Казахские песни Узбекские песни

Песня «Патриот»
исполнителя Добр.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Патриот жигиттер келе жатат тик туруп
Алар үчүн ыйык ,алар үчүн улук
Ата-Мекен, Ата-Журт деген
7 дубан жерден биримдикте бекем
Алар элине, жерине жан берет
Алар чын жүрөктөн терең ант берет
Алар бир бирине туугандай ини-ага
Тың, өжөрлүү жана ураандары алга
Кандары ысык, күчтүү эр жүрөк келет
Намысына бек, эл жерине тирек
Алар эр жүрөк, жери үчүн күйөт
Алардын ар бири чыныгы патриот
Жетөө тең жек көрөт, бөлүп бөлүнгөндү
Алардын ар бирөө тутат бүтүндүктү
Эзелтеден калган сиңип калган канга
Жериң үчүн күрөш элин үчүн алга
Кайырма:
Жигиттер эр журок — алар ким Патриот
Эли, жерин суйот — албетте Патриот
Мекенине куйот — чыныгы Патриот
Алардын каны ысык журогу от болот
Жигиттер эр жүрөк — алар ким Патриот
Эли, жерин сүйөт — албетте Патриот
Мекенине күйөт — чыныгы Патриот
Алардын каны ысык, жүрөгү от болот
Бекер эместир, ар бир аккан тери
Текке кетпес ал элимдин эроол эри
Жүрөгүндө от алолонгон эми
Эли үчүн жери мекенинин деми
Керегине жара, ажалга тик кара
Ата-Мекен, журт үмүтү чоң сага
Ар бир айткан сөз, сен үчүн дем болсун
Тилегеним болсо, эрдигиң кең болсун
Желегин желбирейт, улутун женгин дейт
Көкүрөктөн терең жеңишти энчиле
Мекенчил эр, эй тикеңен тик тур
Милдет үчүн эмес, мекен үчүн бул
Эсине бек тут, сени менен эл журт
Терең, кенен дем ал, абаны чоң жут
Манас атан болгон, эли жериң сүйгөн
Эр эми сен болгун, мекениңе күйгөн
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Өзгөчө нерсенин баары, өлкөнүн өрчүгөн жагы, Өзгөчө нерсенин баары өлкөбүздүн мен жараны. Келечегимдин элеси мен үчүн өзгөчө нерсе, Кыргызым өзгөрүп кетсе, кетсе өзгөрбөсүн терске. Жашоонун баркын билем кудай аны мага берген, Деле сонун тилим бар жеке кыгыз тилим менен. Желбиреген желегимдин жеке менчик гимни бар, Дүйнөлүк картадан табас мага чакан жерим бар. Жагабы жакпайбы сага улутум болсо кыргыз, Алакандай тууганым бар, улуу кыргыз мына биз. Таразанын оң жак бетин көбүрөөк байлык басат, Анын баарын чубап көрсөң эки көзүң кычышат. Келиңиз өтүңүз төргө уялбаңыз суранам, Конокту тосуу милдетим алыңыз беш бармактан. Суусасаңыз бозо, жарма, кымызды сизге сунам, Сый урматта мейман тосуу атадан бизге калган. Ушул жерде төрөлдүм, ак бешикке бөлөндүм, Ата Журт жерим менин, кереги жок бөлөктүн. Ушул жерде төрөлдүм, ак бешикке бөлөндүм, Кыргызстан жерим менин, кереги жок бөлөктүн. Кайырма : Чу , Чу , Чу , Чу , Көлөкөдө жашынбайбыз , көкөлөп мактанбайбыз, Өзгөчө бир башкачабыз , өсүп келе жаткандарбыз. Азырынча көчө элекпиз жайлоо тоонун бетиндебиз, Жакында чоң той беребиз , эгемендүү мамлекетбиз. Эки тоонун этегинде Ысык-Көлгө келдиң беле Адыр , адыр жайлообузда күлүк атка миндин беле Сугу ашкан башкалардын Сулайман тообуз жатат Жымындаган жылдыздарга чокусу жетип барат Жүрөгү аттуу Бишкегим , Кыргызстандын борбору Жүгүнөмүн жети жолу , жети жагынан тосуп Таласты көздөй аттасаң, Манас күмбөзүн табасың Нарынды көздөй жактасаң, Ташрабаттан адашасың Жалал-Абад жакты көздөсөң Сары-Челектен өтөсүң Кыскасы өз көзүң менен көрөрүң менен өчөсүң. Кайырма : Чу , Чу , Чу ,Чу Эскертем, эске салайын, нукура кыргыз баламын, Колдошун билем ар дайым арбагы Манас атамдын. Басканым аскадай тоонун чокусунда чоңойгомун, Манасчы чечен боломун комузду мендей ойногун. Тепкеним элден өзгөчө күлүк атыма бөлсөчү, Кыргыз менен ат чабышып, улак тартышып көрсөңчү. Көчмөнүм аттуу кыргызмын кыялым бөрү баатырмын, Акыл карачач энемдей акылдуунун катарымын. Эч кимде жок бар калпагым же тебетейим жагабы? Жамынып турган чепкеним териден жасалган нагы. Алтыным бар, күмүшүм бар, кыргызым байдын баласы, Кыргызстан аттуу үйүм бар асылың жерден табасың. Ал эми көңүл буралы өрүлгөн чачтуу кыздарга, Айымдай өзгөчө сулуу кылымдан кылымга нары. Кыргызымдын жигиттери кыз ала качуу дегенде, Кырк чоросун ат чаптырып кызынын жашы жеткенде. Ушул жерде төрөлдүм, ак бешикке бөлөндүм, Ата Журт жерим менин, кереги жок бөлөктүн. Ушул жерде төрөлдүм, ак бешикке бөлөндүм, Кыргызстан жерим менин, кереги жок бөлөктүн. Кайырма : Чу , Чу , Чу , Чу ,
  • Ааламда теңдеши жок асылым алтын апам, Жашоомо жарык берген жалгызым жаным апам. Жан тартып дайым мага жанымда жалгыз гана, Жароокер апакебай, бул ырым жалгыз сага. Тамчыдай сүтүн берип талыкпай баккан апам, Алыста жүрсө дагы балам деп шашкан апам. Бал ширин сөздөр менен эриткен жан дүйнөмдү, Ар дайым бир өзүмө сүйүктүү жаккан апам. Балам деп дайым күйгөн эненин таламында, Унутпайлы бейиш төрү эненин таманында. Бой тартып чоңойгондо ороңдоп четке какпай, Барктайлы апаларды көзү тирүү, аманында. Агарган ар бир чачың, биз үчүн аккан жашың, Ааламды сактайт тура энелик ыйык атың. Эр жетип мына эми турабыз алдыңызда, Эркелеп жетеличи, апакебай, баркыңызга. Кайырма: Түшкөрсөм түштү оңунан жоруган алтын апам Түгөнгүс түйшүктөрдөн коруган алтын апам. Үч бөлүп түн уйкусун уктабай мени карап Онтосом, чогуу онтоп, ооруган алтын апам. Канчалык кыйналсам да баарына түткөн апам, Кайгырып капалансам арылткан жүктөн апам. Кайрылып үйгө келбей кечигип калганымда, Санааркап жолду карап, сагынып күткөн апам. Жарык нур тийип көктөн, мээримиң чексиз төккөн, Оозанткан эне сүтүн балалыкта эбак өткөн. Мөмөлүү дарак сымал жемишин жазбай берген, Апакем жаркыраган жаздагы жашыл көктөм. Көргөндө ак чачыңды, көзүмө жаш аламын, Бой жетип чоңойсом да өзүңө мен жаш баламын Кем кылбай эч бир жандан, чоңойткон апакемдин, Актайм деп мен ак сүтүн бүт ааламга жар саламын. Талыкпас эмгенине, ак сүтүн эмгениме, Көрсөтүп туура жолду тарбия бергенине. Баш ийип таазим этем түбөлүк апакеме, Жаратып бул жашоого жарык нур бергенине. Бактылуу жашоо берсе мөмөлүү жемишинен, Алысмын мен ар дайым кайгырып бир кейишинен. Тилеймин Жараткандан жалынып мен күнүгө, Берсе деп апакеме акыреттик бейишинен.
  • Жаштык кезге жан тартып, жүрөгүмдөн карып, Көлөкөмдөн көрөм кээде күнөөмдүн баарын. Көкөлөттүң көккө, бөпөлөтө багып, Кыйшайганда түзөп, уу жыландай чагып. Алга кадам таштагансып жаңы, Ар бир адам терең ойлонуусу зарыл. Таштаарында багыт, аркалаган бакыт, Тап берсең кайра, кутурган иттей кабып. Өмүр өтөт, кайрылып келбейт дагы, Таяк, жөлөк сага боло алышпайт баары. Жараланган жүрөк таппай келет түнөк, Ар бир адам жутса өлбөс суусун, мүрөк. Кайылмын баарына, кайдигер арыма, Коркомун калыштан Кудайдын каарына. Жүрөгүмө кек сактабайм, өкүнбөймүн, Кудайыма шүгүр, берген үчүн өмүр. Кайырма: Жашоо бир келет, жаңылбай жашоо керек, Жарык дүнүйө Кудайдан берген белек. Жашоо бир келет, бул жашоо сыноо, элек, Жарык дүнүйө Кудайдан берген белек. Жашоо гана бир келет, ар бир күнүң белек, Жашоого сен эмес, жашоо сага керек. Тиле өмүр, ден соолук, аны Кудай берет, Келечегиң болсо, эртеңки күн келет. Алгач ирет Кудайдан тиле ыйман, Азыр бул заманда кыйын болуу адам. Жаса кадам, алдыга ташта максат, Бекер отурбастан, аракет кыл, башта. Жашоо такыр бөлөк, андан күтпө көмөк, Жаратканым гана сага болот жөлөк. Күйүмдүүлөр ата-энең, бир үй-бүлөң, Алардан ал бата, сый-урматка бөлө. Жүрөгүңдөн, күмөн санаба өзүңдөн, Өткөнгө өкүнбө, ал дагы күн өтөр. Алгач адам бол жөнөкөй, анан Көкүрөктө калган эгер болсо ыйман. Кайырма: Өмүр деген — узун дайра, Артты көздөй ал акпайт кайра. Жаштыгың ал ошол дайра сымал, Канчалык өкүнбө кайрылбайт ал. Убакыт бул — учкан куштай, Учурунда карма колго уучтай. Тагдырга таарынба, ал кээде сынайт, Ак ийилет, бирок такыр сынбайт. Багыттайт жүрөгүң туура жолго, Эң башкысы, сен аны жоготпо. Адашпа жолуңдан, ыйманыңдан, Сак боло жүр андан айрылуудан. Бул өмүрүңдө эч бирөөгө, Эч качан эч сын тага көрбө. Жаңылбаган эч бир адам Болгон эмес, жаса алга кадам! Кайырма: