Казахские песни Узбекские песни

Песня «Адам касиети»
исполнителя Добр.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Алыман келер-келбес, кеч эми баарына, Досуңа бекем туруп сөзүңдү кармадыңбы? Кааладыңбы досуңа узун өмүрүн жашоодо? Баарына үлгү болуп аттадың ортого. Эмнегедир чек ара арабыздагы маселе, Бөлүнүп жатабыз көчөбүз менен көчө чак келбей. Карабызбы, агыбызбы баарыбыз бирдейбиз, Белгисиз пайдасы кимибиз жеңип жеңбейбиз. Кырылып жүрүп акыры өзүңдүн эле жакыныңдан, Ажырагандан кийин түшүнүү керек зарылбы? Ынтымагыбыз жоголуп, келечегибиз кор болуп, Жүрө беребизби ортобуздан чек ара торолуп. Биримдик кайсы күнү пайда болуп чыгар экен? Баары ынтымакта чоң пайда кыла алар бекен? Пайдасы тиер-тийбес жаштардын колуна, Көптөрү сынып түшө албай жүрөк жолуна. Тилеген максатыбызга жеткибиз келип жүрөт, Максатыбыз эмне экени белгисиз сүрөт. Адашып жолубуздан, кара жаман оюбуздан, Бирибиз бирибизди көрө албайбыз ортобузда. Агымдагы өмүрүң теридей сыйрылып, Тегерегиңди курчап тургандардан айрылып. Жадакалса досторуң курмандыкка кабылат, Досуңа досуң өмүрүн да аябайт. Кара жол караңгы эч нерсени ылгабайт, Түшүп алдыңбы жолуна андан эч ким чыга албайт. Карышкырсың кадимки узак эмес өмүргө, Көрө элек жатып жашоону айлансын түлкүгө. Чек ара болүнүүдөн башталып жатпайбы бары? Бөлүнүп алып көчөгө ызы-чуунун чыр-чатагы. Кабылдыңбы ушуга анан өйдөнү көздөй, Көчөнүн балдары менен мамилесин үзбөй. Салмагы бар баланы сыйлап турушат бүт баары, Жолу жок менен багы жок баланын эле арманы. Балдары көчөнүн, көшөгөсүз чек аранын, Көчөнүн мыйзамы бул — көчөнүн мыйзамы.
  • Ассалому алейкум, мени көрүп жаткан көрөрман, Ассалому алейкум, мени угуп жаткан угарман. Менин атым Добр болот, мен кыргыздын баласы, Эгер уга элек болсоң анан угуп аласың. Шоу-бизнес чөйрөсү да ырчыларга байыды, Азап болду баарыбызга Ильяздын чыкканы. Үнү менен кошо анын “Күндөрүбүз жаңырат”, Канча деген сулуу кыздар Мирбегибиз деп турат. Ак куу болуп учуп келген Кубик кызы Айпери, Ай сымал сулуу ажары сахнанын көркү эми. Фигурасы деле укмуш 90 60 90, Барбы араңарда айым Кундузга дал окшогон? Бактыгүлдөй айымдарды клиптен гана көрбөсөң, Абайлагын, жүрөгүңө так калтырып жүрбөсүн. Аясаңар боло кыздар Султан аттуу жигитти, Жөпжөнөкөй жигитмин деп канча кызды жибитти. Кыргызымдын айымдарын дебегиле деп аял, Кенже эжебиздей айым болгусу келет Сайкал. Каныкейди кайра-кайра коё бербей кайгысы, Бир жак көзүн эмнегедир келе берет жапкысы. Бекчоронун көз айнеги, ай чырайлуу келбети, Буга чейин эч бирөө бир көрө элек чечкенин. Билесиңби сүйүү деген кандай болот экенин? Мирбекчелик эч ким билбейт сүйүүнүн кереметин. Өз туулган жэриңерге эч бир нерсе теңелгис, Аны Темир жакшы билет экенин биз билебиз. “Мейли эми” деген бойдон АКШ жакка кеткен, Күтүп калдык Омарыбыз тезирээк келсе экен. Коштошууга колу барбай шоу-бизнесте жүрөт, Сапарыбыз кат жазуудан бошой элек көрүнөт. Көлөкөсү менен дайым бирге шерибиз Айдин, Канча деген сулуу кызды кайырмагына илди. “Кыргызымдын жигиттерин кызганам” деп сыздаган, Расул кызы Айгерим го, бийлеп кийин ырдаган. Шоу-бизнес чөйрөсүндө бир фамилиялаш, Бирөөсү Эрлан Андашев, бирөөсү Ильяз Андаш. Өзгөчө бир стили менен ал ар дайым маскачан, Патриоту кыргызымдын агабыз Тата Улан. Замир менен Съездбек байкебиз дагы эле экөө, Куткарууда “Даткайым” аттуу тасмасын көргүлө. Атасынын жолун жолдоп Кубаныч аттуу агам, Кара көздүү сулуу жана өзү дагы жакшы адам. Даниель го, садагам деп ырларына сыр катат, Алихандын кыялынан кетпей койду махабат. Махабат аллеясында эгер азыр жүрсөңөр, Табасыңар жаныбыз Айзатты байкап өтсөңөр. Кыскасы, кааларым элибизге бейпилдик, Ырчылардын баарына тең чыгармачыл ийгилик.
  • Аяйым карындашым сен төрөлгөн жаңы, Турат күндөр эсте, көкүрөктө жанып. Сенин алдей чагың, ыйлаганың жаңы, Сени колго алып өтө кубанганым. Турат күндөр эсте, жүрөгүмдө бары, Алгач кадам шилтеп, тай тайлагандарың. Сенин алгач сөзүң, эрке кыялдарың, Алгач өнөрлөрүн чыга баштаганы. Жүрөгүмдө турат ошол күндөр эсте, Өмүр өтөт тура, өтөт тура мезгил. Убакыт келди окшойт чоңойдун сен дагы, Түгөйүн менен кошо эрчишип кетип калдың. Ата- энең, агаң, синдиң менен иниң, Бакыт сага каалайт, бактылуу бол келин . Бүгүн эми кеттиң, башкага болдуң бүлө , Ак жоолук салынып, жашындың көшөгөгө. Кайырма: Аяй карындашым акпасын көз жашың, Бактылуу бол жарың менен кол кармашып. Ата энен жакшы берген тарбиясын, Жүрөгүңө сактап балдарына тапшыр. Жарыгы бол күйгөн, жаңы конгон үйгө, Үй бүлөңдү сүйгөн, жароокер бол бүлө. Жарың менен кошо, сүрө турган жашооң, Ынтымакты камтып, бакыт жүрсүн коштоп Жарың болсун ата, а сен болчу эне Мен дагы сүйүнүп, болоюн таеке Дарегине жетсин айтылган ак сөздөр Кудай үй бүлөңдү сактай жүрсүн көздөн Кайда жүрбө дайым, болгун эсен аман Жар, эне бол айым, жолдошуңа жаккан Экөөңөр кармашкан, колуңар үзүлбөсүн Ушул күндөн баштап, экөөң бир үй бүлөсүң Ата-энең аган сиңдин менен иниң Бакыт сага каалайт, бактылуу бол келин Бүгүн эми кеттиң, башкага болдуң бүлө Ак жоолук салынып жашындың көшөгөгө. Кайырма: Аяй карындашым акпасын көз жашың, Бактылуу бол жарың менен кол кармашып. Ата энен жакшы берген тарбиясын, Жүрөгүңө сактап балдарына тапшыр.