Казахские песни Узбекские песни

Песня «Журок сыры»
исполнителя Аваз Акимов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жүрөгүмдү кыйнаган,
Түркүн миң-миң сандаган.
Чыга албаймын, кантейин?
Ойлор мени чырмаган.
Жашып алсам, жүгүмөн
Арыларбы жүрөгүм?
Келбесиңди билсем да,
Кайра эле күйүнөм.
Кайырма:
Сага жан дүйнөмдү арнагам,
«Жан биргем» деп садагам,
Мээримиңе жылынгам.
Мага калды эми элесиң,
Кайра кайтып келбейсиң,
Бактылуу болгун деймин.
Жан адамга өзүңдү,
Сездирбестен сыр катып.
Сен жөнүндө ар дайым,
Бүтө албаймын ыр жазып.
Тагдыр мени кектедиң,
Өчүң барбы билбедим.
Сүйдүм эле өзүңдү,
Бирок, жаным, жетпедим.
Кайырма:
Сүйөмүн деп айтсам да,
Кадырыма жетпедиң.
Күтөрүмдү билсең да,
Кайрылып сен келбедиң.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Сулайман тоосу кош жүрөк аны, Суктанып ага кошулуп баары. Сулайман тоосу суйкайган сулуу Тилегиң арзуу алоолоп жанып Кайырма: Жүзүмдөй жүзүң жүрөктү эзет, Оң бетиң өсөм сол бетиң калат. Жүзүмдөй жүзүң жүрөктү эзет, Оң бетиң өсөм сол бетиң калат. Адамды аста абайлап карап, Асманда гана ай калкып барат. Жутунуп жутуп ийчүдөй болуп, Бир көзүң өпсөм бир көзүң калат. Окшошуп ошол тоодогу күндөр, Ойлонуп бастык Оштогу түндө. Кол кармашып бир жүрсөк деймин, Келечек өмүр, келечек күндө.
  • Билинбестен мезгилдердин сынагын Билбейм качан кайсы жолдон сурадым Жетип келип колдон алды байкатпай Алыкулдун ак боз атчан курагы Кайырма: Ай жылдарды аралады кошуп жаш Кечээ гана турдум эле тосуп жаз Куйгун чакты чакыргансыйт куз жака Алыкулдун ак боз минген отуз жаш Өмүр чиркин суудай экен агылган Бүгүнкүдөн эртени көп жанырган Алды кызык ар төгүнүп сезилип Жаштык күндөр жазда калып сагынган Кайырма: Көлөкөсүн көргүм келбей жайдында Көнүл кушун көктөм жыттуу айдында Канча жашоо буйруганын ким билет Калгым келет жашыл жаздын айдында Жаштыгымды өмүрөлөп качырып Туягынан данкандары чачылып Алыстарга ала качат ак боз ат Отуз жаштын тоолорунан ашырып