Казахские песни Узбекские песни

Песня «Арманым»
исполнителя Арсен.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Муздак кадамым,
Жолуң издеп, жолукканда кандай пайда табамын?
Алыс карааның,
Сагынамын, бүтпөй келет арманым.
Жолуккан бактым,
Айтчы, неге соолуп калды гүлү күткөн таңдардын?
Тарттым азабым,
Табышкан күндөрүм билбей жалганын.
Кайырма:
Арманым,
Сага жете албай калып зар болдум.
Айласыздан таппай келем жолдорум,
Жүрөк ыйлап, сенсиз жалгыз калдым, жаным.
Кеттиң теңебей,
Сүйүүм күчөп таарынамын, тагдыр, себебин билбей.
Балким, сен мендей,
Жүргөндүрсүң күтүп сүйүүңдү сезбей.
Элесиң кетпей,
Оюм жетип, бирок, жаным, сага бир өзүм жетпей.
Жүрөктөн эңсей,
Жашап келем үмүт менен сени эстей…
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Ай асмандай бийиксиң, Алыстан мен аярлайм. Асылдыктын бирисиң, Айта албаймын, абайлайм. Жаралгансың ким үчүн? Жаздын жарык күнүндөй, Жылмайганың, күлүшүң, Жарык чачат күлүңдөй. Кайырма: Жаным деп, Айткым келет мен тажабай, Жамалыңа зар болуп, Жалооруймун баладай. Жан дүйнөмдү эңсетип, Жаным, менден алыссың. Туң сүйүүмдүн эркеси, Түштө көргөн жарыксың. Кезиккенбиз капыстан, Ошол күнүм арманбы? Жетпей сага ашыккан, Махабатым жалганбы? Кайырма: Кайгырамын таба албай, Кайдан издеп барам, ай? Дүйнө кезип издесем, Кезикпедиң сен мага. Кайырма:
  • Жетелешип, жыргап жүргөн биз элек, Ашык болуп өрттөй күйүп кызыгып. Жүзүң жарык жанып турса мен жыргайм, Бүт ааламдан тартууланып сулуулук. Кайырма: Аткан ай таңдардай, Кыялым күчөйт кайталай. Маңдайга жазгандай, Жолугуп калдык байкабай. Бирге биздин тагдыр жолу жазылып, Өмүрүбүз таттуу болуп калса дейм. Күлкүң шыңгыр булак суудай агылып, Булбул сүйгөн жаздын жери келгендей. Кайырма:
  • Таарынба, садагам, таарынба, Жалооруп сен мага кайгырба. Жанаша сен басып ал менен, Көңүлдү сен антип калтырба. Тигилип карадың көзүмө, Кечир деп ыйладың өкүнө. Ошондо сенин сөзүңдү угуп, Калтырап кеттим мен буулугуп. Себебин уктум мен акыры, Ата-энең бербептир тагдырды. Болтуруп сени башка менен, Кайгыга мени ай калтырды. Таарынба, садагам, таарынба, Жалооруп сен мага кайгырба. Жанаша сен басып ал менен, Көңүлдү сен антип калтырба.
  • Жалындаган сүйүүмдү айта албаймын, Жан биргем,жоготуп сени алуудан корком. Жалынын жүрөгүмдүн байкабадың сен, Жалтанып көздөрүңдөн тайсалдаймын мен. Кайырма: Сезим мени азапка салды, Кыйнады, сыздатты. Эңсеп сени уйкусуз түндө, Көз жашым тыйбадым. Башканын сүйгөнүсүң Аны билем. Өзгөрбөс сезимим бар Өзүң деген. Жалынын жүрөгүмдүн, Байкабадың сен. Жалтанып көздөрүңдөн, Тайсалдаймын мен. Кайырма: Тагдырым сүйүү менен сынады, Махабатым кыйнады Сага жетпей. Кайырма:
  • Көңүлүм соолубайт, Кыялдар түбөлүк, Кызыл күн батканда. Жылдызым түгөнбөй, Түн кетип жанымдан, Ак таңдар атканда Жараткан жазганы, Буйруган өзүмө. Бактымды тапканда, Жомокко айланып, Бакыттын байрагы, Желбирейт асманда Түгөнбөгөн сүйүү болсо гана сенин жолуңда, Өмүрдүн кызыл гүлү түбөлүккө соолуба Бакытым колуңда Жарыгым жолуңда. Айланып ар бир күнүм Тирүүлүктүн жомогуна Кармадым колума, Бакыттын байрагы Азаптар отунда, жомогунда. Кайгылар баспаган, Көңүлдү муздаткан Карангы түндөрдү Жаштыктын илеби Толтурган бакытка Жалындуу дүйнөмдү Кубанам ар дайым, Бакыттын байрагы Арманым түгөндү, Ар күнү тагдырлар Өзүмө тартуулайт Бактылуу күндөрдү Түгөнбөгөн сүйүү болсо гана сенин жолуңда, Өмүрдүн кызыл гүлү түбөлүккө соолуба Бакытым колуңда Жарыгым жолуңда. Айланып ар бир күнүм Тирүүлүктүн жомогуна Кармадым колума, Бакыттын байрагы Азаптар отунда, жомогунда.