Казахские песни Узбекские песни

Песня «Тентек кыз»
исполнителя Чынгыз Турдубеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ойноп бир жүрсөң көчөдө
Моюн бербей өзгөгө
Бардыгынан өзгөчө, эй болуп өзгөчө
Курбуларың окшош баарысы
Көңүл бурса жашы карысы
Ошол сага көңүл дарысы, эй көңүл дарысы
Тентек кызсың жаның такыр тынбаган
Эч бир сөздү укпай жанды кыйнаган
Кылыктарың жүрөктү туйлаткан
Ишти кылып акылга сыйбаган
Айланаңды эч эле сыйлабаган
Өзүмчүлсүң эч бир эле укпаган
Таянып сулуулугуңа
Атааңдашып курбуңа
Сак бол жашоо жолунда, эй жашоо жолунда
Татынакай кызсың сонун да
Туура ойлонгун жаштыгыңда
Жарашпайт бул аялзатына, эй аял затына
Ата энең жакындарың эмне десе укпайсың
Көчө десе клуб десе жанталашып чуркайсың
Интернеттен көргөзөсүң жыпжылаңач денеңди
Инстаграммда тиктокто телефондо жашайсың
Аялзаты сен бийиксиң сен барктагын атыңды
Сен ыйыксың, сен асылсың, алыс кылган жакынды
Ук сен ойлон келечекте энесиң
Сен сактайсың ыйманды да урпактарын кыргызды

Другие песни исполнителя:

  • Алыстап менден керемет Үстүмдөн муздак себелеп Дүйнөнүн сырын көтөрүп Өзүмдү турам жемелеп Айрылып сенден калдымбы? Өзүңдөн аздымбы? Унутуп эми калдыңбы? Эмнеден жаздымбы? Садагам сенден азмынбы? Өткөрүп күндөр тереңдеп Беришип сөздөр бекемдеп Коштоштук баары бүткөндөй Каректе калды элестер Айрылып сенден калдымбы? Өзүңдөн аздымбы? Унутуп эми калдыңбы? Эмнеден жаздымбы? Садагам сенден азмынбы? Айрылып сенден калдымбы? Өзүңдөн аздымбы? Унутуп эми калдыңбы? Эмнеден жаздымбы? Садагам сенден азмынбы? Садагам сенден азмынбы?
  • Өзүңө тартып, сөздөрүң менен Күч ала берет, жан дүйнөм сенден Сезимим жанып, бир өзүң деген Көңүлдү эзип, мүнөзүң сенин Жароокеримсиң, жайдарым менин Айтылып бүтпөс, тунугум сенсиң Көңүлдөгү арзуум сендик болуп сакталган Сага гана арналган Ак сүйүүмдүн гүлү бир сен үчүн ачылган Жытын сага арнаган Сен деп жашаган Тартасың жумшак, мамилең менен Жылмайганыңдан, жылуулук берген Сүйүүмдүн өзүң, себеби белең Өзүңө болгон сезимим менен Өрттү да, сууну, шамалды кесем Ушул сезимдер уланса экен Көңүлдөгү арзуум сендик болуп сакталган Сага гана арналган Ак сүйүүмдүн гүлү бир сен үчүн ачылган Жытын сага арнаган Сен деп жашаган Көңүлдөгү арзуум сендик болуп сакталган Сага гана арналган Ак сүйүүмдүн гүлү бир сен үчүн ачылган Жытын сага арнаган Сен деп жашаган Көңүлдөгү арзуум сендик болуп сакталган Сага гана арналган Ак сүйүүмдүн гүлү бир сен үчүн ачылган Жытын сага арнаган Сен деп жашаган
  • Ак куудай Сулуусуңар силер жаркырай Оттой кыргыз кызы жалындай Ай чырай Өрмө чачтары, керме каштары Чырайлуу кыргыз кыздары Наздуу көрүнөт, нуру төгүлөт Ийилип кымыз сунганы Туусу силерде, салты силерде Кыргыздын сыры, баяны Берип милдетти, курчап силерди Энелик асыл ыйманы Ак куудай Сулуусуңар силер жаркырай Оттой кыргыз кызы жалындай Ай чырай Назик чырайы, гүлдөй жамалы Мөлтүрөп тунук кыялы Жаркын маанайы, шаттуу жайдары Кыргыздын асыл тумары Туусу силерде, салты силерде Кыргыздын сыры, баяны Берип милдетти, курчап силерди Энелик асыл ыйманы Ак куудай Сулуусуңар силер жаркырай Оттой кыргыз кызы жалындай Ай чырай Ак куудай Сулуусуңар силер жаркырай Оттой кыргыз кызы жалындай Ай чырай Ак куудай Сулуусуңар силер жаркырай Оттой кыргыз кызы жалындай Ай чырай
  • Сен далилдеп өмүрдө аруулуктун бардыгын Сен келгени өзгөрдүм узап менден кайгы муң Арзуу кылган асылды араң издеп тапканда Кайра эски күйүткө кептей көрбө тагдырым Эркелетип сени жетелеп Жүргүм келет бакта сейилдеп Махабатка толгон сезимдин Шамалына желбиреп Эркелетип сени жетелеп Жүргүм келет бакта сейилдеп Махабатка толгон сезимдин Шамалына желбиреп Өкүнүчтүн дубалын кирип келдиң кулатып Өксүгү көп дүйнөмдү алдын өзүң жубатып Өйдө ылдый турмуштун чоң жолуна түшкөндө Өзүң кайра кол үзүп кетпейсиңби кууратып? Эркелетип сени жетелеп Жүргүм келет бакта сейилдеп Махабатка толгон сезимдин Шамалына желбиреп Эркелетип сени жетелеп Жүргүм келет бакта сейилдеп Махабатка толгон сезимдин Шамалына желбиреп Эркелетип сени жетелеп Жүргүм келет бакта сейилдеп Махабатка толгон сезимдин Шамалына желбиреп Эркелетип сени жетелеп Жүргүм келет бакта сейилдеп Махабатка толгон сезимдин Шамалына желбиреп Махабатка толгон сезимдин Шамалына желбиреп