Казахские песни Узбекские песни

Песня «Тамчы жаш»
исполнителя Аваз Акимов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Билинбестен мезгилдердин сынагын
Билбейм качан кайсы жолдон сурадым
Жетип келип колдон алды байкатпай
Алыкулдун ак боз атчан курагы

Кайырма:
Ай жылдарды аралады кошуп жаш
Кечээ гана турдум эле тосуп жаз
Куйгун чакты чакыргансыйт куз жака
Алыкулдун ак боз минген отуз жаш

Өмүр чиркин суудай экен агылган
Бүгүнкүдөн эртени көп жанырган
Алды кызык ар төгүнүп сезилип
Жаштык күндөр жазда калып сагынган

Кайырма:
Көлөкөсүн көргүм келбей жайдында
Көнүл кушун көктөм жыттуу айдында
Канча жашоо буйруганын ким билет
Калгым келет жашыл жаздын айдында

Жаштыгымды өмүрөлөп качырып
Туягынан данкандары чачылып
Алыстарга ала качат ак боз ат
Отуз жаштын тоолорунан ашырып

Другие песни исполнителя:

  • Болду, болду барбаймын. Сүйөмүн деп айтпаймын. Көңүл калды сүйгөнүм, сенден ардагым. Ушунчага бардыңбы? Таштап, кетип калдыңбы? Сүйгөн элем мен чындап, сени ардагым. Кайырма: Аппак сүйүүм сен гана. Ай Гүлдана, Гүлдана. Жүрөгүмдө эңсеген, сүйүүм сен гана… Ай, ай, ай, ай Гүлдана, Жүрөгүмдө эңсеген, сүйүүм сен гана… Жүрөгүмдө эңсеген, Чын сүйгөнүм сен элең. Ишеничти актабай, Кеттиң жан эркем. Мейли, мейли сүйбөгүн. Сен да ээрчип жүрбөгүн. Боло албадың Гүлдана, менин түгөйүм… Кайырма: Болду, болду барбаймын. Сүйөмүн деп айтпаймын. Көңүл калды сүйгөнүм, сенден ардагым. Ушунчага бардыңбы? Таштап, кетип калдыңбы? Сүйгөн элем мен чындап, сени ардагым.