Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кыргызстаным»
исполнителя Райкан Абдувалиева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кыргызстан — эч көөнөрбөс махабатым,
Кумарым таркабаган ырахатым.
Ардактап, ата-энемдей сезип келем,
Ар жылы сууң ичип, тузуң таттым.
Кыргызстан, балалыгым, бешигимсиң,
Кыргызстан, таалай, ырыс- кешигимсиң.
Тарбия-таалим берип, ак жол каалап,
Эмгекке мени узаткан ата- энемсиң.
Акыңды актоо үчүн эмгектенем,
Албан иш жаратууга илим менен.
Күркүрөп өнүп-өсүп, гүлдөп, жайна,
Дүйнө эли сыймыктансын сени менен.
Кыргызстан сыймыктансын сени менен,
Кыргызым сыймыктансын сени менен.

Другие песни исполнителя:

  • Кубанычым, кубанычым, Сүйүү гүлүн мага берген. Бакыт гүлүн мага берген, Кубанычым, кубанычым. Сүйүү гүлүн мага берген, Кубанычым, кубанычым. Бакыт гүлүн мага берген, Кубанычым, кубанычым. Сүйлөй албай сүрдөп кетем, Сүйүү жанган көздөрүңдөн. Бакытымды элестетем, Жан эргиткен мээримиңден. Көп ичинен карай берем, Карааныңды калсам көрбөй. Көзгө сүйкүм жамалыңды, Өзгөлөргө ыраа көрбөй. Карай берем, карай берем, Өзгөлөргө көңүл бөлбөй. Жарык чачкан таңда шоолам, Жанып турган үмүт белең? Жазда келген кубанычым, Сүйүү гүлүн мага берген.
  • Өткөнүмдү эске салбастан, Өктөм сүйлөп өчүн албастан. Өксүтпөстөн ардактасаңыз, Өмүр бою болом сизге шам. Кыялыма кишен салбастан, Көңүлдөргө, шекке албастан. Кең пейилдүү, кенен болсоңуз, Күн өткүчө болом сизге шам. Үмүтүмдү сизге арнасам, Күйүт тартып сизге жандасам. Үшкүрбөңүз ушак сөздөргө, Үйүңүзгө болом жанган шам. Өмүр бою болом сизге шам, Кыяматтык болом сизге шам, Үйүңүзгө болом сизге шам.
  • Жолугуштук биз капыстан, Жайдын кечинде. Мага арнаган кызыл гүлүң, Дале эсимде. Ушул күнүм эстен кетпейт, Эстен кетпейт, сенин гүлүң. Кайырма: Жалгыз сени күтө берем, Тунук булагым. Бирге айтып чечишели, Сүйүү сырларын. Ойлойм сени. Ойлойм сени, күтөм сени, Күндө кечинде. Келм деген убадаңа, Ишенип сага жүрөмүн мен. Сагындым мен өмүр гүлүм, Өмүр гүлүм сенин гүлүң. Кайырма: