Казахские песни Узбекские песни

Песня «Делай брат»
исполнителя Добр.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Учугун сөздүн улап чын достук мамиледен Айтамын ичте жаткан сырларымды анык эле Чыныгы досторумду унутпаймын эч убакта Өтсө да ортобуздан далай жылдар дагы деле Достун дагы досу болот баардыгы билет аны Колуңда болгон кезде көбөйөт анын саны Белчеңден сазга батып кыйналып калган кезде Кээ бири чилче тарайт таппайсың бирин дагы Достун дагы досу болот чын дилинен сага күйгөн Доомат кылып догурунбай дайым чогу жүргөн Сук кышта бирге тоңгон ыссык жайда муздак болгон Чыныгы бул досторду табалбайсың узак жолдон Андыктан чын достуктун убадасын бекем карма Ичи тар арамзага карыш жолоп жакын барба Такап койсо сени жарга кыла албай эч бир арга Таң калам досум деген жасалма адамдарга Жамандын жолдошу көп жанында бир пайдасы жок Акча үчүн дос болгон бар башка кылар айласы жок Досум деп баарын билбе четинен бирден ирге Жолобо эки жүздүү ичи тар арам кирге Чыныгы жакын досум таштабайт ара жолго Жыгылсаң эңип кетчү шамдагай кара жорго Жасалма калп досторум андайда четке чыгат Кайгырып чың дилиңден аларга капа болбо Жаралсын ар убакта намысын уятыңа Чындык деп чыркырасаң үч беремин кубатыңа Чылбырды бекем карма ооздукту бошотпогун Ардайым татыктуу бол энчилүү бул атыңа Бөлүнөт өз ич ара достор да далай топко Саны бар сапатсызды жолотпо жакын кошпо Аяба жардамыңды эң жакын досторуңдан Жакшылык кайра кайтат андан сен такыр коркпо Кээ бир четке чыгат бөлүнүп өз тобунан Эч качан кол үзбөүн татыктуу досторуңдан Сезерсиң баркын билип алыста жүргөнүңдө Эң жакын досторундун жоруктарын эстеп улам Билинет достун досу башыңа иш түшкөндө Карайлап караан таппай кайсалап күн бүткөндо Билинет мына ошондо кимдин чын ким экенин Жардамга муктаж болуп жол карап сен күткөндо Өткөрдүм өз башымдан достун дагы далай түрүн Досмун деп саналгандардын көбү жок эми бүгүн Сакталып калдарада саналуу гана достор Кеткендер кете берсин болбоймун ага тоскоол Чыныгы жакын досум таштабайт ара жолго Жыгылсаң эңип кетчү шамдагай кара жорго Жасалма калп досторум андайда четке чыгат Кайгырып чың дилиңден аларга капа болбо Жаралсын ар убакта намысын уятыңа Чындык деп чыркырасаң үч беремин кубатыңа Чылбырды бекем карма ооздукту бошотпогун Ардайым татыктуу бол энчилүү бул атыңа
  • Саламатсыңбы сүйгөнүм, кагылайын жаным, Бир нерсени айтайын деп жүрүп бирок айта албадым. Эгерде ушул ырды угуп калган болсоң, Сүйөрүмдү жашырбай ачык сага арнадым. Дүйнөдө кымбат сен мага адам белең? Сен сулуу жүзүң менен бары жеңесиң, Сени эстеп, кайра, кайра жанымда жок кезде эңсеп. Ойго батам түбөлүкө кеткенсип сен, Караңгы шамда. Күн тоого батканда, Түшүмө киресиң, Көзүмдү жапканда. Жан жүрөгүмдүн оруун басып, Жок, көңүлүмдөн адам сенден артык. Ай жарык түнүндө, байланыш түйүндө, Төркү телефондо, көйүлүм сөзүңдө. Назик сөзүң адамзатка жагымдуу, Кап-кара көздөрүң, карагаттай өңдөнүп. Көтөргөн көңүлдү, сенин гана көз ирмең, Көңүлүмдө жанган, түнкү жылдызым белең. Тереңден, терең жеке сезимим сага, Теңелбес өмүрүм ыйык сенин атыңа. Кайырма: Сен гана сен, жүрөгүмдүн теңисиңби, Сен гана сен, өмүрүмдүн демисиңби. Сен гана сен, жүрөккө дары сепкенсиң, Сен гана сен, көңүлүлдүн перисисиңби. Жеке сезимим сага, биринчи көргөн кезимде, Алиги тасма дагы деле кетпейт эсимден. Жай себелеген, күн нуру радуга, Жүрөгүмө дары сепкен периштесиң садага. Бассам, турсам, сени жоктоп зарыгам, Үнүңдү укпасам кадимкидей сагынам. Бар экен, жок экен мунун аркасында, Тагдыр айтып бербейт, аба ырайын жаңысында. Жытыңдан жыпар, өзгөчө бир жыттанган, Кыялың бир жөнөкөй, жүзүңө өң жарашкан. Жараткан сени кудай, өзгөчөлөп башкадан, Кереметтеги айымзат, алтындаң нурун чачкан. Кайырма: Сен гана сен, жүрөгүмдү ээлейсиңби, Кагылайын деги сүйөрүмдү сезесиңби. Эмнегедир сени көрүп муну айта албаймын, Көзүмдө жалын күйүп жатканымды байкабадың. Канча аракет жасадым, барибир тилим барбады, Жүрөгүм сыгылып жүрүп, акыры барып дагы тажадым. Экөбүздүн мамилебиз, дос жана таныш элебиз. Дос эле катары көрүп, ашыкча көрбөйсүң неге? Билесиңби жаным деп айта албадым неге? Анткени өзүңдү жоготуп аламбы деймин, Эркелетип жылуу сөз айтып. Колуңдан кармагым келип, Сени гүл менен тосуп алып. Жогору баалагым келди, Жашоонун тагдырына күнөөнү койбоймун эми. Балким ал убакта, убагынан ашып кетти деги, Жашоонун сүйкүм элеси же сүйүү кемеси. Мен үчүн жаралдыңбы же мен үчүн эмеспи? Кайырма:
  • «Жубайым» Менден кетсе кечир, Ачууңду мага берчи, Антип тиктебечи! Жиндиге теңелбечи! Өчүң бардай, жүрөгүң бат муздайт! Таарынычын кандай, ошол замат тарайт! Бактымды таптым жолуктум, Мен сени алам деп оолуктум, Байлап башка ак жоолукту, Жубайым болдуң колуктум! Кудайыма миң ыраазымын, Маңдайыма сендей жардын калганына жазылып! Асыл, жаным, жарым, жарыгым, Жүрөгүмдүн тең жарымы, Бирге көгөрүп, агарып, Келет чогу бир карыгым, Балдарымдын, апакеси, энеси, Атакесинин жубайы, жүрөктүн кожойкеси!!! Кайырма: Өмүр бою түбөлүкө, Деп кол коюп күбөлүкө, Биргеликте бул өмүрдө! — деп чиелик күндөлүкө! Турмуш үй бүлө куруп, Бирге алдыга умтулуп, Мүчөлөрү толук, Балачакалуу бололук! Ата Эне жоопкерчилик, Ар кимде бар бир кемчилик, Кимден кетсе да кечирим, Сурап кою пендечилик! Ортобузда, болбосунчу таарынуу, Андан көрө, келчи чогу бололучу бактылуу!!!