Казахские песни Узбекские песни

Песня «Шоу бизнес»
исполнителя Добр.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ассалому алейкум, мени көрүп жаткан көрөрман,
Ассалому алейкум, мени угуп жаткан угарман.
Менин атым Добр болот, мен кыргыздын баласы,
Эгер уга элек болсоң анан угуп аласың.
Шоу-бизнес чөйрөсү да ырчыларга байыды,
Азап болду баарыбызга Ильяздын чыкканы.
Үнү менен кошо анын “Күндөрүбүз жаңырат”,
Канча деген сулуу кыздар Мирбегибиз деп турат.
Ак куу болуп учуп келген Кубик кызы Айпери,
Ай сымал сулуу ажары сахнанын көркү эми.
Фигурасы деле укмуш 90 60 90,
Барбы араңарда айым Кундузга дал окшогон?
Бактыгүлдөй айымдарды клиптен гана көрбөсөң,
Абайлагын, жүрөгүңө так калтырып жүрбөсүн.
Аясаңар боло кыздар Султан аттуу жигитти,
Жөпжөнөкөй жигитмин деп канча кызды жибитти.
Кыргызымдын айымдарын дебегиле деп аял,
Кенже эжебиздей айым болгусу келет Сайкал.
Каныкейди кайра-кайра коё бербей кайгысы,
Бир жак көзүн эмнегедир келе берет жапкысы.
Бекчоронун көз айнеги, ай чырайлуу келбети,
Буга чейин эч бирөө бир көрө элек чечкенин.
Билесиңби сүйүү деген кандай болот экенин?
Мирбекчелик эч ким билбейт сүйүүнүн кереметин.
Өз туулган жэриңерге эч бир нерсе теңелгис,
Аны Темир жакшы билет экенин биз билебиз.
“Мейли эми” деген бойдон АКШ жакка кеткен,
Күтүп калдык Омарыбыз тезирээк келсе экен.
Коштошууга колу барбай шоу-бизнесте жүрөт,
Сапарыбыз кат жазуудан бошой элек көрүнөт.
Көлөкөсү менен дайым бирге шерибиз Айдин,
Канча деген сулуу кызды кайырмагына илди.
“Кыргызымдын жигиттерин кызганам” деп сыздаган,
Расул кызы Айгерим го, бийлеп кийин ырдаган.
Шоу-бизнес чөйрөсүндө бир фамилиялаш,
Бирөөсү Эрлан Андашев, бирөөсү Ильяз Андаш.
Өзгөчө бир стили менен ал ар дайым маскачан,
Патриоту кыргызымдын агабыз Тата Улан.
Замир менен Съездбек байкебиз дагы эле экөө,
Куткарууда “Даткайым” аттуу тасмасын көргүлө.
Атасынын жолун жолдоп Кубаныч аттуу агам,
Кара көздүү сулуу жана өзү дагы жакшы адам.
Даниель го, садагам деп ырларына сыр катат,
Алихандын кыялынан кетпей койду махабат.
Махабат аллеясында эгер азыр жүрсөңөр,
Табасыңар жаныбыз Айзатты байкап өтсөңөр.
Кыскасы, кааларым элибизге бейпилдик,
Ырчылардын баарына тең чыгармачыл ийгилик.

Другие песни исполнителя:

  • Бар экен, жок экен болгон экен ага ини Кичинекей кездеринде жоголуп кеткен бири Кийин алар чоңоюп, алдыга максат коюп Бири жакшы, экинчисинин жаман экен ою Алдар көсө, атка конуп агасы өсөт Тарбиядан дайыны жок анын көрсө Ал көчөдө өскөн, бешикке бөлөнбөстөн Көрүнөр замат көзгө дароо кач көрүнбөстөн Алдар көсөнүн болгон экен иниси Ал ким экендигин керек ал билбесе Узун бойлуу, арыкчырай жигит Ал тарбия көрүп өскөндөрдүн бири Курсагы ток эч зыяны жок Мүнөзү жоош жигит тез ишенчээк бирок Ал дүкөндө иштеп жүргөн күндө Алдар көсө өтүп келди төргө Ага ини көп убакыт өтүп кийин жолугушту Бири-бирин тааныбастан туруп экөө дос болушту Алдар көсө дос-дос, деп ачырып турду ооз Эң эле кызыгы, өз инисин уктатты кооз Агасы кайдан билди, алдаганын кимди Ал түш көрсө миң, кирбегендин бири Ушалаган кулак досу,бир тууган экендигин Ага-ини жаш кезинде түшкөн сүрөттөн билген
  • Кел дос, бийле кооз Ырдап, бийлеп обон соз Кыймылдары кооз Бийин бийлеп ырын соз Жаз ыр, ыр ырда Эң башкысы кыймылда Жаш кез маалында Бийлеп, күлүп ыр ырда Кышында, жазында, жайында, күз маалында Кыштакта, Шаарында, жараша өз алына Талыкпа, алдырба өзүңдү жалкоолукка Ыр ырда, Кыймылда пайдалуу денсоолукка Кайырма: Ла, ла, ла, — Бийле досум ыр ырда Ла, ла, ла, — Кел досум кыймылда Ла, ла, ла, — Бий өнөрүн аркала Ла, ла, Ла, — Шайыр досум алгала Мезгил келди, учур келди Бийге чакыргыла элди Бий өнөрүн болсо Жан дүйнөңдү эргит Бийле борбор калаа Ырда бүткүл аалам Алга Кыргызстаным Айтам ысык салам Бишкекке, Нарынга,Таласка, Ош тарапка Ысык Көл, Баткенге, Жалал-Абад, Чүй жакка Баарына айтарым ар бир Ала-Тоолукка Ыр ырда, Кыймылда пайдалуу денсоолукка Кайырма: