Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кыргызмын мен»
исполнителя Данияр Эрматов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Эр Манастын урпагымын, намысты бекем кармаган
Тайманбас эл жер үчүн, жүрөгүн арнаган
Жанымды берем бүтүн, бир сен деп ар качан
Манастын урпагымын, Манастын урпагымын, мен

Кайырма 2 жолу:

Кыргызмын, кыргызмын мен, таймашта жеңилбеген
Кыргызмын кылым кезген, көз күйүп элим деген
Табият сырын сезген, толгонуп кемитбеген

Баатырлар өткөн жанып, тарыхта өчпөс салып жол
Дилиңден өчпөй жарык, баарына багыт бол
Байлыгын сөзгө катып, көрсөткон анык жол
Манастын урпагымын, Манастын урпагымын, мен

Другие песни исполнителя:

  • Күнүгө ойлоп баштайм ар таңдан Күлгөнүңдү эстеп алып назданам Ботодой көздөрүң ирмесе өзгөрүп Сөзүнөн жагат бал тамган Суктанып койбосун деп башкалар Көз мончок болдум кайтарган Кайырма: Сен мени кызгандыргың келе береби Чынын айтчы барын Чынын айтчы жаным тутандырбай Сен мени кызгандыргың келе береби Чынын айтчы жаным Чок жүрөгүмө муз салдырбай Өзүнүн башка бардай дүйнөсү Ордунан козголбогон мүнөзү Чырайы келишкен Болсо да периштем Баарына тете бир өзүң Жүрөгүм жүрөгүңдү бир көрүп Сүйдүрүп алып жүрбөсүн
  • Жолугуп ойлонбогом эч нерсени Чынында түйшүктүн да жеткен чеги Үйрөтүп санаалардын көздөрүмдө Мынчалык күлбөптүрмүн көптөн бери Кайырма: Айтылды тамаша сөз түркүн-түркүн Бул күнгө баасы жетпес, берсе миң күн Жаандай дарыяны ташкындаткан Күч берди мага бүгүн сенин күлкүң Күлдүрүп, күлүп көпкө бир басылбай Боорумду эздиң мынча кымбатым ай Бирөөгө таарынганым унутуп калып Айтылды жүрөктөрдө сыр катылбай Кайырма :
  • Баштайын бүгүн шаң менен Ырдайын эски ыр менен Кошулуп ырда улуу кичүү бирге Бийлесин баары турбай тең Кайырма: Кымыз сунган ай кыргыз кызым ай Айланайын көзүңдөн ачып жумган ай Эски ыр эстен кетпесин Жаңыча үндөн термелсин Маареке жакшылыкта кездешели Кыргыздын тою бүтпөсүң
  • Жалын жаштык, студенттик кез, Сезилбестен өтөбү тез? Кыялымда кала берди, Түш сыяктуу жаркын элес. Кайырма: Студенттик күн азбы-көппү, Кандай сонун күндөр өттү. Эң кызык кез жаштыгымды, Кайсы жакка алып кетти? Билим алып, илим тапкан, Алтын барак, калем саптан, Махабаттын кулпун ачкан. Студенттик күн баарыбыздын. Ошол кезде чогуу жүргөн, Сагынамын досторумду, Баарыбызды тааныштырган, Биз жашаган студенттик кез. Кайырма:
  • Кара көз сулуу, ажайып нурдуу, Татынакай биздин кыздар, ай. Арбап алышат, ойго салышат, Назданышкан назик кыздар, ай. Кайырма: Кыздар, ай, кыздар, ай, Кыздар, ай, кыздар, ай, Татынакай биздин кыздар, ай. Кыздар, ай, кыздар, ай, Кыздар, ай, кыздар, ай, Кылыктанган, сүрдүү кыздар, ай. Ачылган гүлдөй, асманда күндөй, Ай чырайлуу, сулуу кыздар, ай. Жүрөк эриткен, көңүл сергиткен, Кылыктанган, сырдуу кыздар, ай.