Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кыргызым»
исполнителя Данияр Эрматов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Байыртан ата салтын улаган эл,
Кыйын күндү жеңип өткөргөн.
Ынтымак, ырыс-кешик кураган эл,
Душмандары коркуп, сезгенген.
Кайырма:
Ала-Тоонун нурусуң,
Ак пейилдүү улутум,
Баатырлардын мекени жерим.
Кыргызымдын уулусуң,
Көтөрөлү бир бурчун,
Желбиретип бийик желегин.
Тарыхың жол көрсөтүп караңгыда,
Урпактарга келген кептериң.
Таңеймин күндөн дагы жарык нурга,
Бабалардын баскан издерин.
Кайырма:
Ар күнү шайыр мүнөз ырга жакын,
Обон созуп ак жүрөгүнөн.
Дасторкон жайып дайым сыйга жакын,
Бата берип ак тилегинен.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Билем жактырасың, Сезим жашырасың, Мүнөзүңдөн, ай, Күлгөнүңдөн, ай, Таттуу, таттуу сүйлөп коюп, Жүрөгүмдү ээлеп коюп, Кылыктанба жаш баладай… Кайырма: Карайм кайра-кайра, көздөрүңдү кайра, Жүрөгүңдүн ээси кылчы, Махабатым, таба албай жатам айла. Сүйүүм сага гана, сен да арна мага, Көздөрүңдөн көрүп турам, Жылуу сезим карегиңди алба. Карайт кара көзүң Арнайт сырдуу сезим. Айта албайсың, ай, Тартынасың, ай, Көзүң менен атып коюп, Мен тарапка басып коюп, Азгырасың ак маралдай…
  • Кызыл гүл көрдүм, Жүрөк арбалды. Сезимдер кайкып, Сүйүүм арналды. Гүлгө жетпедим, Тагдыр ушундай, Кайсарып учам, Кайгы кушундай. Кайырма: Тамчы, тамчы шүүдүрүм, Таң алдына жетпей күбүлдүң. Канча, канча сулуу кыздардын, Кирпигинен көз жаш болуп Кирпигинен актың, үзүлдүң. Алчумун тосуп, Мойнуңдан жыттап. Көбүрчүм көлдөй, Көөдөнүм ыктап. Ал күндөр калды, Арман оролгон, А балким, жомок, Балким, болбогон.