Казахские песни Узбекские песни

Песня «Студенттик күндөр»
исполнителя Данияр Эрматов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жалын жаштык, студенттик кез,
Сезилбестен өтөбү тез?
Кыялымда кала берди,
Түш сыяктуу жаркын элес.
Кайырма:
Студенттик күн азбы-көппү,
Кандай сонун күндөр өттү.
Эң кызык кез жаштыгымды,
Кайсы жакка алып кетти?
Билим алып, илим тапкан,
Алтын барак, калем саптан,
Махабаттын кулпун ачкан.
Студенттик күн баарыбыздын.
Ошол кезде чогуу жүргөн,
Сагынамын досторумду,
Баарыбызды тааныштырган,
Биз жашаган студенттик кез.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Алыс кетпей алдейлеп, наристесин бөпөлөп, Апалар өмүрүн түйшүк менен өткөрөт. Аягы жок мен билем, апакемдин эмгеги, Балам деп, мен үчүн азап чегип келгенмин. Кайырма: Унутуп кайгы-капа, санааңды, Кейитип жүрсөм кечир балаңды Ак сутүң актай албасам, Мен жашай аламбы? Акылдуу бол балам деп, накыл сөзүн кайталап, Апакем билинбей улгайганың байкалат. Ошондуктан ардактап апаларды сыйлайлы, Бейиш да алардын бут астында турбайбы. Кайырма:
  • Суктанам, суктанамын, Жапжашыл айланага. Укмуштай жаз көркөмү, Теңелбейт сага гана. Кайырма: Тартынбай бери карап күлчү, жаным, Бек кучактап жүзүмдөн сүйчү, жаным, Түбөлүк күлгүн болуп жүрчү, жаным. Аралап жаш шиберди, Келесиң сен жаныма. Сезимиң уялыңкы, Сезилет мага гана. Кайырма:
  • Айтылбай дагы сөзүм калды, Жашырып сенден сырды кантип сактаймын? Тоготпой кете бердиң, артка кылчайбай, Сенден мен ажырасам кантип жашаймын? Кайырма: Токто, жаным, кетпе! Сени сүйөм, Эгер көрсөм башка менен оттой күйөм. Суранам дагы бир келчи кайра мага, Билесиң жүрөк сыздайт сен деп гана. Кечирчи, ушул сөздү эми айтпаймын, Түшүндүм болгон сөздүн баары жалганын. Ойлонбой сүйлөп сенин көөнүң ооруттум, Сенсиз жалгыз турмушта кантип жашаймын? Кубанычка бөлөп сенин көөнүң алайын, Кучагыма кысып алып сүйүүмдү айтайын. Ишенгенсиң, дагы ишен менин сүйүүмө, Сен бактылуу болушуңду дайым каалаймын. Кайырма: Сенсиз өтөт жашоом кызыксыз, Мээримиң төкчү жүрөк жылытып, Жаз кетип, күз да келди, кайдасың?..