Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жар-жар»
исполнителя Райкан Абдувалиева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс
Кошулушуп эки жаш, жуп болуптур, жар-жар,
Кубанышып эл-журту, кут конуптур, эй, жар-жар.
Толкуп келген мейманга той баштайбыз, жар-жар,
Болушунча аянбай, бой таштайбыз, эй, жар-жар.
Алтын ордо, гүл бакча, калаалуу бол, жар-жар,
Аркаңардан ээрчиген балалуу бол, эй, жар-жар.
Ак элечек колго алып, ырдап жүргүн, жар-жар,
Жакшы менен жаманды ылгап жүргүн, эй, жар-жар.
Ырыс алды – ынтымак, билип жүргүн, жар-жар,
Ата-энеңе башыңды ийип жүргүн, эй, жар-жар.
Ак булуттан себилген кар болгула, жар-жар,
Дайым ушул жашоодо бар болгула, эй, жар-жар.

Другие песни исполнителя:

  • Аял дебе, аялдын бил түйшүгүн, Балдарым деп тынбай чапкан күн-түнү. Түндүк болсо биздин жашоо илинген, Аял анын тиреп турган түркүгү. Кайырма: Аял – жазсың, аял – күзсүң, Аял – жайсың, аял – гүлсүң. Аял дебе, аял – эне, Дүйнөдө теңдешсиз асыл жансың. Аял дебе, аялдын бил кадырын, Аял тартат азабыңдын жарымын. Ырыскысын балдарына таратып, Ызатына жеткилечи аялдын. Кайырма: Аял дебе, кылба аялга кыянат, Акыл калчап чыгаралык тыянак. Арабызда аялзаты түгөнсө, Ошол күнү башталат го кыямат. Кайырма:
  • Кырманда кызыл мен болсом, Кыраңдан соккон жел болсоң. Айрылгыс болуп экөөбүз, Тагдырда дайым бир кошкон. Жайлоодо жашыл көл болсоң, Жайкысын чалкып сен толсоң. Ак куу бир болуп кылактап, Жашынып барып мен консом. Ак жамгыр болсоң жаздагы, Мен болсом алча шактагы. Салкынга бышсам кызарып, Сен үзсөң ошол алчаны.