Казахские песни Узбекские песни

Песня «Бишкек кечи»
исполнителя Чынгыз Турдубеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Тандалып борбор аталган
Улутумдун туусу сенсиң жайнаган
Төгүлүп турат берекең
Келишип көркүңө атың жарашкан
Ажайып турсаң жан тартам
Кооздугуңдан айланам
Бишкегимдин кечи
Жайнап турат жаркып, жаштык деми
Бишкегимдин кечи
Өнүгүүдө өсүп, гүлдөй берчи
Бишкек кечи
Сейилдеп чыксаң керемет
Кечкисин кучагыңдан нур себелеп
Кыргызым үчүн турпатың
Кубулуп турасың шаңга жетелеп
Ааламга жетсин атагың
Нечен кылымдар жиреп
Бишкегимдин кечи
Жайнап турат жаркып, жаштык деми
Бишкегимдин кечи
Өнүгүүдө өсүп, гүлдөй берчи
Бишкек кечи
Бишкегимдин кечи
Жайнап турат жаркып, жаштык деми
Бишкегимдин кечи
Өнүгүүдө өсүп, гүлдөй берчи
Бишкегимдин кечи
Жайнап турат жаркып, жаштык деми
Бишкегимдин кечи
Өнүгүүдө өсүп, гүлдөй берчи
Бишкек кечи

Другие песни исполнителя:

  • Жаркыган айдын нурунан Издеймин сени берметим Жымыңдап жылдыздар турса Сен деймин кичинекейим Сен деймин кичинекейим Керексиң сен мага керексиң Кубаныч тартуулап келесиң Керексиң сен мага керексиң Өмүргө арналган белексиң Кыялың нурлуу күндөйүм Асмандай тунук мүнөзүң Дүйнөдө табылгыс эркем Алтыным назик гүлдөйүм Алтыным назик гүлдөйүм Керексиң сен мага керексиң Кубаныч тартуулап келесиң Керексиң сен мага керексиң Өмүргө арналган белексиң Керексиң сен мага керексиң Кубаныч тартуулап келесиң Керексиң сен мага керексиң Өмүргө арналган белексиң Керексиң сен мага керексиң Кубаныч тартуулап келесиң Керексиң сен мага керексиң Өмүргө арналган белексиң
  • Туулуп өскөн асыл жерим Тоолоруңду мен издеймин Сулуулугуң суктандырат Кубулжуган ыйык жерим Менин Алайым Жериң кооз дайым Салкын абаңдан Мен магдыраймын Менин Алайым Жериң кооз дайым Салкын абаңдан Мен магдыраймын Ата бабам өткөн жерим Алымбек датка өскөн жерим Коргоп элин душмандардан Курманжан эне чыккан жерим Менин Алайым Жериң кооз дайым Салкын абаңдан Мен магдыраймын Менин Алайым Жериң кооз дайым Салкын абаңдан Мен магдыраймын Көрбөй калсам сагынамын Көркөмүңө зарыгамын Көп жерлерде жүрсөм дагы Көрүнбөйт го сендей баары Менин Алайым Жериң кооз дайым Салкын абаңдан Мен магдыраймын Менин Алайым Жериң кооз дайым Салкын абаңдан Мен магдыраймын Салкын абаңдан Мен магдыраймын Менин Алайым
  • Жалгыздап күндөрүм бүткөндөй Суусаймын негедир күткөндөй Бушайман тартып бир көңүлүм Суусу жок дарактын бүрүндөй Үмүтүм үзүлгөндөй Эстебей өзүңдү турсам да Көңүлүм башкага бурсам да Жалгыздык желкелейт мойнумда Эстебей өзүңдү турсам да Көңүлүм башкага бурсам да Жалгыздык желкелейт мойнумда Өткөргөн ошондо сен менен Күндөрдө жүрүпмүн дем менен Ал кезде бактылуу жүрсөм да Артымда калды го жел менен Ал күндөргө жетпей мен Эстебей өзүңдү турсам да Көңүлүм башкага бурсам да Жалгыздык желкелейт мойнумда Эстебей өзүңдү турсам да Көңүлүм башкага бурсам да Жалгыздык желкелейт мойнумда Эстебей өзүңдү турсам да Көңүлүм башкага бурсам да Жалгыздык желкелейт мойнумда Эстебей өзүңдү турсам да Көңүлүм башкага бурсам да Жалгыздык желкелейт мойнумда Жалгыздык желкелейт мойнумда
  • Бирөөгө кор болбой тосуп таңды Башыңды көтөрүп жүргөн жакшы Болсоң да өлбөстөй бул дүйнөдө Адамдар адамдай болгон жакшы Болсоң да өлбөстөй бул дүйнөдө Адамдар адамдай болгон жакшы Байлыгың кол жеткис болсо дагы Денсоолук болбосо кеппи баары Ата энең, жакындар, өзүң аман Байлыгың ушулар болгон жакшы Ата энең, жакындар, өзүң аман Байлыгың ушулар болгон жакшы Кээ бири бактым деп өзүн алдайт Байлык бар, адамдык касиет жок Кээ бири шүгүр деп жака кармайт Байлык жок, жашоодо көңүлү ток Кээ бири шүгүр деп жака кармайт Байлык жок, жашоодо көңүлү ток Канчалык сыноолор болсо дагы Жашоодо сый урмат болгон жакшы Денеде оорулар болсо дагы Көңүлдөр оорушпай жүргөн жакшы Денеде оорулар болсо дагы Көңүлдөр оорушпай жүргөн жакшы Денеде оорулар болсо дагы Көңүлдөр оорушпай жүргөн жакшы Адамдар адамдай болгон жакшы