Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кечир мени»
исполнителя Данияр Эрматов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кечир мени, башка сөз айта албаймын.
Кечир мени, жаныңа бара албаймын,
Бара албаймын, бара албаймын,
Бара албаймын…
Кайырма:
Сүйбөймүн мен сени, кечир мени,
Сүйөмүн башканы билгин эми.
Сен деген сезимим өчкөн эле,
Кечир мени, кечир мени, кечир мени.
Ыйлабачы көздөрүң жашка толуп,
Калгам сенден эчак мен башка болуп,
Башка болуп, башка болуп,
Башка болуп…
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Жаным, бүгүндөн баштап кадамым, Сен үчүн болот басканым, жаным. Жаным, болчу сен менин канатым, Үйдөгү жанган чырагым, оу, жаным. Кайырма: Ата-энемдин тилеги, Ыймандуу болсун келини. Кыз күтүп жүрүп жетпеген, Апамдын болчу шериги. Жаным, болчу сен менин керегим, Түгөнбөс үйдө берекем, жаным. Жаным, ата-энем көрүп небере, Бололу биз да ата-эне, ай, жаным. Кайырма: Ата-энемдин тилеги, Ыймандуу болсун келини. Кыз күтүп жүрүп жетпеген, Апамдын болчу шериги. Кыз күтүп жүрүп жетпеген, Апамдын болчу келини.
  • Келгиле жаштар, көңүлдөрдү көтөрөлүк, Ырдап , бийлеп баарыз тең кубанычка бөлөнөлүк. Анткени эсте калсын ушул күндөр түбөлүкө, Кезек келет бир убакта эңсей турган жаштык күндү. Ошондуктан уялбай, эчнерседен тартынбай, Баркын билип кереметтүү жаштык кездин, алтындай. Ойноп-күлүп, шаңдуу бийлеп, талыкпастан бийлеп турсак, Жаштар, бул анткени биздин ураан! Кайырма: Жалындап жана бергин жаштык кез,жылдыздай, Жүрөктө дайым сенсиң жаштык кез, унутулбай. Келгиле, жаштар бийге, көңүлдү көтөрүп, Келгиле, жаштык кездин өмүрүн сүрөлү. Кетпечи, жаштык кез, сен бизден алыстап, Кетпечи, жаштык кез, жүрөктү жаралап. Мына эмесе жаштар, Шаңдуу шайыр музыкалар. Бийлегиле кыз-жигиттер, Сүйүүңөрдүү таапсыңар. Жаштык кездин кереметин, Мына бизге демин берип. Айлананы шаңга бөлөп, Өзүбүздү жеңил сезип. Баары бизде ынтымактуу, Жалындаган жаштык кезде. Бир-бирибизге бакыт каалап, Ак сүйүүнүн жолун издеп. Келечеке максат коюп, Биз бактылуу жаштарбыз деп. Суктаналы бактылуулук, Жаштык кез биз жакта. Кайырма:
  • Алыс кетпей алдейлеп, наристесин бөпөлөп, Апалар өмүрүн түйшүк менен өткөрөт. Аягы жок мен билем, апакемдин эмгеги, Балам деп, мен үчүн азап чегип келгенмин. Кайырма: Унутуп кайгы-капа, санааңды, Кейитип жүрсөм кечир балаңды Ак сутүң актай албасам, Мен жашай аламбы? Акылдуу бол балам деп, накыл сөзүн кайталап, Апакем билинбей улгайганың байкалат. Ошондуктан ардактап апаларды сыйлайлы, Бейиш да алардын бут астында турбайбы. Кайырма:
  • Дарак билип жазда бүчүр байлаарын, Күздө түшкөн жалбырагын сагынбайт. Сенден сулуу болсо дагы алганым, Сендей мага бул дүйнөдө табылбайт. Көлгө жетпей суулар соолуп акпаса, Жарга жетпей жигит жалгыз жатпаса. Кайсы кызга кадалбасын карегим, Баары бөлөк, баары сенден башкача. Кимден калган табигатка таарыныч, Кимден калган үйлөнүүлөр жаңылыш. Жүрөктү өрттөп коштоп жүрүп отурат, Өзүмдөгү сага деген сагыныч. Сендей мага бул дүйнөдө табылбайт.