Казахские песни Узбекские песни

Песня «Адам бойдон калгын өзгөрбөй»
исполнителя Данияр Эрматов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Бакыт сунуп өмүр бир келген,
Учкан куштай сызып, күндөрүң ирмем.
Аруу таңдай маанай арнагын,
Шаңга бөлөп баарын күлгөнүң менен.
Билип жаман жолго баспагын.
Ак дилиңди таза бойдон сактагын
Адам бойдон калып өзгөрбөй,
Адал иштеп, асыл ойдон качпагын.
Кайырма:
Кечиргин, кечир өткөндү,
Кечиргин, душман, көпкөндү,
Көтөрүп алсыз, чөккөндү, жардам бергин.
Кечиргин, буттан чалганды,
Кечиргин, күйүт салганды,
Анткени өмүр жалган бул, бир тууганым.
Убактылуу, билсең тактың да,
Байлыкка, бийликке дилиң азгырба,
Кичипейил болуп жүргүнүң,
Бирдей баары, жараткандын астында.
Жакындарга дайым жолуккун,
Жакырларга жардам берип колуң сун,
Таарынычтын баарын унутсак,
Мына ошондо келет бизге сонун күн.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Эр Манастын урпагымын, намысты бекем кармаган Тайманбас эл жер үчүн, жүрөгүн арнаган Жанымды берем бүтүн, бир сен деп ар качан Манастын урпагымын, Манастын урпагымын, мен Кайырма 2 жолу: Кыргызмын, кыргызмын мен, таймашта жеңилбеген Кыргызмын кылым кезген, көз күйүп элим деген Табият сырын сезген, толгонуп кемитбеген Баатырлар өткөн жанып, тарыхта өчпөс салып жол Дилиңден өчпөй жарык, баарына багыт бол Байлыгын сөзгө катып, көрсөткон анык жол Манастын урпагымын, Манастын урпагымын, мен
  • Убак жылып алга, Кадам таштап бир жылга Өткөн кезиң калды, Кол булгалап артыңда Көп күндөр алдыда, Өткөн кезге муңайба Курчап сени турсун, Жакындарың дайыма Жараткан бөлөсүн бакытка Кайырма: Туулган күнүң менен, Өздүк майрам бул деген Куттуктайбыз сени, Аппак тилек ой менен Кабыл болсун бүтүн, Тилектер бүт сен үчүн Өткөрөлү бирге, Сен жаралган уулуу күн Калоолорду арнап, Көңүл ачып, ыр ырдап Жакшылыктын баары, Ар дайым турсун жандап Өмүр гүлүң жайнап жаркырап Кайырма: Туулган күнүң менин, Өздүк майрам бул деген Куттуктайбыз сени, Аппак тилек ой менен
  • Кара көз сулуу, ажайып нурдуу, Татынакай биздин кыздар, ай. Арбап алышат, ойго салышат, Назданышкан назик кыздар, ай. Кайырма: Кыздар, ай, кыздар, ай, Кыздар, ай, кыздар, ай, Татынакай биздин кыздар, ай. Кыздар, ай, кыздар, ай, Кыздар, ай, кыздар, ай, Кылыктанган, сүрдүү кыздар, ай. Ачылган гүлдөй, асманда күндөй, Ай чырайлуу, сулуу кыздар, ай. Жүрөк эриткен, көңүл сергиткен, Кылыктанган, сырдуу кыздар, ай.
  • Кечир мени, башка сөз айта албаймын. Кечир мени, жаныңа бара албаймын, Бара албаймын, бара албаймын, Бара албаймын… Кайырма: Сүйбөймүн мен сени, кечир мени, Сүйөмүн башканы билгин эми. Сен деген сезимим өчкөн эле, Кечир мени, кечир мени, кечир мени. Ыйлабачы көздөрүң жашка толуп, Калгам сенден эчак мен башка болуп, Башка болуп, башка болуп, Башка болуп… Кайырма:
  • Баштайын бүгүн шаң менен Ырдайын эски ыр менен Кошулуп ырда улуу кичүү бирге Бийлесин баары турбай тең Кайырма: Кымыз сунган ай кыргыз кызым ай Айланайын көзүңдөн ачып жумган ай Эски ыр эстен кетпесин Жаңыча үндөн термелсин Маареке жакшылыкта кездешели Кыргыздын тою бүтпөсүң