Казахские песни Узбекские песни

Песня «Окуучу»
исполнителя Чынгыз Турдубеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Окуу күнү башталганда жаңыдан
Кармап барып ата-энемдин колунан
Ал күндөрүм айтып бүтпөс керемет
Албырып мен мектебимди аттаган
Ал күндөрүм айтып бүтпөс керемет
Албырып мен мектебимди аттаган
Биз ал кезде окуучу
Бир партада отурчу
Аттиң ошол алтын жолдору
Биз ал кезде окуучу
Бир мектепте окучу
Эстегенде жүрөк толкуду
Он бир жылда бир окуган классташым
Ошол мектеп, эжейлерим, агайым
Баарыңарды эстегенде сагынам
Бактылуулук бала күндөр таңшыган
Баарыңарды эстегенде сагынам
Бактылуулук бала күндөр таңшыган
Биз ал кезде окуучу
Бир партада отурчу
Аттиң ошол алтын жолдору
Биз ал кезде окуучу
Бир мектепте окучу
Эстегенде жүрөк толкуду
Биз ал кезде окуучу
Бир партада отурчу
Аттиң ошол алтын жолдору
Биз ал кезде окуучу
Бир мектепте окучу
Эстегенде жүрөк толкуду
Эстегенде жүрөк толкуду

Другие песни исполнителя:

  • Өзүңө тартып, сөздөрүң менен Күч ала берет, жан дүйнөм сенден Сезимим жанып, бир өзүң деген Көңүлдү эзип, мүнөзүң сенин Жароокеримсиң, жайдарым менин Айтылып бүтпөс, тунугум сенсиң Көңүлдөгү арзуум сендик болуп сакталган Сага гана арналган Ак сүйүүмдүн гүлү бир сен үчүн ачылган Жытын сага арнаган Сен деп жашаган Тартасың жумшак, мамилең менен Жылмайганыңдан, жылуулук берген Сүйүүмдүн өзүң, себеби белең Өзүңө болгон сезимим менен Өрттү да, сууну, шамалды кесем Ушул сезимдер уланса экен Көңүлдөгү арзуум сендик болуп сакталган Сага гана арналган Ак сүйүүмдүн гүлү бир сен үчүн ачылган Жытын сага арнаган Сен деп жашаган Көңүлдөгү арзуум сендик болуп сакталган Сага гана арналган Ак сүйүүмдүн гүлү бир сен үчүн ачылган Жытын сага арнаган Сен деп жашаган Көңүлдөгү арзуум сендик болуп сакталган Сага гана арналган Ак сүйүүмдүн гүлү бир сен үчүн ачылган Жытын сага арнаган Сен деп жашаган
  • Бирөөгө кор болбой тосуп таңды Башыңды көтөрүп жүргөн жакшы Болсоң да өлбөстөй бул дүйнөдө Адамдар адамдай болгон жакшы Болсоң да өлбөстөй бул дүйнөдө Адамдар адамдай болгон жакшы Байлыгың кол жеткис болсо дагы Денсоолук болбосо кеппи баары Ата энең, жакындар, өзүң аман Байлыгың ушулар болгон жакшы Ата энең, жакындар, өзүң аман Байлыгың ушулар болгон жакшы Кээ бири бактым деп өзүн алдайт Байлык бар, адамдык касиет жок Кээ бири шүгүр деп жака кармайт Байлык жок, жашоодо көңүлү ток Кээ бири шүгүр деп жака кармайт Байлык жок, жашоодо көңүлү ток Канчалык сыноолор болсо дагы Жашоодо сый урмат болгон жакшы Денеде оорулар болсо дагы Көңүлдөр оорушпай жүргөн жакшы Денеде оорулар болсо дагы Көңүлдөр оорушпай жүргөн жакшы Денеде оорулар болсо дагы Көңүлдөр оорушпай жүргөн жакшы Адамдар адамдай болгон жакшы
  • Сен далилдеп өмүрдө аруулуктун бардыгын Сен келгени өзгөрдүм узап менден кайгы муң Арзуу кылган асылды араң издеп тапканда Кайра эски күйүткө кептей көрбө тагдырым Эркелетип сени жетелеп Жүргүм келет бакта сейилдеп Махабатка толгон сезимдин Шамалына желбиреп Эркелетип сени жетелеп Жүргүм келет бакта сейилдеп Махабатка толгон сезимдин Шамалына желбиреп Өкүнүчтүн дубалын кирип келдиң кулатып Өксүгү көп дүйнөмдү алдын өзүң жубатып Өйдө ылдый турмуштун чоң жолуна түшкөндө Өзүң кайра кол үзүп кетпейсиңби кууратып? Эркелетип сени жетелеп Жүргүм келет бакта сейилдеп Махабатка толгон сезимдин Шамалына желбиреп Эркелетип сени жетелеп Жүргүм келет бакта сейилдеп Махабатка толгон сезимдин Шамалына желбиреп Эркелетип сени жетелеп Жүргүм келет бакта сейилдеп Махабатка толгон сезимдин Шамалына желбиреп Эркелетип сени жетелеп Жүргүм келет бакта сейилдеп Махабатка толгон сезимдин Шамалына желбиреп Махабатка толгон сезимдин Шамалына желбиреп
  • Опаасыз өткөн күндөр бир өзүңдө Оболоп күүгө келип көмөкөйүм Оролуп ойлорумдун тирөөчүнө Ойготтуң сезимимди, жөнөкөйүм Эй, жөнөкөйүм, ой, жөнөкөйүм Ойготтуң сезимимди, жөнөкөйүм Эй, жөнөкөйүм, ой, жөнөкөйүм Ойготтуң сезимимди, жөнөкөйүм Жүрөгүм бүлүктөнбөй бейкуттанып Жүргөндө махабаттан ыраакталып Жолугуп мен өзүңө калдым капыс Кылгырган көздөрүңө кынапталып Эй, жөнөкөйүм, ой, жөнөкөйүм Кылгырган көздөрүңө кынапталып Эй, жөнөкөйүм, ой, жөнөкөйүм Кылгырган көздөрүңө кынапталып Баам салып алдыртадан бир өзүңө Баа бердим жөнөкөйлүк мүнөзүңө Таптым деп кыялдагы адамымды Таалайдын гүлү өңдүү жүрөгүмө Эй, жөнөкөйүм, ой, жөнөкөйүм Таалайдын гүлү өңдүү жүрөгүмө Эй, жөнөкөйүм, ой, жөнөкөйүм Таалайдын гүлү өңдүү жүрөгүмө Эй, жөнөкөйүм, ой, жөнөкөйүм Таалайдын гүлү өңдүү жүрөгүмө Эй, жөнөкөйүм, ой, жөнөкөйүм Таалайдын гүлү өңдүү жүрөгүмө