Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жөнөкөйүм»
исполнителя Чынгыз Турдубеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Опаасыз өткөн күндөр бир өзүңдө
Оболоп күүгө келип көмөкөйүм
Оролуп ойлорумдун тирөөчүнө
Ойготтуң сезимимди, жөнөкөйүм
Эй, жөнөкөйүм, ой, жөнөкөйүм
Ойготтуң сезимимди, жөнөкөйүм
Эй, жөнөкөйүм, ой, жөнөкөйүм
Ойготтуң сезимимди, жөнөкөйүм
Жүрөгүм бүлүктөнбөй бейкуттанып
Жүргөндө махабаттан ыраакталып
Жолугуп мен өзүңө калдым капыс
Кылгырган көздөрүңө кынапталып
Эй, жөнөкөйүм, ой, жөнөкөйүм
Кылгырган көздөрүңө кынапталып
Эй, жөнөкөйүм, ой, жөнөкөйүм
Кылгырган көздөрүңө кынапталып
Баам салып алдыртадан бир өзүңө
Баа бердим жөнөкөйлүк мүнөзүңө
Таптым деп кыялдагы адамымды
Таалайдын гүлү өңдүү жүрөгүмө
Эй, жөнөкөйүм, ой, жөнөкөйүм
Таалайдын гүлү өңдүү жүрөгүмө
Эй, жөнөкөйүм, ой, жөнөкөйүм
Таалайдын гүлү өңдүү жүрөгүмө
Эй, жөнөкөйүм, ой, жөнөкөйүм
Таалайдын гүлү өңдүү жүрөгүмө
Эй, жөнөкөйүм, ой, жөнөкөйүм
Таалайдын гүлү өңдүү жүрөгүмө

Другие песни исполнителя:

  • Аттанып максат коюп Окуйм деп үмүт менен Маңызы келечектин Бакыты бул күн экен Өмүрдүн даңгыр жолу Келечектин оболу Ушул күндөн башталат Студенттик күндөрүм ай Жаштыктын жыргалы ай Алтындай кызык шайыр кездерге бай Студенттик күндөрүм ай Өмүрдүн гүлдөрү ай Жашоодо маанилүү кез, кең асмандай Досту да сүйүүнү да Табасың бул күндө сен Табылгыс алтын убак Студенттик күндөр экен Өмүрдүн даңгыр жолу Келечектин оболу Ушул күндөн башталат Студенттик күндөрүм ай Жаштыктын жыргалы ай Алтындай кызык шайыр кездерге бай Студенттик күндөрүм ай, күндөрүм ай Өмүрдүн гүлдөрү ай, гүлдөрү ай Жашоодо маанилүү кез, кең асмандай Өмүрдүн даңгыр жолу Келечектин оболу Ушул күндөн башталат Студенттик күндөрүм ай Жаштыктын жыргалы ай Алтындай кызык шайыр кездерге бай Студенттик күндөрүм ай Өмүрдүн гүлдөрү ай Жашоодо маанилүү кез, кең асмандай Студенттик күндөрүм ай Жаштыктын жыргалы ай Алтындай кызык шайыр кездерге бай Студенттик күндөрүм ай, күндөрүм ай Өмүрдүн гүлдөрү ай, гүлдөрү ай Жашоодо маанилүү кез, кең асмандай
  • Махабатым бир өзүңө Мөлтүр суудай агылган Азыр эми агымы жок Бүтүп баары соолуган Эмне үчүн же сынообу? Адам барбы мендей чалынган? Эми керегим жок эч кимге Эми билбейм сүйүү эмине Кечиргин деп кайрылып келбе Эми жүрөк деген жок менде Бир кездерде жүрчү элең Менсиз күндөр өтпөстөй Мага болгон сезимиңдин Нуру жанып бүтпөстөй Түшүнбөдүм күтүлбөгөн Азап күндөр койду түгөнбөй
  • Тандалып борбор аталган Улутумдун туусу сенсиң жайнаган Төгүлүп турат берекең Келишип көркүңө атың жарашкан Ажайып турсаң жан тартам Кооздугуңдан айланам Бишкегимдин кечи Жайнап турат жаркып, жаштык деми Бишкегимдин кечи Өнүгүүдө өсүп, гүлдөй берчи Бишкек кечи Сейилдеп чыксаң керемет Кечкисин кучагыңдан нур себелеп Кыргызым үчүн турпатың Кубулуп турасың шаңга жетелеп Ааламга жетсин атагың Нечен кылымдар жиреп Бишкегимдин кечи Жайнап турат жаркып, жаштык деми Бишкегимдин кечи Өнүгүүдө өсүп, гүлдөй берчи Бишкек кечи Бишкегимдин кечи Жайнап турат жаркып, жаштык деми Бишкегимдин кечи Өнүгүүдө өсүп, гүлдөй берчи Бишкегимдин кечи Жайнап турат жаркып, жаштык деми Бишкегимдин кечи Өнүгүүдө өсүп, гүлдөй берчи Бишкек кечи
  • Ак куудай Сулуусуңар силер жаркырай Оттой кыргыз кызы жалындай Ай чырай Өрмө чачтары, керме каштары Чырайлуу кыргыз кыздары Наздуу көрүнөт, нуру төгүлөт Ийилип кымыз сунганы Туусу силерде, салты силерде Кыргыздын сыры, баяны Берип милдетти, курчап силерди Энелик асыл ыйманы Ак куудай Сулуусуңар силер жаркырай Оттой кыргыз кызы жалындай Ай чырай Назик чырайы, гүлдөй жамалы Мөлтүрөп тунук кыялы Жаркын маанайы, шаттуу жайдары Кыргыздын асыл тумары Туусу силерде, салты силерде Кыргыздын сыры, баяны Берип милдетти, курчап силерди Энелик асыл ыйманы Ак куудай Сулуусуңар силер жаркырай Оттой кыргыз кызы жалындай Ай чырай Ак куудай Сулуусуңар силер жаркырай Оттой кыргыз кызы жалындай Ай чырай Ак куудай Сулуусуңар силер жаркырай Оттой кыргыз кызы жалындай Ай чырай
  • Билинбей күндөр узап, Сагынычым үмүт менен жол карап. Жалындап күйүп-жанат, Көңүлдөгү жандырмаксыз табышмак. Кезигүүнүн издеп келем айласын, Ойлор курчайт таппачудай пайдасын. Супсак сымал күңүрт алып айлана, Жалгызсырап буулугамын, кайдасың? Тамчылайм ак жамгырдай, Шаркыраймын көл издеген агындай. Асманда жалгыз куштай, Теңселемин шамал соккон булуттай Кезигүүнүн издеп келем айласын, Ойлор курчайт таппачудай пайдасын. Супсак сымал күңүрт алып айлана, Жалгызсырап буулугамын, кайдасың? Кезигүүнүн издеп келем айласын, Ойлор курчайт таппачудай пайдасын. Супсак сымал күңүрт алып айлана, Жалгызсырап буулугамын, кайдасың?