Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сендей мага»
исполнителя Данияр Эрматов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Дарак билип жазда бүчүр байлаарын,
Күздө түшкөн жалбырагын сагынбайт.
Сенден сулуу болсо дагы алганым,
Сендей мага бул дүйнөдө табылбайт.
Көлгө жетпей суулар соолуп акпаса,
Жарга жетпей жигит жалгыз жатпаса.
Кайсы кызга кадалбасын карегим,
Баары бөлөк, баары сенден башкача.
Кимден калган табигатка таарыныч,
Кимден калган үйлөнүүлөр жаңылыш.
Жүрөктү өрттөп коштоп жүрүп отурат,
Өзүмдөгү сага деген сагыныч.
Сендей мага бул дүйнөдө табылбайт.

Другие песни исполнителя:

  • Жолугуп ойлонбогом эч нерсени Чынында түйшүктүн да жеткен чеги Үйрөтүп санаалардын көздөрүмдө Мынчалык күлбөптүрмүн көптөн бери Кайырма: Айтылды тамаша сөз түркүн-түркүн Бул күнгө баасы жетпес, берсе миң күн Жаандай дарыяны ташкындаткан Күч берди мага бүгүн сенин күлкүң Күлдүрүп, күлүп көпкө бир басылбай Боорумду эздиң мынча кымбатым ай Бирөөгө таарынганым унутуп калып Айтылды жүрөктөрдө сыр катылбай Кайырма :
  • Сен дагы мени сагындыңбы Мен сени сагынганда Жактырдым сени алгач көздөр кабылганда Жан шерик болдуң тайгак жолдо Мен жалгыз баратканда Ыраазымын сага жолуктурган жаратканга Кайырма: Сени сүйөм сени сүйөм Кайталап сүйөрүмдү Сага гана сага гана Арнаймын гүлдөрүмдү Карагат кара көздөрүң менен Ээледиң жүрөгүмдү Арнаймын сага ааламдагы Сезимдин тазасын Сен болдуң менин бир жаралган Чексиз бактым Түбөлүк таттуу өмүр сүрүп Тунук сүйүү жашасын Эчкимди мени алмаштыргыс махабатым
  • Суктанам, суктанамын, Жапжашыл айланага. Укмуштай жаз көркөмү, Теңелбейт сага гана. Кайырма: Тартынбай бери карап күлчү, жаным, Бек кучактап жүзүмдөн сүйчү, жаным, Түбөлүк күлгүн болуп жүрчү, жаным. Аралап жаш шиберди, Келесиң сен жаныма. Сезимиң уялыңкы, Сезилет мага гана. Кайырма: