Казахские песни Узбекские песни

Песня «Каражан»
исполнителя Добр.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Теңдеши жок бүткүл ааламда
Дем берет, эркелеп ал мага
Каражаным кара көз алтын
Не капаландын!
Жароокерим күнөөгө салба
Тамашаны жүрөккө алба
Жакшы көрөм көлөкөм
Мен сени сүйөм!
Кайырма:
Жүрөгүңдүн түпкүрүнө мени сактап кой,
Күнү түнү басат мени ой, ой, ой!
Көңүлүңдү буруп мага мени карап кой,
Күнү түнү басат мени ой, ой, ой!
Тандар атат а күндөр батат
Көңүлүн көтөрүлбөй жатат
Жүрөкө не керек кек сактап
Ак сүйүүнү баркта!
Айды алып берем деп айтпайм
Ообу сөз берип калп айтпайм
А бирок ишеничти актайм
Бирге болсок ардайым!

Другие песни исполнителя:

  • Сапсары тоогум бар элең, Жумурткасы сары элең. Менин сүйгөн кызымдын, Каштары, көздөрү кара элең, ай. Кайырма: Ашкара, башкара, кашкараң, Казанда кайнайт чучбараң, Ушундай жыргал тойлордон. Бийлегиле жигит кыз балаң, эй. Чачырата таштап чачыңды, Кычырата боёп кашыңды. Кылтыңдап чыксаң көчөгө, Өзү эле токтойт машинаң, ай Кайырма: Кыздар кийген шиштакаң, Жарашпайт экен кыштакаң, ай Шиштакаңдын пайдасын, Ала кийиз шырдак жыртмакаң, эй. Кайырма: Токотору токойдогу беш терек, Токойдогу беш терекке суу керек. Керек дагы мага окшогон жигиткең, эй Узун эмес, орто бойлуу кыз керек. Кайырма: Жалгыз эле сары тоогум бар элең, Жумурткасы дал өзү сары элең. Ал эми менин сүйгөн кызымдын, Каштары, көздөрү кара элең, ай. Кайырма:
  • Теңелгис жүздөн бири, ичинде жок кири, Бал сымал таттуу ширин ар бир сөзүнүн бири. Чагылган күндүн нуру чырайы жүзү сулуу, Карагат көздөрүн жуумп ,ыймандуу Кудай кулу. Тандаган тура жолун келечегине умтулган, Акылы, эси жогору, чырайлуу жүздүү созулган. Баарына бирдей мамиле жакшы-жаманын чанбаган, Элине ыйман тилеген, ата-энесин сыйлаган. Сыйынып Кудай деген жүрөгү менен ишенген, Сыйы, урматы кенен улууну сиз деген. Улуунун сөзүн уккан кичүүгө насаат берген, Колун бетине жумган, бата алууну билген. Баарына шүгүр караган, ач көзщдүгү жок адам, Боорукерлигин аябаган, кечирим сурай алган. Келбетиндей жүрөгү сулуу, ыймандуу кыздардан, Бул кыз кырк чачы улуу кыздары кыргыздардын. Кайырма: Ыймандуу кыз, улуту кыргыз, Ыйык жүзүнөн өчпөсүн жылдыз. Мээримдүү кыз, улуту кыргыз, Чырай жүзүнөн кетпесин жылдыз. Жаратылыштын Кудай берген өзүнүн жүзү, Жарашкан жүзүн булгабайт боёксуз чырай жүздүү. Чаң жугузбайт өзүнө таза калпы жок сөзүндө, Ыймандуулугу төрүнөн көрүнүп турат көзүнөн. Жалкоолугу жок адам талыкпай эмгектенген, Ата-энесинен алган тарбиясына бекем. Мына эми азыр ар бир жигиттин оюнда, Ыймандуу, таза кызга үйлөнгүм келет жолукса. Кыргыздын кызы бузулбайт, каалабайм бузулушун, Жаман жолго азгырылбайт ишенем бекем турушун. Кармаган намысы бекем намыстуу билем ишенем, Жаман нерседен чекеде тамеки чегип ичпеген. Кудайым өзү колдосун чырайлуу кыргыз кыздарын, Бузулгандары оңолсун, шайтандан алыстаткын. Ичине ыйман кирип, акылы жогоруласын, Кыргыз кызынын ар бири биз үчүн кымбат азыр.