Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кар жаады»
исполнителя Райкан Абдувалиева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Бүгүн сен көрдүң бекен, байкадыңбы,
Асмандагы берметтелген жааган карды?
Мен болсо жаш балача карды кечип,
Каткырдым жаңыртып айланамды.
Кайырма:
Кар жаады, аппак жаады,
Кар жаады, бакыт жаады.
Кар жаады, аппак жаады,
Кар жаады, бакыт жаады.
Кар жаады, тыным албай жумшак жаады,
Сен анын сездиң бекен назиктигин?
Айланып алаканга конгон карлар,
Отуна эрип жатты жүрөгүмдүн.
Кайырма:
Кар жаады, аппак жаады,
Кар жаады, бакыт жаады.
Кар жаады, аппак жаады,
Кар жаады, бакыт жаады.

Другие песни исполнителя:

  • Кубанычым, кубанычым, Сүйүү гүлүн мага берген. Бакыт гүлүн мага берген, Кубанычым, кубанычым. Сүйүү гүлүн мага берген, Кубанычым, кубанычым. Бакыт гүлүн мага берген, Кубанычым, кубанычым. Сүйлөй албай сүрдөп кетем, Сүйүү жанган көздөрүңдөн. Бакытымды элестетем, Жан эргиткен мээримиңден. Көп ичинен карай берем, Карааныңды калсам көрбөй. Көзгө сүйкүм жамалыңды, Өзгөлөргө ыраа көрбөй. Карай берем, карай берем, Өзгөлөргө көңүл бөлбөй. Жарык чачкан таңда шоолам, Жанып турган үмүт белең? Жазда келген кубанычым, Сүйүү гүлүн мага берген.
  • Кайдасың, эңсеген эрмегим? Зарыгып күткөндө келбедиң. Уйкусуз түндөрдү өткөрүп, Оюмду он бөлүп сен дедим. Кайдасың, кайда кеттиң? Кайда кеттиң, эңсеген эрмегим? Күткөндө келбедиң, Кайдасың, сагынган кымбатым? Акылдан адашпас кылдатым, Жанаша басканда көрк берер, Жарашып сулуулук сымбатың. Кайдасың, кайда кеттиң? Сагынган кымбатым, Акылман кылдатым. Кайдасың, кумардуу кучагым? Жытыңды жыттоого кусамын. Сени менен конушум көгөрүп, Сен болсоң бийикке учамын. Кайдасың, кайда кеттиң? Кайдасың үмүттүн чырагы, Күйгөндө күтүнүп чыгарым. Сагыныч өч алды сезимден, Келе көр жакшы эле чыдадым. Кайдасың, кайда кеттиң?
  • Ала-Тоомо таянамын, Ак калпактуу кыргыз калкым. Бабам Манас урпактарым, Кыргызым, жылдызым. Кыргызым деп мактанамын, Эл-журтум деп жар саламын, Ала-Тоолор тирелишсе, Ак калпактын элеси. Дасторконго нанын жая, Кымыз толо кесеси. Кайырма: Ала-Тоомо таянамын, Ак калпактуу кыргыз калкым. Бабам Манас урпактарым, Кыргызым, жылдызым. Кыргызым деп мактанамын, Эл-журтум деп жар саламын, Жайкалышса кыз-келиндер, Ысык-Көлдүн ак куусу. Жарашыктуу кыз-келиндер, Каныкейдин элеси. Жарашыктуу кыз- келиндер, Айчүрөктүн элеси. Кайырма: Кенен пейил, тунук сезим, Жүрөгүмдө уюган. Ата салтын ыйык тутуу, Жаным менен туулган. Кайырма: