Казахские песни Узбекские песни

Песня «Крошка»
исполнителя Добр.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сегодня на танцполе наша песня тащит,
И я хочу тебя пригласить на танец,
Хочу чтоб ты раскрылась словно дикая лвица,
Ну а пока стобой закажем роллы и пиццу’
Кайырма:
Давай танцуй крошка, это было бы мощно’
Говорила твоя мама моя девочка бомба’
Ты танцуй Опа опа, ты танцуй лока лока
Опа, опа, опа, это песня жестко!
Сени менен өтө берет ушул сонун жайлар,
Жетелешип кетеличи бекем кармап айга,
Күлүп койчу садагасы мага жагасын сен,
Сени менен бирге болот мына ушул таңдар!

Другие песни исполнителя:

  • «Жубайым» Менден кетсе кечир, Ачууңду мага берчи, Антип тиктебечи! Жиндиге теңелбечи! Өчүң бардай, жүрөгүң бат муздайт! Таарынычын кандай, ошол замат тарайт! Бактымды таптым жолуктум, Мен сени алам деп оолуктум, Байлап башка ак жоолукту, Жубайым болдуң колуктум! Кудайыма миң ыраазымын, Маңдайыма сендей жардын калганына жазылып! Асыл, жаным, жарым, жарыгым, Жүрөгүмдүн тең жарымы, Бирге көгөрүп, агарып, Келет чогу бир карыгым, Балдарымдын, апакеси, энеси, Атакесинин жубайы, жүрөктүн кожойкеси!!! Кайырма: Өмүр бою түбөлүкө, Деп кол коюп күбөлүкө, Биргеликте бул өмүрдө! — деп чиелик күндөлүкө! Турмуш үй бүлө куруп, Бирге алдыга умтулуп, Мүчөлөрү толук, Балачакалуу бололук! Ата Эне жоопкерчилик, Ар кимде бар бир кемчилик, Кимден кетсе да кечирим, Сурап кою пендечилик! Ортобузда, болбосунчу таарынуу, Андан көрө, келчи чогу бололучу бактылуу!!!
  • Теңдеши жок бүткүл ааламда Дем берет, эркелеп ал мага Каражаным кара көз алтын Не капаландын! Жароокерим күнөөгө салба Тамашаны жүрөккө алба Жакшы көрөм көлөкөм Мен сени сүйөм! Кайырма: Жүрөгүңдүн түпкүрүнө мени сактап кой, Күнү түнү басат мени ой, ой, ой! Көңүлүңдү буруп мага мени карап кой, Күнү түнү басат мени ой, ой, ой! Тандар атат а күндөр батат Көңүлүн көтөрүлбөй жатат Жүрөкө не керек кек сактап Ак сүйүүнү баркта! Айды алып берем деп айтпайм Ообу сөз берип калп айтпайм А бирок ишеничти актайм Бирге болсок ардайым!
  • Жаштык кезге жан тартып, жүрөгүмдөн карып, Көлөкөмдөн көрөм кээде күнөөмдүн баарын. Көкөлөттүң көккө, бөпөлөтө багып, Кыйшайганда түзөп, уу жыландай чагып. Алга кадам таштагансып жаңы, Ар бир адам терең ойлонуусу зарыл. Таштаарында багыт, аркалаган бакыт, Тап берсең кайра, кутурган иттей кабып. Өмүр өтөт, кайрылып келбейт дагы, Таяк, жөлөк сага боло алышпайт баары. Жараланган жүрөк таппай келет түнөк, Ар бир адам жутса өлбөс суусун, мүрөк. Кайылмын баарына, кайдигер арыма, Коркомун калыштан Кудайдын каарына. Жүрөгүмө кек сактабайм, өкүнбөймүн, Кудайыма шүгүр, берген үчүн өмүр. Кайырма: Жашоо бир келет, жаңылбай жашоо керек, Жарык дүнүйө Кудайдан берген белек. Жашоо бир келет, бул жашоо сыноо, элек, Жарык дүнүйө Кудайдан берген белек. Жашоо гана бир келет, ар бир күнүң белек, Жашоого сен эмес, жашоо сага керек. Тиле өмүр, ден соолук, аны Кудай берет, Келечегиң болсо, эртеңки күн келет. Алгач ирет Кудайдан тиле ыйман, Азыр бул заманда кыйын болуу адам. Жаса кадам, алдыга ташта максат, Бекер отурбастан, аракет кыл, башта. Жашоо такыр бөлөк, андан күтпө көмөк, Жаратканым гана сага болот жөлөк. Күйүмдүүлөр ата-энең, бир үй-бүлөң, Алардан ал бата, сый-урматка бөлө. Жүрөгүңдөн, күмөн санаба өзүңдөн, Өткөнгө өкүнбө, ал дагы күн өтөр. Алгач адам бол жөнөкөй, анан Көкүрөктө калган эгер болсо ыйман. Кайырма: Өмүр деген — узун дайра, Артты көздөй ал акпайт кайра. Жаштыгың ал ошол дайра сымал, Канчалык өкүнбө кайрылбайт ал. Убакыт бул — учкан куштай, Учурунда карма колго уучтай. Тагдырга таарынба, ал кээде сынайт, Ак ийилет, бирок такыр сынбайт. Багыттайт жүрөгүң туура жолго, Эң башкысы, сен аны жоготпо. Адашпа жолуңдан, ыйманыңдан, Сак боло жүр андан айрылуудан. Бул өмүрүңдө эч бирөөгө, Эч качан эч сын тага көрбө. Жаңылбаган эч бир адам Болгон эмес, жаса алга кадам! Кайырма: