Казахские песни Узбекские песни

Аваз Акимов.
 Слушать песни исполнителя и скачать онлайн

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

Аваз Акимов

  • Жайдын бир мезгилинде Адырлуу тоонун бетинде Сан гүлдөн тандап үзгөн Жайдары селки эсимде Өзүмдү сага берем деп Өмүрдүн гүлүн терем деп Сүйлөшкөн күндөр эсте Турмуштун сыры тереңдеп Агарып таңдар аткан Суюлуп жылдыз баткан Калдыго бекен эсиңде Кыйышпай көз карашкан Антыңды ойлоп таңда Көңүлүм сенден дайыма Азыркы шайыр жаштар Өзүңдөн болсун дайыма Жайдын бир мезгилинде Адырлуу тоонун бетинде Сан гүлдөн тандап үзгөн Жайдары селкисинде Өзүмдү сага берем деп Өмүрдүн гүлүн терем деп Сүйлөшкөн күндөр эсте Турмуштун сыры тереңдеп Агарып таңдар аткан Суюлуп жылдыз баткан Калдыго бекен эсиңде Кыйышпай көз карашкан Антыңды ойлоп таңда Көңүлүм сенден дайыма Азыркы шайыр жаштар Өзүңдөн болсун дайыма Жайдын бир мезгилинде Адырлуу тоонун бетинде Сан гүлдөн тандап үзгөн Жайдары селкисинде Өзүмдү сага берем деп Өмүрдүн гүлүн терем деп Сүйлөшкөн күндөр эсте Турмуштун сыры тереңдеп Жайдын бир мезгилинде Адырлуу тоонун бетинде Сан гүлдөн тандап үзгөн Жайдары селкисинде Өзүмдү сага берем деп Өмүрдүн гүлүн терем деп Сүйлөшкөн күндөр эсте Турмуштун сыры тереңдеп Агарып таңдар аткан Суюлуп жылдыз баткан Калдыго бекен эсиңде Кыйышпай көз карашкан Антыңды ойлоп таңда Көңүлүм сенден дайыма Азыркы шайыр жаштар Өзүңдөн болсун дайыма
  • Туугандарым, сүйүнчү! Бүгүн биздин үйдө, Уул бала төрөлдү, Теңдеши жок күнгө. Апа сүтүн аймалап эмгениңди көрөйүн, Ата атын чапкылап мингениңди көрөйүн, Муйдусунан өбөйүн. Кайырма: Апасынын баласы, Атасынын баласы, Өсө бергин чоңоюп , Тийсин элдин батасы. Карап, карап окшоттум, Жылдыз жанган айга. Анан дагы окшоттум, Чолпон жылдыз, айга. Апа сүтүн аймалап эмгениңди көрөйүн, Ата атын чапкылап мингениңди көрөйүн, Муйдусунан өбөйүн. Кайырма:
  • Сулайман тоосу кош жүрөк аны, Суктанып ага кошулуп баары. Сулайман тоосу суйкайган сулуу Тилегиң арзуу алоолоп жанып Кайырма: Жүзүмдөй жүзүң жүрөктү эзет, Оң бетиң өсөм сол бетиң калат. Жүзүмдөй жүзүң жүрөктү эзет, Оң бетиң өсөм сол бетиң калат. Адамды аста абайлап карап, Асманда гана ай калкып барат. Жутунуп жутуп ийчүдөй болуп, Бир көзүң өпсөм бир көзүң калат. Окшошуп ошол тоодогу күндөр, Ойлонуп бастык Оштогу түндө. Кол кармашып бир жүрсөк деймин, Келечек өмүр, келечек күндө.
  • Эт жүрөгүм эзилип Сенин жогуң сезилип. Алсырап сездиңби Арманга кезиктим. Бирге басчу жол бүтүп Махабаттан кол үзүп. Кайылмын баарына Таарынам тагдырга. Кайырма: Эт жүрөгүм эзип жаралай Жалдыратып жаным аябай Аны менен кеттиң карабай. Ара жолдо турам кайгырып, Калгым келбей сенден айрылып. Келсең боло жаным кайрылып. Кайырма: Арман менен алышып Сени андан талашып. Эпсиз жүрөк ыйлайт Сыздап сени кыйбай Куса болуп эңсеймин Кайрылбастан кеткениң Кол жетпес гүл белең? Гүлүм эңсеп келем. Кайырма:
  • Болду, болду барбаймын. Сүйөмүн деп айтпаймын. Көңүл калды сүйгөнүм, сенден ардагым. Ушунчага бардыңбы? Таштап, кетип калдыңбы? Сүйгөн элем мен чындап, сени ардагым. Кайырма: Аппак сүйүүм сен гана. Ай Гүлдана, Гүлдана. Жүрөгүмдө эңсеген, сүйүүм сен гана… Ай, ай, ай, ай Гүлдана, Жүрөгүмдө эңсеген, сүйүүм сен гана… Жүрөгүмдө эңсеген, Чын сүйгөнүм сен элең. Ишеничти актабай, Кеттиң жан эркем. Мейли, мейли сүйбөгүн. Сен да ээрчип жүрбөгүн. Боло албадың Гүлдана, менин түгөйүм… Кайырма: Болду, болду барбаймын. Сүйөмүн деп айтпаймын. Көңүл калды сүйгөнүм, сенден ардагым. Ушунчага бардыңбы? Таштап, кетип калдыңбы? Сүйгөн элем мен чындап, сени ардагым.
  • Таң шооласы нур чачканда Тал-теректер бүр ачканда Кыр-кырлардан кол булгалап Кызгалдактар гүл ачканда Алга сүрөп үмүт гана Алоолонуп күйүп-жана Бар-жогума кайыл болуп Барам сага, барам сага Жылдыз көктө тагылганда Жылгадан суу агылганда Алтын сөйкө сыяктанып Ай кайрадан жаңырганда Алга сүрөп үмүт гана Алоолонуп күйүп-жана Бар-жогума кайыл болуп Барам сага, барам сага Дайра толкуп агылганда Дарак жоолук салынганда Санаам сары саман болуп Сага карай агылганда Алга сүрөп үмүт гана Алоолонуп күйүп-жана Бар-жогума кайыл болуп Барам сага, барам сага Алга сүрөп үмүт гана Алоолонуп күйүп-жана Бар-жогума кайыл болуп Барам сага, барам сага Бар-жогума кайыл болуп Барам сага, барам сага Барам сага, барам сага
  • Жүрөгүмдү кыйнаган, Түркүн миң-миң сандаган. Чыга албаймын, кантейин? Ойлор мени чырмаган. Жашып алсам, жүгүмөн Арыларбы жүрөгүм? Келбесиңди билсем да, Кайра эле күйүнөм. Кайырма: Сага жан дүйнөмдү арнагам, «Жан биргем» деп садагам, Мээримиңе жылынгам. Мага калды эми элесиң, Кайра кайтып келбейсиң, Бактылуу болгун деймин. Жан адамга өзүңдү, Сездирбестен сыр катып. Сен жөнүндө ар дайым, Бүтө албаймын ыр жазып. Тагдыр мени кектедиң, Өчүң барбы билбедим. Сүйдүм эле өзүңдү, Бирок, жаным, жетпедим. Кайырма: Сүйөмүн деп айтсам да, Кадырыма жетпедиң. Күтөрүмдү билсең да, Кайрылып сен келбедиң. Кайырма:
  • Сен гул болсон сабагын бар мендей Суйууп жузундон эзилем Сен кун болсон ак нуруна балкыйм Айдан келген перим сен Кайырма: Мен озун учун жаралгандай Бактылуумун кайгым аздай Менден тунук суйуу кутсон Сен деп суйуум жаралгандай Эркелетип ак жузундон суйсом Эркелейсин сен ансайын Журогумдун жарымы сенде Туболуко биз бир болсок
  • Билинбестен мезгилдердин сынагын Билбейм качан кайсы жолдон сурадым Жетип келип колдон алды байкатпай Алыкулдун ак боз атчан курагы Кайырма: Ай жылдарды аралады кошуп жаш Кечээ гана турдум эле тосуп жаз Куйгун чакты чакыргансыйт куз жака Алыкулдун ак боз минген отуз жаш Өмүр чиркин суудай экен агылган Бүгүнкүдөн эртени көп жанырган Алды кызык ар төгүнүп сезилип Жаштык күндөр жазда калып сагынган Кайырма: Көлөкөсүн көргүм келбей жайдында Көнүл кушун көктөм жыттуу айдында Канча жашоо буйруганын ким билет Калгым келет жашыл жаздын айдында Жаштыгымды өмүрөлөп качырып Туягынан данкандары чачылып Алыстарга ала качат ак боз ат Отуз жаштын тоолорунан ашырып
  • Жараткан берген Ысык-Көл, Жакшылап элим көңүл бөл. Эс алсаң чериң жазылат, Суулары тунук, салкын төр. Ажарлуу кыздай созулуп, Ак куулар көлгө конушат. Жээктеп бассаң санааң жай, Өмүргө өмүр кошулат. Кайырма: Менин Ысык-Көлүм, мейманы көп көлүм, Толкуп толуп турат, досум, келип көргүн. Тоосунда арча, карагай, бир көрсөң кумар тарабай, Абасы таза дем берет, токоюн бассаң аралай. Терели өмүр гүлдөрүн,тегиздеп турмуш күндөрүн, Чаалыксаң келгин көлүмө, угабыз чардак үндөрүн. Кайырма: Менин Ысык-Көлүм, мейманы көп көлүм, Толкуп толуп турат, досум, келип көргүн.