Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кетчи»
исполнителя Данияр Эрматов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Сага гүлүм сунамын, сүйүүм арнаймын, Мага бир келген тунук махабатымсың. Жашоомдун кызыгы сенсиң, жаным, Бир болуп, таталы сүйүү балын. Карагаттай көзүң ыйлатпаймын түбөлүк, жаным. Кайырма: Кол кармашып биз дайым, Жашайлычы түбөлүккө, жаным. Ак сүйүүнүн сырларын, Ачалы бири-бирибизге, жаным. Бул өмүрдөн тапканым бир өзүң, жаным, Бакытым, айым, күнүм, ачык асманым. Бирге болчу, жаным, мени менен, Бир өтөлү сүйүү деңизинен. Бир өзүңдү, жаным, сүйө берем, жалгызым менин Кайырма
  • Алаканга салып жүрөм, Аярым мен сени сүйөм. Ашыктык отуна күйөм, Көтөрөм кыялыңды, Катып жүргөн сырларыңды, Катпа менден жыргалымды. Билем жаным сен эркесиң, Бирөө барын сен сезерсиң, Ачтың сүйүү терезесин. Кайырма: Бир болууну самаймын, Өзүңсүң аярым Жанымда болчу дайым Сүйүүнүн жалыны, Сезимдин жарыгы, Жанымдын жарымы сен. Сөзүң таттуу балдай сенин, Сүйлөткүм бир келет менин. Сөзү жок да сезет сезим Карегиңден мен айланып, Өзүңө калдым мен байланып Аяганың байкалып. Жүрөктөрдөн сүйүү чачып, Өмүр бою дидарлашып, Өтөлүчү кол кармашып
  • Жолугуп ойлонбогом эч нерсени Чынында түйшүктүн да жеткен чеги Үйрөтүп санаалардын көздөрүмдө Мынчалык күлбөптүрмүн көптөн бери Кайырма: Айтылды тамаша сөз түркүн-түркүн Бул күнгө баасы жетпес, берсе миң күн Жаандай дарыяны ташкындаткан Күч берди мага бүгүн сенин күлкүң Күлдүрүп, күлүп көпкө бир басылбай Боорумду эздиң мынча кымбатым ай Бирөөгө таарынганым унутуп калып Айтылды жүрөктөрдө сыр катылбай Кайырма :
  • Бакыт сунуп өмүр бир келген, Учкан куштай сызып, күндөрүң ирмем. Аруу таңдай маанай арнагын, Шаңга бөлөп баарын күлгөнүң менен. Билип жаман жолго баспагын. Ак дилиңди таза бойдон сактагын Адам бойдон калып өзгөрбөй, Адал иштеп, асыл ойдон качпагын. Кайырма: Кечиргин, кечир өткөндү, Кечиргин, душман, көпкөндү, Көтөрүп алсыз, чөккөндү, жардам бергин. Кечиргин, буттан чалганды, Кечиргин, күйүт салганды, Анткени өмүр жалган бул, бир тууганым. Убактылуу, билсең тактың да, Байлыкка, бийликке дилиң азгырба, Кичипейил болуп жүргүнүң, Бирдей баары, жараткандын астында. Жакындарга дайым жолуккун, Жакырларга жардам берип колуң сун, Таарынычтын баарын унутсак, Мына ошондо келет бизге сонун күн. Кайырма: