Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кайрылып кел»
исполнителя Аваз Акимов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Эт жүрөгүм эзилип
Сенин жогуң сезилип.
Алсырап сездиңби
Арманга кезиктим.
Бирге басчу жол бүтүп
Махабаттан кол үзүп.
Кайылмын баарына
Таарынам тагдырга.

Кайырма:
Эт жүрөгүм эзип жаралай
Жалдыратып жаным аябай
Аны менен кеттиң карабай.
Ара жолдо турам кайгырып,
Калгым келбей сенден айрылып.
Келсең боло жаным кайрылып.
Кайырма:

Арман менен алышып
Сени андан талашып.
Эпсиз жүрөк ыйлайт
Сыздап сени кыйбай
Куса болуп эңсеймин
Кайрылбастан кеткениң
Кол жетпес гүл белең?
Гүлүм эңсеп келем.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Жараткан берген Ысык-Көл, Жакшылап элим көңүл бөл. Эс алсаң чериң жазылат, Суулары тунук, салкын төр. Ажарлуу кыздай созулуп, Ак куулар көлгө конушат. Жээктеп бассаң санааң жай, Өмүргө өмүр кошулат. Кайырма: Менин Ысык-Көлүм, мейманы көп көлүм, Толкуп толуп турат, досум, келип көргүн. Тоосунда арча, карагай, бир көрсөң кумар тарабай, Абасы таза дем берет, токоюн бассаң аралай. Терели өмүр гүлдөрүн,тегиздеп турмуш күндөрүн, Чаалыксаң келгин көлүмө, угабыз чардак үндөрүн. Кайырма: Менин Ысык-Көлүм, мейманы көп көлүм, Толкуп толуп турат, досум, келип көргүн.