Казахские песни Узбекские песни

Песня «Токто, жаным»
исполнителя Данияр Эрматов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Айтылбай дагы сөзүм калды,
Жашырып сенден сырды кантип сактаймын?
Тоготпой кете бердиң, артка кылчайбай,
Сенден мен ажырасам кантип жашаймын?
Кайырма:
Токто, жаным, кетпе! Сени сүйөм,
Эгер көрсөм башка менен оттой күйөм.
Суранам дагы бир келчи кайра мага,
Билесиң жүрөк сыздайт сен деп гана.
Кечирчи, ушул сөздү эми айтпаймын,
Түшүндүм болгон сөздүн баары жалганын.
Ойлонбой сүйлөп сенин көөнүң ооруттум,
Сенсиз жалгыз турмушта кантип жашаймын?
Кубанычка бөлөп сенин көөнүң алайын,
Кучагыма кысып алып сүйүүмдү айтайын.
Ишенгенсиң, дагы ишен менин сүйүүмө,
Сен бактылуу болушуңду дайым каалаймын.
Кайырма:
Сенсиз өтөт жашоом кызыксыз,
Мээримиң төкчү жүрөк жылытып,
Жаз кетип, күз да келди, кайдасың?..

Другие песни исполнителя:

  • Күнүгө ойлоп баштайм ар таңдан Күлгөнүңдү эстеп алып назданам Ботодой көздөрүң ирмесе өзгөрүп Сөзүнөн жагат бал тамган Суктанып койбосун деп башкалар Көз мончок болдум кайтарган Кайырма: Сен мени кызгандыргың келе береби Чынын айтчы барын Чынын айтчы жаным тутандырбай Сен мени кызгандыргың келе береби Чынын айтчы жаным Чок жүрөгүмө муз салдырбай Өзүнүн башка бардай дүйнөсү Ордунан козголбогон мүнөзү Чырайы келишкен Болсо да периштем Баарына тете бир өзүң Жүрөгүм жүрөгүңдү бир көрүп Сүйдүрүп алып жүрбөсүн
  • Нур шооласын төгүп, Ай жүзүңдөн өбүп, Кыялымда сени гана. Таалайыма жазса бир өзүңдү мага, Болор белең мендик гана? Кайырма: Эзилип жүрөк, Эңсеп сени жүрөт, Эби жок согуп жүрөк. Түгөнбөгөн күйүт үзүлбөгөн үмүт, Жолуңду карап күтөт. Тамшанып жүзүңө, Табышмак көзүңө, Тартылам дайым өзүңө. От болуп махабат, Сезимге чок салат, Жан дүйнөм сага байланат. Кайырма:
  • Баштайын бүгүн шаң менен Ырдайын эски ыр менен Кошулуп ырда улуу кичүү бирге Бийлесин баары турбай тең Кайырма: Кымыз сунган ай кыргыз кызым ай Айланайын көзүңдөн ачып жумган ай Эски ыр эстен кетпесин Жаңыча үндөн термелсин Маареке жакшылыкта кездешели Кыргыздын тою бүтпөсүң