Казахские песни Узбекские песни

Песня «Паризат ой»
исполнителя Саламат Садыкова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ак бара көйнөк Паризат ой,
Ары турбай кол узат ой.
Паризат ой, Паризат ой,
Паризат ой, Паризат ой.
Дарычандан кол узат ой.

Ачылышың Акмандын ой,
Гозосундай Паризат ой.
Мас кылышың Чаңгенттин ой
Бозосундай Паризат ой.
Паризат ой, Паризат ой,
Дарычандан кол узат ой.

Шириндигиң Ташкендин ой
Майисиндей Паризат ой.
Жумшактыгың Маскөөнүн ой,
Шайысындай Паризат ой,
Паризат ой, Паризат ой
Дарычандан кол узат ой.

Эшигиндин алдынан ой
Эртели-кеч өтөмүн ой.
Чилби кара жүзүңөн ой,
Көзүңөн айна кетейин ой.
Паризат ой, Паризат ой
Дарычандан кол узат ой.

Азирет-Аюб, Арстанбай,
Абатымсың, Паризат ой.
Оозума салсам эриген ой,
Набатымсың, Паризат ой.
Паризат ой, Паризат ой,
Дарычандан кол узат ой.

Мүнүшкөргө кошулуп ой,
Куш саласың, Паризат ой,
Муктаж болгон жүрөккө,
Туз саласың, Паризат ой.
Паризат ой, Паризат ой,
Дарычандан кол узат ой.

Чангектеги чалкыган ой,
Чарбагымсын Паризат ой
Беш манжама тен келген
Бармагымсын, Паризат ой
Паризат ой, Паризат ой,
Дарычандан кол узат ой.

Другие песни исполнителя:

  • Жүр ээрчишип кетели өрүкзарга, Сунушумду суранам, четке какпа. Сүйүүбүзгө жолугуп айлуу түндө, Сыйыналы бир келген, сыйыналы бир келген бактыбызга. Мөл булакка барабыз ай тоскону Ат жалында шамалга ойношкону. Кечикпейли бир келген бактыбыздан, Өрүкзарга кетели, өрүкзарга кетели макул болчу. Айлуу түнгө никелеп сүйүүбүздү, Өрүкзарга чачалы күлкүбүздү. Жылдыздардын терели чачыласын, Булактарга сүйдүрүп, булактарга сүйдүрүп жүзүбүздү. Комуз менен.
  • Асман бүркөк, асман сырдуу көрүнсө, Дарактардан жалбырактар төгүлсө. Тынчы кетип, бугу толгон көңүлүм, Булуттардай уйгу-туйгу бөлүнсө. Мен сени эстеп, тартып санаа-убайым, Күн бүркөлбөй, мен бүркөлгөн убагым. Терезеңди жалбырактар аймалап, Терезеңден жалдыраса ай карап. Терезеңди черте качат уктатпай, Тегеренип кошо жүрсө жарганат. Ал жарганат, ал тынчы жок жалбырак, Ал ай менмин карап турган жалдырап. Ыйык сырды мен билсем да, сен билсең, Сен түш көрсөң, ал түшүң мен кирсем. Сүрөтүңө мас болгондой таң калып, Сөз сүйлөбөй сени тиктеп телмирсем. Бир сен үчүн унутуп бүт дүйнөнү, Билгин, жаным, жүрөгүмдүн күйгөнүн.
  • Мейли тагдыр мага башың ийбегин, Мейли тагдыр мага жарык тийбегин. Бул жашоомдо жүрсүн жарык күн тийип, ай, Медер туткан ата-энеме тийбегин Мейли, тагдыр өлчө-калча, бийлегин, Мейли, тагдыр, камыр кылып ийлегин. Мен өзүңдөн башка нерсе сурабаймын, Медер туткан балдарыма тийбегин. Мейли, тагдыр, сыйлыгыңды бербегин, Байлыгыңды маңдайыма илбегин. Андан өткөн мага байлык, бакыт жок ай, Суранарым бир боорума тийбегин, Бир тууганым, жакыныма тийбегин. Мейли, тагдыр, айткан тилди албагын, Бошко согуп, ташка согуп алдагын. Жашап дайым өчпөс кылып түбөлүк, ай, Жүрөктөгү сүйүүмө шек салбагын, Түбөлүктүү доторума тийбегин. Мен өзүңдөн башка нерсе сурабаймын, Суранарым ата-энеме тийбегин. Суранарым балдарыма тийбегин. Суранарым эл-журтума тийбегин.