Казахские песни Узбекские песни

Песня «Эсиндеби?»
исполнителя Райкан Абдувалиева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Элесиңди карап турсам сүрөттөн,
Эске түшөт көлдүн жээги гүл өскөн.
Эсиңдеби, кечиндеги сырдашуу,
Сууруп чыгып таттуу сөздү жүрөктөн?
Жүрөгүмдө сүйүү турса чыдатпай ,
Жүзүң жарык, жанып турган чырактай.
Суктандырдың, суусаттырдың кайрадан,
Эзелтеден бирге жүргөн ынактай.
Сансыз жылдыз бизди гана карашып,
Сени менден, мени сенден талашып.
Ойноп-күлүп көпкө жүрдүк, жаркыным,
Кеткичекти аппак болуп таң атып.

Другие песни исполнителя:

  • FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Адамзат болбос дүйнөдө, Өткөндө эстеп койбогон. Ата-энем жайда конушка, Соң- Көлүн көрүп, конушуп көрүп, Жайлоону көрүп ойлоном. Шамаалсыз күндө толкубай, Тынчыса Соң-Көл мемиреп. Көңүлүм эргип кубанбай, Негедир оюм ээлирет. Атакем айдап жылкысын, Адырда келе жаткансыйт. Апкем кармап чакансын, Желени көздөй, бээлерди көздөй, Желени көздөй баскансыйт. Утурлай тозо чуркааарда, Көрүнбөй калды төгүнбү. Түшүнө албай таңдана, Түшүмбү же бир, өңүмбү жер бир? Түшүмбү же бир, өңүмбү. Соң- Көлүн көрүп, конушту көрүп, Жайлоону көрүп ойгоном.
  • Бүгүн сен көрдүң бекен, байкадыңбы, Асмандагы берметтелген жааган карды? Мен болсо жаш балача карды кечип, Каткырдым жаңыртып айланамды. Кайырма: Кар жаады, аппак жаады, Кар жаады, бакыт жаады. Кар жаады, аппак жаады, Кар жаады, бакыт жаады. Кар жаады, тыным албай жумшак жаады, Сен анын сездиң бекен назиктигин? Айланып алаканга конгон карлар, Отуна эрип жатты жүрөгүмдүн. Кайырма: Кар жаады, аппак жаады, Кар жаады, бакыт жаады. Кар жаады, аппак жаады, Кар жаады, бакыт жаады.