Казахские песни Узбекские песни

Песня «Узулбогон умуттор»
исполнителя Аскат Мусабеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жүздөр кызарып, буттар тушалып,
Бирге да баспасам бийлеп кусалык.
Күлкүм жоголот күндөр узарып,
Жүзүң көргөндө жүрөк лакылдап,
мезгил закымдап.
Жаркын керемет ойду терметет,
Келчи жакындап.
Ойлор жадатты, күндү санатты,
Кантип унутам ушул адатты.
Берди көңүлгө сүйүү канатты,
Санаа түмөндөп, түндө уктабайм
жылдыз түгөлдөп.
Сүйүү сырлары, сүйүү ырлары
Кантип түгөнмөк.

Другие песни исполнителя:

  • Алыстан сага келем, алыс жактан, Элесиң тынчымды алып, учат куудай. Ал мени десте кармап тосподу, Ошондо тээ алыска узатчудай. Кайырма: Гүлзарлар, жалгыз келдим, кечиргиле! Жанымда силер билчү сүйгөнүм жок. Унчукпайсың, сездиң беле, сездиң беле? Бүт тааныш, көзгө сүйкүм туш тарабым, Гүлзарлар кудум биздин убактагы. Жаштарга кыналышкан суктанамын, Биз сындуу биздин ошол курактагы. Кайырма: Гүлзарлар, жалгыз келдим, кечиргиле! Жанымда силер билчү сүйгөнүм жок. Унчукпайсың, сездиң беле, сездиң беле? Ал мени сезиминен чыгарыптыр, Жалгыз сен кайтып мага, гүл кармадым. Ак сүйүм ак гүлүңдө калыптыр, Дайым жаш, дайым сырдуу гүлзарларым! Кайырма: Гүлзарлар, жалгыз келдим, кечиргиле! Жанымда силер билчү сүйгөнүм жок. Унчукпайсың, сездиң беле, сездиң беле?
  • Секин, секин билгизбей, Сени бойго жеткизген Секет болуп кетким бар, Сезимтал бул мезгилден! Ат чаап барып эңе алгыс Акак гүлсүң, Айданек. Агайыңдын дардинда Жашап жүрсүң, Айданек. Мончогуңду моюнуңдан Санайынчы, Айданек?! Көлөкөңдү көтөрүп Алайынчы, Айданек?! Майда шибер, майин жел Мамык болот, Айданек. Бир кашкайсаң – бир кылым Жарык болот, Айданек. Кунан минип куушуп биз, Курдаш болуп өтсөкчү?! Шыбырарда бир жыттап, Сырдаш болуп өтсөкчү?! Улууларга зор таалим – Уялганың, Айданек. Улуулуктан тайдырат Буралганың, Айданек! Мончогуңду моюнуңдан Санайынчы, Айданек?! Көлөкөңдү көтөрүп Алайынчы, Айданек?! Майда шибер, майин жел Мамык болот, Айданек. Бир кашкайсаң – бир кылым Жарык болот, Айданек.
  • Билет элең жүрөк туйласа, Кымыздыктай болуп куураарым. Байкамаксан болосуң неге? Карап койчу сенден сураарым. Сөзгө сөздү араң уладым, Оо, Жами… Сага арнап төрт сап курадым, Ой, Жами… Угуп койчу махабат ырды, Сен үчүн деп ырдап турамын. Кайырма: Даңгыр жолдо араба айдап, оо, Жами, Жүрөк козгоп ырдап берейин, оо, Жами. Саманчынын жолун көрсөтүп, оо, Жами, Даниярың болоюн сенин, Болоюн сенин… Билемин мен уулуңду дагы, Колуңдагы шакегиң барын. Байкамаксан болосуң неге? Карап койчу мага бир, жаным. Эбептен мен себеп табамын, Бир күнү үйүңө мен кирип барамын. Ой, Жами… Жүрөктөгү болгон сырымды, Көздү жумуп айтып саламын. Кайырма:
  • Талкалап баарын бүттүң, Эң назик көңүлдөрдү. Текебер мүнөзүңө, Үмүттөр көмүлгөнбү? Үмүттөр көмүлгөнбү? Кайырма: Жүрөктөр сенсиз кагып. Ыйлады дагы, дагы. Кол шилтеп кете бердим. Кош эми сүйүү багы. Кош эми сүйүү багы. Мурдагы жакшы көрүү. Жашабайт сезимдерде. Кайрылып келбейм сага. Көз жашың төгүлгөндө. Көз жашың төгүлгөндө. Кайырма: Жүрөктөр сенсиз кагып. Ыйлады дагы, дагы. Кол шилтеп кете бердим. Кош эми сүйүү багы. Кош эми сүйүү багы. А азыр башка менин, Жанымдай сүйгөн жарым. Түбөлүк коштошомун, Мени эстеп кайгырбагын. Мени эстеп кайгырбагын. Кайырма: Жүрөктөр сенсиз кагып. Ыйлады дагы, дагы. Кол шилтеп кете бердим. Кош эми сүйүү багы. Кош эми сүйүү багы. Жүрөктөр сенсиз кагып. Ыйлады дагы, дагы. Кол шилтеп кете бердим. Кош эми сүйүү багы. Кош эми сүйүү багы. Кош эми сүйүү багы.