Казахские песни Узбекские песни

Песня «Билем жактырасың»
исполнителя Данияр Эрматов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Билем жактырасың,
Сезим жашырасың,
Мүнөзүңдөн, ай,
Күлгөнүңдөн, ай,
Таттуу, таттуу сүйлөп коюп,
Жүрөгүмдү ээлеп коюп,
Кылыктанба жаш баладай…
Кайырма:
Карайм кайра-кайра, көздөрүңдү кайра,
Жүрөгүңдүн ээси кылчы,
Махабатым, таба албай жатам айла.
Сүйүүм сага гана, сен да арна мага,
Көздөрүңдөн көрүп турам,
Жылуу сезим карегиңди алба.
Карайт кара көзүң
Арнайт сырдуу сезим.
Айта албайсың, ай,
Тартынасың, ай,
Көзүң менен атып коюп,
Мен тарапка басып коюп,
Азгырасың ак маралдай…

Другие песни исполнителя:

  • Сага гүлүм сунамын, сүйүүм арнаймын, Мага бир келген тунук махабатымсың. Жашоомдун кызыгы сенсиң, жаным, Бир болуп, таталы сүйүү балын. Карагаттай көзүң ыйлатпаймын түбөлүк, жаным. Кайырма: Кол кармашып биз дайым, Жашайлычы түбөлүккө, жаным. Ак сүйүүнүн сырларын, Ачалы бири-бирибизге, жаным. Бул өмүрдөн тапканым бир өзүң, жаным, Бакытым, айым, күнүм, ачык асманым. Бирге болчу, жаным, мени менен, Бир өтөлү сүйүү деңизинен. Бир өзүңдү, жаным, сүйө берем, жалгызым менин Кайырма
  • Кечир мени, башка сөз айта албаймын. Кечир мени, жаныңа бара албаймын, Бара албаймын, бара албаймын, Бара албаймын… Кайырма: Сүйбөймүн мен сени, кечир мени, Сүйөмүн башканы билгин эми. Сен деген сезимим өчкөн эле, Кечир мени, кечир мени, кечир мени. Ыйлабачы көздөрүң жашка толуп, Калгам сенден эчак мен башка болуп, Башка болуп, башка болуп, Башка болуп… Кайырма:
  • Алаканга салып жүрөм, Аярым мен сени сүйөм. Ашыктык отуна күйөм, Көтөрөм кыялыңды, Катып жүргөн сырларыңды, Катпа менден жыргалымды. Билем жаным сен эркесиң, Бирөө барын сен сезерсиң, Ачтың сүйүү терезесин. Кайырма: Бир болууну самаймын, Өзүңсүң аярым Жанымда болчу дайым Сүйүүнүн жалыны, Сезимдин жарыгы, Жанымдын жарымы сен. Сөзүң таттуу балдай сенин, Сүйлөткүм бир келет менин. Сөзү жок да сезет сезим Карегиңден мен айланып, Өзүңө калдым мен байланып Аяганың байкалып. Жүрөктөрдөн сүйүү чачып, Өмүр бою дидарлашып, Өтөлүчү кол кармашып
  • Суктанам, суктанамын, Жапжашыл айланага. Укмуштай жаз көркөмү, Теңелбейт сага гана. Кайырма: Тартынбай бери карап күлчү, жаным, Бек кучактап жүзүмдөн сүйчү, жаным, Түбөлүк күлгүн болуп жүрчү, жаным. Аралап жаш шиберди, Келесиң сен жаныма. Сезимиң уялыңкы, Сезилет мага гана. Кайырма: