Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жүрөк тагы»
исполнителя Чынгыз Турдубеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Махабатым бир өзүңө
Мөлтүр суудай агылган
Азыр эми агымы жок
Бүтүп баары соолуган
Эмне үчүн же сынообу?
Адам барбы мендей чалынган?
Эми керегим жок эч кимге
Эми билбейм сүйүү эмине
Кечиргин деп кайрылып келбе
Эми жүрөк деген жок менде
Бир кездерде жүрчү элең
Менсиз күндөр өтпөстөй
Мага болгон сезимиңдин
Нуру жанып бүтпөстөй
Түшүнбөдүм күтүлбөгөн
Азап күндөр койду түгөнбөй

Другие песни исполнителя:

  • Билинбей күндөр узап Сагынычым үмүт менен жол карап Жалындап күйүп-жанат Көңүлдөгү жандырмаксыз табышмак Кезигүүнүн издеп келем айласын Ойлор курчайт таппачудай пайдасын Супсак сымал күңүрт алып айлана Жалгызсырап буулугамын, кайдасың? Тамчылай ак жамгырдай Шаркыраймын көл издеген агымдай Асманда жалгыз куштай Теңселемин шамал соккон булуттай Кезигүүнүн издеп келем айласын Ойлор курчайт таппачудай пайдасын Супсак сымал күңүрт алып айлана Жалгызсырап буулугамын, кайдасың? Кезигүүнүн издеп келем айласын Ойлор курчайт таппачудай пайдасын Супсак сымал күңүрт алып айлана Жалгызсырап буулугамын, кайдасың? Жалгызсырап буулугамын, кайдасың?
  • Бул дүйнө чындап жалганбы апа Үйрөтчү элең чындыкты гана Көрсө адамдар такшалган тура Куулукту билбей кыйналдым канча Колунда барга жакшы көрүнүп Дарманы жокту түртүп сөгүнүп Э адам чындык пейилиң кайда Көрүп чыдабайм жашым төгүлүп Кошомат кылып бардар адамга Керек да эмес бергениң ага Ошондон көрө байкушка кылсаң Тоюп калбайбы кардысы канча Адам адамды жеген заманбы Адамдык сапат эстен чыкканбы Бир башы үчүн өзгөнү кордоп Өзүмчүл болуп катып калганбы Кедери кетип чиренет баары Акылдуу болуп карыдан жашы Күн чыккан жердин тескейи болуп Кубулуп түрлүү жашап калганбы Чалынып калсаң шылдыңдап күлүп Турайын десең үстүңдөн түртүп Текеберчилик башкарып баарын Ак көңүлдүгүң бечара көрүп Ылгабай баарын адал арамды Кылаарын кылып шылтап заманды Акча дегенде өзүн жоготуп Алдап бир бирин өлүп барабы Зээни кейибей адам өлсө да Темирдей болуп жүрөк капкара Эмнени кылсаң эки эсе кылып Жооп берээр күн бар жашоо тараза Уюмдар чыкты бузуп ааламды Башын айлантып таза адамды Сыйынып отко ташка жансызга Унутуп жарык берген Кудайды Баарын туура деп ар бир тарапты Чындыкты айтпай колдоп жалганды Аалымдарыбыз сыйлаш ордуна Башкасы бүтүп жабып жаланы Кыз кейпин кийген эркек каптады Кайда эр жүрөк Манас урпагы Кыздары бүтүн кетип ыймандан Курманжан эне унутулганбы Оңололучу келчи тууганым Угуп койбостон ушунун баарын Канча жашасак эмне болсок да Адам атын эй сактап калалы Канча жашасак эмне болсок да Адам атын эй сактап калалы
  • Окуу күнү башталганда жаңыдан Кармап барып ата-энемдин колунан Ал күндөрүм айтып бүтпөс керемет Албырып мен мектебимди аттаган Ал күндөрүм айтып бүтпөс керемет Албырып мен мектебимди аттаган Биз ал кезде окуучу Бир партада отурчу Аттиң ошол алтын жолдору Биз ал кезде окуучу Бир мектепте окучу Эстегенде жүрөк толкуду Он бир жылда бир окуган классташым Ошол мектеп, эжейлерим, агайым Баарыңарды эстегенде сагынам Бактылуулук бала күндөр таңшыган Баарыңарды эстегенде сагынам Бактылуулук бала күндөр таңшыган Биз ал кезде окуучу Бир партада отурчу Аттиң ошол алтын жолдору Биз ал кезде окуучу Бир мектепте окучу Эстегенде жүрөк толкуду Биз ал кезде окуучу Бир партада отурчу Аттиң ошол алтын жолдору Биз ал кезде окуучу Бир мектепте окучу Эстегенде жүрөк толкуду Эстегенде жүрөк толкуду
  • Жаркырап жамалың Жаркылдак карагым Жан тартып өзүңө Жалооруп жан дүйнөм турамын Өзүңсүң кыялым Өзгөчөм тумарым Өрт болгон сезимге Кол булгап койсоң да калбаймын Жагымдуусуң менин чырагым Сен жанымда жүрсөң Жаркылдап бир күлсөң Бакыт го ошол ардагым Тирегимсиң жүргөн Чырагымсың күйгөн Жүрөктөн сүйүүм арнайын Мен үчүн периден Артыксың периштем Канатын калкалап Күнүгө күч алган арзуум сен Көңүлүм тилеген Сезимим издеген Керилип маралдай Көркүсүң айымдын келишкен Өмүрдө эңсеген теңим сен Сен жанымда жүрсөң Жаркылдап бир күлсөң Бакыт го ошол ардагым Тирегимсиң жүргөн Чырагымсың күйгөн Жүрөктөн сүйүүм арнайын Сен жанымда жүрсөң Жаркылдап бир күлсөң Бакыт го ошол ардагым Тирегимсиң жүргөн Чырагымсың күйгөн Жүрөктөн сүйүүм арнайын Сен жанымда жүрсөң Жаркылдап бир күлсөң Бакыт го ошол ардагым Тирегимсиң жүргөн Чырагымсың күйгөн Жүрөктөн сүйүүм арнайын