Казахские песни Узбекские песни

Песня «Өмүр сахна»
исполнителя Чынгыз Турдубеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кубаныч толгон, сүйүнүч болгон күндөр көп болсо
Ызага толгон, кусадар болгон үндөр жок болсо
Тирүүлүк деген, бул өзү майрам, чындап келгенде
А бирок аны түшүнө албай калабыз кээде
Бул өмүр чоң сахна, каалаган ролду аткара аласың
Оң же терс каарманды
Сценарий баарын өзүң жазасың
Автору сен гана, туура жолду танда
Өкүнүп арманда калба
Өмүрдүн гүлү жайнап турганда, жакшылык арна
Жүрөктө сүйүү жанып турганда, өчүрүп алба
Жаз болуп көктөп, жакшы сөз көксөп, жакының турса
Жылуу сөз арна, кайгыга салба, болгону гана
Бул өмүр чоң сахна, каалаган ролду аткара аласың
Оң же терс каарманды
Сценарий баарын өзүң жазасың
Автору сен гана, туура жолду танда
Өкүнүп арманда калба
Бул өмүр чоң сахна, каалаган ролду аткара аласың
Оң же терс каарманды
Сценарий баарын өзүң жазасың
Автору сен гана, туура жолду танда
Өкүнүп арманда калба
Бул өмүр чоң сахна, каалаган ролду аткара аласың
Оң же терс каарманды
Сценарий баарын өзүң жазасың
Автору сен гана, туура жолду танда
Өкүнүп арманда калба

Другие песни исполнителя:

  • Махабатым бир өзүңө Мөлтүр суудай агылган Азыр эми агымы жок Бүтүп баары соолуган Эмне үчүн же сынообу? Адам барбы мендей чалынган? Эми керегим жок эч кимге Эми билбейм сүйүү эмине Кечиргин деп кайрылып келбе Эми жүрөк деген жок менде Бир кездерде жүрчү элең Менсиз күндөр өтпөстөй Мага болгон сезимиңдин Нуру жанып бүтпөстөй Түшүнбөдүм күтүлбөгөн Азап күндөр койду түгөнбөй
  • Жүзүңдөн нурларың төгүлүп Кыялдуу сырларың көрүнүп Бир сен деп тынч албай көңүлүм Жан дүйнөм сен менен өзгөрүп Сезимим күчтөнүп Мен кыйналдым го мынча неге? Дарт сезимден да күчтүү беле? Эмнеге? Билбедим билбедим Башым катып кейидим Бакытты сүйүүнү Мен өзүңдөн издедим Сезбедиң Билбедим билбедим Башым катып кейидим Бакытты сүйүүнү Мен өзүңдөн издедим Сезбедиң Өзүңдү көргөндө бир ирет Айтууга тойбодум түрдүү кеп Ойлорум чачырап ар жака Шамалдай зуулдадым не себеп? Жылдызың жетелеп Мен кыйналдым го мынча неге? Дарт сезимден да күчтүү беле? Эмнеге? Билбедим билбедим Башым катып кейидим Бакытты сүйүүнү Мен өзүңдөн издедим Билбедим билбедим Башым катып кейидим Бакытты сүйүүнү Мен өзүңдөн издедим Сезбедиң Билбедим билбедим Башым катып кейидим Бакытты сүйүүнү Мен өзүңдөн издедим Билбедим билбедим Башым катып кейидим Бакытты сүйүүнү Мен өзүңдөн издедим Сезбедиң
  • Убак жылып алга Кадам таштап бир жылга Өткөн кезиң калды Кол булгалап артыңда Көп күндөр алдыда Өткөн кезге муңайба Курчап сени турсун Жакындарың дайыма Жараткан бөлөсүн бакытка Туулган күнүң менен Өздүк майрам бул деген Куттуктайбыз сени Аппак тилек ой менен Туулган күнүң менен Өздүк майрам бул деген Куттуктайбыз сени Аппак тилек ой менен Кабыл болсун бүтүн Тилектер бүт сен үчүн Өткөрөлү бирге Сен жаралган улук күн Каалоолорду арнап Көңүл ачып ыр ырдап Жакшылыктын баары Ар дайым турсун жандап Өмүр гүлүң жайнап жаркырап Туулган күнүң менен Өздүк майрам бул деген Куттуктайбыз сени Аппак тилек ой менен Туулган күнүң менен Өздүк майрам бул деген Куттуктайбыз сени Аппак тилек ой менен Өмүр гүлүң жайнап жаркырап Туулган күнүң менен Өздүк майрам бул деген Куттуктайбыз сени Аппак тилек ой менен Туулган күнүң менен Өздүк майрам бул деген Куттуктайбыз сени Аппак тилек ой менен
  • Аттанып максат коюп Окуйм деп үмүт менен Маңызы келечектин Бакыты бул күн экен Өмүрдүн даңгыр жолу Келечектин оболу Ушул күндөн башталат Студенттик күндөрүм ай Жаштыктын жыргалы ай Алтындай кызык шайыр кездерге бай Студенттик күндөрүм ай Өмүрдүн гүлдөрү ай Жашоодо маанилүү кез, кең асмандай Досту да сүйүүнү да Табасың бул күндө сен Табылгыс алтын убак Студенттик күндөр экен Өмүрдүн даңгыр жолу Келечектин оболу Ушул күндөн башталат Студенттик күндөрүм ай Жаштыктын жыргалы ай Алтындай кызык шайыр кездерге бай Студенттик күндөрүм ай, күндөрүм ай Өмүрдүн гүлдөрү ай, гүлдөрү ай Жашоодо маанилүү кез, кең асмандай Өмүрдүн даңгыр жолу Келечектин оболу Ушул күндөн башталат Студенттик күндөрүм ай Жаштыктын жыргалы ай Алтындай кызык шайыр кездерге бай Студенттик күндөрүм ай Өмүрдүн гүлдөрү ай Жашоодо маанилүү кез, кең асмандай Студенттик күндөрүм ай Жаштыктын жыргалы ай Алтындай кызык шайыр кездерге бай Студенттик күндөрүм ай, күндөрүм ай Өмүрдүн гүлдөрү ай, гүлдөрү ай Жашоодо маанилүү кез, кең асмандай
  • Туулуп өскөн асыл жерим Тоолоруңду мен издеймин Сулуулугуң суктандырат Кубулжуган ыйык жерим Менин Алайым Жериң кооз дайым Салкын абаңдан Мен магдыраймын Менин Алайым Жериң кооз дайым Салкын абаңдан Мен магдыраймын Ата бабам өткөн жерим Алымбек датка өскөн жерим Коргоп элин душмандардан Курманжан эне чыккан жерим Менин Алайым Жериң кооз дайым Салкын абаңдан Мен магдыраймын Менин Алайым Жериң кооз дайым Салкын абаңдан Мен магдыраймын Көрбөй калсам сагынамын Көркөмүңө зарыгамын Көп жерлерде жүрсөм дагы Көрүнбөйт го сендей баары Менин Алайым Жериң кооз дайым Салкын абаңдан Мен магдыраймын Менин Алайым Жериң кооз дайым Салкын абаңдан Мен магдыраймын Салкын абаңдан Мен магдыраймын Менин Алайым