Казахские песни Узбекские песни

Песня «Мезгил учат»
исполнителя Чынгыз Турдубеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жашоо нугу шаркырап
Агымдай агылат
Жашоо бирде кайгыртып
Ар кандай ойго батырат
Бир туруп көңүл кубантып талпынтат
Күндөр узап, мезгил учат
Сапар тартып өтөт убак
Жылдар узап, мезгил учат
Келечекке жайып кучак
Болсо дейли өмүр узак
Жашоо деген биз үчүн
Берилген белекпи?
Жашоо үчүн убакты
Табылгыс кылып бергенби?
Жаңырып мезгил уланып келеби?
Күндөр узап, мезгил учат
Сапар тартып өтөт убак
Жылдар узап, мезгил учат
Келечекке жайып кучак
Болсо дейли өмүр узак
Күндөр узап, мезгил учат
Сапар тартып өтөт убак
Жылдар узап, мезгил учат
Келечекке жайып кучак
Болсо дейли өмүр узак
Болсо дейли өмүр узак

Другие песни исполнителя:

  • Жалгыздап күндөрүм бүткөндөй Суусаймын негедир күткөндөй Бушайман тартып бир көңүлүм Суусу жок дарактын бүрүндөй Үмүтүм үзүлгөндөй Эстебей өзүңдү турсам да Көңүлүм башкага бурсам да Жалгыздык желкелейт мойнумда Эстебей өзүңдү турсам да Көңүлүм башкага бурсам да Жалгыздык желкелейт мойнумда Өткөргөн ошондо сен менен Күндөрдө жүрүпмүн дем менен Ал кезде бактылуу жүрсөм да Артымда калды го жел менен Ал күндөргө жетпей мен Эстебей өзүңдү турсам да Көңүлүм башкага бурсам да Жалгыздык желкелейт мойнумда Эстебей өзүңдү турсам да Көңүлүм башкага бурсам да Жалгыздык желкелейт мойнумда Эстебей өзүңдү турсам да Көңүлүм башкага бурсам да Жалгыздык желкелейт мойнумда Эстебей өзүңдү турсам да Көңүлүм башкага бурсам да Жалгыздык желкелейт мойнумда Жалгыздык желкелейт мойнумда
  • Өзүң болсоң дагы жанымда Өзүң жок болсоң да жанымда Күйүт күчөй берип арзуумда Сүйүүдөн жүдөдүм Өзүң болсоң дагы жанымда Өзүң жок болсоң да жанымда Күйүт күчөй берип арзуумда Сүйүүдөн жүдөдүм Тынчтанбай жүрөгүм Оорутуп көңүлүм Же башка дүйнөдө Кайсыл жерде жүрөмүн, жүдөдүм Дүр болуп дүнүйөм Качан кутулам күйүттөн Өзүң болсоң дагы жанымда Өзүң жок болсоң да жанымда Күйүт күчөй берип арзуумда Сүйүүдөн жүдөдүм Кол сунсам бактыма Үйүлүп дартым да Ишенбей тагдырга Түшүнө албай келемин кайгыма Дүр болуп дүнүйөм Качан кутулам күйүттөн Өзүң болсоң дагы жанымда Өзүң жок болсоң да жанымда Күйүт күчөй берип арзуумда Сүйүүдөн жүдөдүм Дүр болуп дүнүйөм Качан кутулам күйүттөн Өзүң болсоң дагы жанымда Өзүң жок болсоң да жанымда Күйүт күчөй берип арзуумда Сүйүүдөн жүдөдүм Өзүң болсоң дагы жанымда Өзүң жок болсоң да жанымда Күйүт күчөй берип арзуумда Сүйүүдөн жүдөдүм
  • Максатыма толук жеталбай Тагдырым жолун чечалбай Эми сенден азыр алысмын Өзүңдү көралбай Өкүнүчтөр курчап тунук сезимди Күтүлбөгөн убак бизге кезикти Мен да кыйнап сени Сен да кыйнап мени Неге жүрдүк билбеймин деги? Мен да кыйнап сени Сен да кыйнап мени Неге жүрдүк билбеймин деги? Нечен күндөр өтүп жаңырып Ортобузда сүйүү нурданып Эми мынтип айлам түгөнүп Калдым го айрылып Өкүнүчтөр курчап тунук сезимди Күтүлбөгөн убак бизге кезикти Мен да кыйнап сени Сен да кыйнап мени Неге жүрдүк билбеймин деги? Мен да кыйнап сени Сен да кыйнап мени Неге жүрдүк билбеймин деги? Мен да кыйнап сени Сен да кыйнап мени Неге жүрдүк билбеймин деги? Мен да кыйнап сени Сен да кыйнап мени Неге жүрдүк билбеймин деги? Неге жүрдүк билбеймин деги?
  • Бирөөгө кор болбой тосуп таңды Башыңды көтөрүп жүргөн жакшы Болсоң да өлбөстөй бул дүйнөдө Адамдар адамдай болгон жакшы Болсоң да өлбөстөй бул дүйнөдө Адамдар адамдай болгон жакшы Байлыгың кол жеткис болсо дагы Денсоолук болбосо кеппи баары Ата энең, жакындар, өзүң аман Байлыгың ушулар болгон жакшы Ата энең, жакындар, өзүң аман Байлыгың ушулар болгон жакшы Кээ бири бактым деп өзүн алдайт Байлык бар, адамдык касиет жок Кээ бири шүгүр деп жака кармайт Байлык жок, жашоодо көңүлү ток Кээ бири шүгүр деп жака кармайт Байлык жок, жашоодо көңүлү ток Канчалык сыноолор болсо дагы Жашоодо сый урмат болгон жакшы Денеде оорулар болсо дагы Көңүлдөр оорушпай жүргөн жакшы Денеде оорулар болсо дагы Көңүлдөр оорушпай жүргөн жакшы Денеде оорулар болсо дагы Көңүлдөр оорушпай жүргөн жакшы Адамдар адамдай болгон жакшы