Казахские песни Узбекские песни

Песня «Карындашым»
исполнителя Добр.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Аяйым карындашым сен төрөлгөн жаңы,
Турат күндөр эсте, көкүрөктө жанып.
Сенин алдей чагың, ыйлаганың жаңы,
Сени колго алып өтө кубанганым.
Турат күндөр эсте, жүрөгүмдө бары,
Алгач кадам шилтеп, тай тайлагандарың.
Сенин алгач сөзүң, эрке кыялдарың,
Алгач өнөрлөрүн чыга баштаганы.
Жүрөгүмдө турат ошол күндөр эсте,
Өмүр өтөт тура, өтөт тура мезгил.
Убакыт келди окшойт чоңойдун сен дагы,
Түгөйүн менен кошо эрчишип кетип калдың.
Ата- энең, агаң, синдиң менен иниң,
Бакыт сага каалайт, бактылуу бол келин .
Бүгүн эми кеттиң, башкага болдуң бүлө ,
Ак жоолук салынып, жашындың көшөгөгө.
Кайырма:
Аяй карындашым акпасын көз жашың,
Бактылуу бол жарың менен кол кармашып.
Ата энен жакшы берген тарбиясын,
Жүрөгүңө сактап балдарына тапшыр.
Жарыгы бол күйгөн, жаңы конгон үйгө,
Үй бүлөңдү сүйгөн, жароокер бол бүлө.
Жарың менен кошо, сүрө турган жашооң,
Ынтымакты камтып, бакыт жүрсүн коштоп
Жарың болсун ата, а сен болчу эне
Мен дагы сүйүнүп, болоюн таеке
Дарегине жетсин айтылган ак сөздөр
Кудай үй бүлөңдү сактай жүрсүн көздөн
Кайда жүрбө дайым, болгун эсен аман
Жар, эне бол айым, жолдошуңа жаккан
Экөөңөр кармашкан, колуңар үзүлбөсүн
Ушул күндөн баштап, экөөң бир үй бүлөсүң
Ата-энең аган сиңдин менен иниң
Бакыт сага каалайт, бактылуу бол келин
Бүгүн эми кеттиң, башкага болдуң бүлө
Ак жоолук салынып жашындың көшөгөгө.
Кайырма:
Аяй карындашым акпасын көз жашың,
Бактылуу бол жарың менен кол кармашып.
Ата энен жакшы берген тарбиясын,
Жүрөгүңө сактап балдарына тапшыр.

Другие песни исполнителя:

  • Алыман келер-келбес, кеч эми баарына, Досуңа бекем туруп сөзүңдү кармадыңбы? Кааладыңбы досуңа узун өмүрүн жашоодо? Баарына үлгү болуп аттадың ортого. Эмнегедир чек ара арабыздагы маселе, Бөлүнүп жатабыз көчөбүз менен көчө чак келбей. Карабызбы, агыбызбы баарыбыз бирдейбиз, Белгисиз пайдасы кимибиз жеңип жеңбейбиз. Кырылып жүрүп акыры өзүңдүн эле жакыныңдан, Ажырагандан кийин түшүнүү керек зарылбы? Ынтымагыбыз жоголуп, келечегибиз кор болуп, Жүрө беребизби ортобуздан чек ара торолуп. Биримдик кайсы күнү пайда болуп чыгар экен? Баары ынтымакта чоң пайда кыла алар бекен? Пайдасы тиер-тийбес жаштардын колуна, Көптөрү сынып түшө албай жүрөк жолуна. Тилеген максатыбызга жеткибиз келип жүрөт, Максатыбыз эмне экени белгисиз сүрөт. Адашып жолубуздан, кара жаман оюбуздан, Бирибиз бирибизди көрө албайбыз ортобузда. Агымдагы өмүрүң теридей сыйрылып, Тегерегиңди курчап тургандардан айрылып. Жадакалса досторуң курмандыкка кабылат, Досуңа досуң өмүрүн да аябайт. Кара жол караңгы эч нерсени ылгабайт, Түшүп алдыңбы жолуна андан эч ким чыга албайт. Карышкырсың кадимки узак эмес өмүргө, Көрө элек жатып жашоону айлансын түлкүгө. Чек ара болүнүүдөн башталып жатпайбы бары? Бөлүнүп алып көчөгө ызы-чуунун чыр-чатагы. Кабылдыңбы ушуга анан өйдөнү көздөй, Көчөнүн балдары менен мамилесин үзбөй. Салмагы бар баланы сыйлап турушат бүт баары, Жолу жок менен багы жок баланын эле арманы. Балдары көчөнүн, көшөгөсүз чек аранын, Көчөнүн мыйзамы бул — көчөнүн мыйзамы.