Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кыргызым»
исполнителя Райкан Абдувалиева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ала-Тоомо таянамын,
Ак калпактуу кыргыз калкым.
Бабам Манас урпактарым,
Кыргызым, жылдызым.
Кыргызым деп мактанамын,
Эл-журтум деп жар саламын,
Ала-Тоолор тирелишсе,
Ак калпактын элеси.
Дасторконго нанын жая,
Кымыз толо кесеси.
Кайырма:
Ала-Тоомо таянамын,
Ак калпактуу кыргыз калкым.
Бабам Манас урпактарым,
Кыргызым, жылдызым.
Кыргызым деп мактанамын,
Эл-журтум деп жар саламын,
Жайкалышса кыз-келиндер,
Ысык-Көлдүн ак куусу.
Жарашыктуу кыз-келиндер,
Каныкейдин элеси.
Жарашыктуу кыз- келиндер,
Айчүрөктүн элеси.
Кайырма:
Кенен пейил, тунук сезим,
Жүрөгүмдө уюган.
Ата салтын ыйык тутуу,
Жаным менен туулган.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Сизди сүйөм, кыз өппөгөн жигиттей, Сиз сүйдүңүз көңүлүмдү кирдетпей. Сүйгөнүм чын өмүрүмдө биринчи, Сүйүү деген азап экен илдеттей. Сизди сүйөм жашыңыздан жазганбай, Түбөлүккө тагдырыма жазгандай. Узун түндү көз ирмебей өткөрөм, Эмне кылам, мени баскандай. Көкүрөктү ээлеп алды атыңыз, Түк түшүнбөйм, кантип мага жактыңыз? Эч бир жанды тоготпогон кыз элем, Жүрөгүмө кандай ачкыч таптыңыз.
  • Кайдасың, эңсеген эрмегим? Зарыгып күткөндө келбедиң. Уйкусуз түндөрдү өткөрүп, Оюмду он бөлүп сен дедим. Кайдасың, кайда кеттиң? Кайда кеттиң, эңсеген эрмегим? Күткөндө келбедиң, Кайдасың, сагынган кымбатым? Акылдан адашпас кылдатым, Жанаша басканда көрк берер, Жарашып сулуулук сымбатың. Кайдасың, кайда кеттиң? Сагынган кымбатым, Акылман кылдатым. Кайдасың, кумардуу кучагым? Жытыңды жыттоого кусамын. Сени менен конушум көгөрүп, Сен болсоң бийикке учамын. Кайдасың, кайда кеттиң? Кайдасың үмүттүн чырагы, Күйгөндө күтүнүп чыгарым. Сагыныч өч алды сезимден, Келе көр жакшы эле чыдадым. Кайдасың, кайда кеттиң?
  • Кыргызстан — эч көөнөрбөс махабатым, Кумарым таркабаган ырахатым. Ардактап, ата-энемдей сезип келем, Ар жылы сууң ичип, тузуң таттым. Кыргызстан, балалыгым, бешигимсиң, Кыргызстан, таалай, ырыс- кешигимсиң. Тарбия-таалим берип, ак жол каалап, Эмгекке мени узаткан ата- энемсиң. Акыңды актоо үчүн эмгектенем, Албан иш жаратууга илим менен. Күркүрөп өнүп-өсүп, гүлдөп, жайна, Дүйнө эли сыймыктансын сени менен. Кыргызстан сыймыктансын сени менен, Кыргызым сыймыктансын сени менен.