакытка балкып, шат менен. Ар балээден сак кылгын, Ар күнөөдөн жок кылгын. Аластап билик кылалы, Пейилди бүгүн ак кылып. Сүмөлөк тартуу — жөрөлгө, Сүйүнөт эне ар үйдө. Сүйүүнүн коштоп ырларын, Бере бер, Нооруз, береке. Кайырма: