Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сага»
исполнителя Добр.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Мен билемин — барсың сен ааламда,
Мен билемин — жалгыз эмесмин анда.
Тилегеним — болчу сен жанымда,
Ишенемин жаным сага жолугарыма
Издегеним сени көргүм келет өңүмдө,
Өзүң менен түбөлүккө өмүр сүрүүгө.
Келет сүйгүм сени, кабылып сүйүүгө,
Ал сүйүүдө келет болгум бактылуу түбөлүккө.
Кайырма:
Бүт өмүрүм сага, жан дүйнөм бир сага,
Жан дүйнөм, бүт өмүрүм өзүң үчүн гана.
Махабатым сага, жүрөгүм бир сага,
Жүрөктөгү сүйүмдү келет арнагым сага.
Бүт өмүрүм сага, жан дүйнөм бир сага,
Жан дүйнөм, бүт өмүрүм өзүң үчүн гана.
Махабатым сага, жүрөгүм бир сага…
Сүйүүгө кабылып, өзүңө жолуксам,
Мен сени эч качан кое бербейм колуңдан.
Жүрөктүн жарымын, өзүңө арнасам,
Мен сени эч качан кое бербейм колуңдан.
Келечекте мени менен болчу жарым,
Болочок менин сүйүктүүм, энеси балдарымдын.
Келечекте өмүр бирге сүрчү адамым,
Чертип сага арнагым келет сүйүү кылдарын.
Кайырма:
Мен билемин — барсың сен ааламда,
Мен билемин — жалгыз эмесмин анда.
Тилегеним — болчу сен жанымда,
Ишенемин жаным сага жолугарыма.
Издегеним сени көргүм келет өңүмдө,
Өзүң менен түбөлүккө өмүр сүрүүгө.
Келет сүйгүм сени, кабылып сүйүүгө,
Ал сүйүүдө келет болгум бактылуу түбөлүккө.

Другие песни исполнителя:

  • Ааламда теңдеши жок асылым алтын апам, Жашоомо жарык берген жалгызым жаным апам. Жан тартып дайым мага жанымда жалгыз гана, Жароокер апакебай, бул ырым жалгыз сага. Тамчыдай сүтүн берип талыкпай баккан апам, Алыста жүрсө дагы балам деп шашкан апам. Бал ширин сөздөр менен эриткен жан дүйнөмдү, Ар дайым бир өзүмө сүйүктүү жаккан апам. Балам деп дайым күйгөн эненин таламында, Унутпайлы бейиш төрү эненин таманында. Бой тартып чоңойгондо ороңдоп четке какпай, Барктайлы апаларды көзү тирүү, аманында. Агарган ар бир чачың, биз үчүн аккан жашың, Ааламды сактайт тура энелик ыйык атың. Эр жетип мына эми турабыз алдыңызда, Эркелеп жетеличи, апакебай, баркыңызга. Кайырма: Түшкөрсөм түштү оңунан жоруган алтын апам Түгөнгүс түйшүктөрдөн коруган алтын апам. Үч бөлүп түн уйкусун уктабай мени карап Онтосом, чогуу онтоп, ооруган алтын апам. Канчалык кыйналсам да баарына түткөн апам, Кайгырып капалансам арылткан жүктөн апам. Кайрылып үйгө келбей кечигип калганымда, Санааркап жолду карап, сагынып күткөн апам. Жарык нур тийип көктөн, мээримиң чексиз төккөн, Оозанткан эне сүтүн балалыкта эбак өткөн. Мөмөлүү дарак сымал жемишин жазбай берген, Апакем жаркыраган жаздагы жашыл көктөм. Көргөндө ак чачыңды, көзүмө жаш аламын, Бой жетип чоңойсом да өзүңө мен жаш баламын Кем кылбай эч бир жандан, чоңойткон апакемдин, Актайм деп мен ак сүтүн бүт ааламга жар саламын. Талыкпас эмгенине, ак сүтүн эмгениме, Көрсөтүп туура жолду тарбия бергенине. Баш ийип таазим этем түбөлүк апакеме, Жаратып бул жашоого жарык нур бергенине. Бактылуу жашоо берсе мөмөлүү жемишинен, Алысмын мен ар дайым кайгырып бир кейишинен. Тилеймин Жараткандан жалынып мен күнүгө, Берсе деп апакеме акыреттик бейишинен.
  • Бар экен, жок экен болгон экен ага ини Кичинекей кездеринде жоголуп кеткен бири Кийин алар чоңоюп, алдыга максат коюп Бири жакшы, экинчисинин жаман экен ою Алдар көсө, атка конуп агасы өсөт Тарбиядан дайыны жок анын көрсө Ал көчөдө өскөн, бешикке бөлөнбөстөн Көрүнөр замат көзгө дароо кач көрүнбөстөн Алдар көсөнүн болгон экен иниси Ал ким экендигин керек ал билбесе Узун бойлуу, арыкчырай жигит Ал тарбия көрүп өскөндөрдүн бири Курсагы ток эч зыяны жок Мүнөзү жоош жигит тез ишенчээк бирок Ал дүкөндө иштеп жүргөн күндө Алдар көсө өтүп келди төргө Ага ини көп убакыт өтүп кийин жолугушту Бири-бирин тааныбастан туруп экөө дос болушту Алдар көсө дос-дос, деп ачырып турду ооз Эң эле кызыгы, өз инисин уктатты кооз Агасы кайдан билди, алдаганын кимди Ал түш көрсө миң, кирбегендин бири Ушалаган кулак досу,бир тууган экендигин Ага-ини жаш кезинде түшкөн сүрөттөн билген