Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кыргыз кызы»
исполнителя Добр.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Теңелгис жүздөн бири, ичинде жок кири,
Бал сымал таттуу ширин ар бир сөзүнүн бири.
Чагылган күндүн нуру чырайы жүзү сулуу,
Карагат көздөрүн жуумп ,ыймандуу Кудай кулу.
Тандаган тура жолун келечегине умтулган,
Акылы, эси жогору, чырайлуу жүздүү созулган.
Баарына бирдей мамиле жакшы-жаманын чанбаган,
Элине ыйман тилеген, ата-энесин сыйлаган.
Сыйынып Кудай деген жүрөгү менен ишенген,
Сыйы, урматы кенен улууну сиз деген.
Улуунун сөзүн уккан кичүүгө насаат берген,
Колун бетине жумган, бата алууну билген.
Баарына шүгүр караган, ач көзщдүгү жок адам,
Боорукерлигин аябаган, кечирим сурай алган.
Келбетиндей жүрөгү сулуу, ыймандуу кыздардан,
Бул кыз кырк чачы улуу кыздары кыргыздардын.
Кайырма:
Ыймандуу кыз, улуту кыргыз,
Ыйык жүзүнөн өчпөсүн жылдыз.
Мээримдүү кыз, улуту кыргыз,
Чырай жүзүнөн кетпесин жылдыз.
Жаратылыштын Кудай берген өзүнүн жүзү,
Жарашкан жүзүн булгабайт боёксуз чырай жүздүү.
Чаң жугузбайт өзүнө таза калпы жок сөзүндө,
Ыймандуулугу төрүнөн көрүнүп турат көзүнөн.
Жалкоолугу жок адам талыкпай эмгектенген,
Ата-энесинен алган тарбиясына бекем.
Мына эми азыр ар бир жигиттин оюнда,
Ыймандуу, таза кызга үйлөнгүм келет жолукса.
Кыргыздын кызы бузулбайт, каалабайм бузулушун,
Жаман жолго азгырылбайт ишенем бекем турушун.
Кармаган намысы бекем намыстуу билем ишенем,
Жаман нерседен чекеде тамеки чегип ичпеген.
Кудайым өзү колдосун чырайлуу кыргыз кыздарын,
Бузулгандары оңолсун, шайтандан алыстаткын.
Ичине ыйман кирип, акылы жогоруласын,
Кыргыз кызынын ар бири биз үчүн кымбат азыр.

Другие песни исполнителя:

  • Мен билемин — барсың сен ааламда, Мен билемин — жалгыз эмесмин анда. Тилегеним — болчу сен жанымда, Ишенемин жаным сага жолугарыма Издегеним сени көргүм келет өңүмдө, Өзүң менен түбөлүккө өмүр сүрүүгө. Келет сүйгүм сени, кабылып сүйүүгө, Ал сүйүүдө келет болгум бактылуу түбөлүккө. Кайырма: Бүт өмүрүм сага, жан дүйнөм бир сага, Жан дүйнөм, бүт өмүрүм өзүң үчүн гана. Махабатым сага, жүрөгүм бир сага, Жүрөктөгү сүйүмдү келет арнагым сага. Бүт өмүрүм сага, жан дүйнөм бир сага, Жан дүйнөм, бүт өмүрүм өзүң үчүн гана. Махабатым сага, жүрөгүм бир сага… Сүйүүгө кабылып, өзүңө жолуксам, Мен сени эч качан кое бербейм колуңдан. Жүрөктүн жарымын, өзүңө арнасам, Мен сени эч качан кое бербейм колуңдан. Келечекте мени менен болчу жарым, Болочок менин сүйүктүүм, энеси балдарымдын. Келечекте өмүр бирге сүрчү адамым, Чертип сага арнагым келет сүйүү кылдарын. Кайырма: Мен билемин — барсың сен ааламда, Мен билемин — жалгыз эмесмин анда. Тилегеним — болчу сен жанымда, Ишенемин жаным сага жолугарыма. Издегеним сени көргүм келет өңүмдө, Өзүң менен түбөлүккө өмүр сүрүүгө. Келет сүйгүм сени, кабылып сүйүүгө, Ал сүйүүдө келет болгум бактылуу түбөлүккө.
  • Учугун сөздүн улап чын достук мамиледен Айтамын ичте жаткан сырларымды анык эле Чыныгы досторумду унутпаймын эч убакта Өтсө да ортобуздан далай жылдар дагы деле Достун дагы досу болот баардыгы билет аны Колуңда болгон кезде көбөйөт анын саны Белчеңден сазга батып кыйналып калган кезде Кээ бири чилче тарайт таппайсың бирин дагы Достун дагы досу болот чын дилинен сага күйгөн Доомат кылып догурунбай дайым чогу жүргөн Сук кышта бирге тоңгон ыссык жайда муздак болгон Чыныгы бул досторду табалбайсың узак жолдон Андыктан чын достуктун убадасын бекем карма Ичи тар арамзага карыш жолоп жакын барба Такап койсо сени жарга кыла албай эч бир арга Таң калам досум деген жасалма адамдарга Жамандын жолдошу көп жанында бир пайдасы жок Акча үчүн дос болгон бар башка кылар айласы жок Досум деп баарын билбе четинен бирден ирге Жолобо эки жүздүү ичи тар арам кирге Чыныгы жакын досум таштабайт ара жолго Жыгылсаң эңип кетчү шамдагай кара жорго Жасалма калп досторум андайда четке чыгат Кайгырып чың дилиңден аларга капа болбо Жаралсын ар убакта намысын уятыңа Чындык деп чыркырасаң үч беремин кубатыңа Чылбырды бекем карма ооздукту бошотпогун Ардайым татыктуу бол энчилүү бул атыңа Бөлүнөт өз ич ара достор да далай топко Саны бар сапатсызды жолотпо жакын кошпо Аяба жардамыңды эң жакын досторуңдан Жакшылык кайра кайтат андан сен такыр коркпо Кээ бир четке чыгат бөлүнүп өз тобунан Эч качан кол үзбөүн татыктуу досторуңдан Сезерсиң баркын билип алыста жүргөнүңдө Эң жакын досторундун жоруктарын эстеп улам Билинет достун досу башыңа иш түшкөндө Карайлап караан таппай кайсалап күн бүткөндо Билинет мына ошондо кимдин чын ким экенин Жардамга муктаж болуп жол карап сен күткөндо Өткөрдүм өз башымдан достун дагы далай түрүн Досмун деп саналгандардын көбү жок эми бүгүн Сакталып калдарада саналуу гана достор Кеткендер кете берсин болбоймун ага тоскоол Чыныгы жакын досум таштабайт ара жолго Жыгылсаң эңип кетчү шамдагай кара жорго Жасалма калп досторум андайда четке чыгат Кайгырып чың дилиңден аларга капа болбо Жаралсын ар убакта намысын уятыңа Чындык деп чыркырасаң үч беремин кубатыңа Чылбырды бекем карма ооздукту бошотпогун Ардайым татыктуу бол энчилүү бул атыңа
  • «Жубайым» Менден кетсе кечир, Ачууңду мага берчи, Антип тиктебечи! Жиндиге теңелбечи! Өчүң бардай, жүрөгүң бат муздайт! Таарынычын кандай, ошол замат тарайт! Бактымды таптым жолуктум, Мен сени алам деп оолуктум, Байлап башка ак жоолукту, Жубайым болдуң колуктум! Кудайыма миң ыраазымын, Маңдайыма сендей жардын калганына жазылып! Асыл, жаным, жарым, жарыгым, Жүрөгүмдүн тең жарымы, Бирге көгөрүп, агарып, Келет чогу бир карыгым, Балдарымдын, апакеси, энеси, Атакесинин жубайы, жүрөктүн кожойкеси!!! Кайырма: Өмүр бою түбөлүкө, Деп кол коюп күбөлүкө, Биргеликте бул өмүрдө! — деп чиелик күндөлүкө! Турмуш үй бүлө куруп, Бирге алдыга умтулуп, Мүчөлөрү толук, Балачакалуу бололук! Ата Эне жоопкерчилик, Ар кимде бар бир кемчилик, Кимден кетсе да кечирим, Сурап кою пендечилик! Ортобузда, болбосунчу таарынуу, Андан көрө, келчи чогу бололучу бактылуу!!!