Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кыздар, ай»
исполнителя Данияр Эрматов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кара көз сулуу, ажайып нурдуу,
Татынакай биздин кыздар, ай.
Арбап алышат, ойго салышат,
Назданышкан назик кыздар, ай.
Кайырма:
Кыздар, ай, кыздар, ай,
Кыздар, ай, кыздар, ай,
Татынакай биздин кыздар, ай.
Кыздар, ай, кыздар, ай,
Кыздар, ай, кыздар, ай,
Кылыктанган, сүрдүү кыздар, ай.
Ачылган гүлдөй, асманда күндөй,
Ай чырайлуу, сулуу кыздар, ай.
Жүрөк эриткен, көңүл сергиткен,
Кылыктанган, сырдуу кыздар, ай.

Другие песни исполнителя:

  • Сага гүлүм сунамын, сүйүүм арнаймын, Мага бир келген тунук махабатымсың. Жашоомдун кызыгы сенсиң, жаным, Бир болуп, таталы сүйүү балын. Карагаттай көзүң ыйлатпаймын түбөлүк, жаным. Кайырма: Кол кармашып биз дайым, Жашайлычы түбөлүккө, жаным. Ак сүйүүнүн сырларын, Ачалы бири-бирибизге, жаным. Бул өмүрдөн тапканым бир өзүң, жаным, Бакытым, айым, күнүм, ачык асманым. Бирге болчу, жаным, мени менен, Бир өтөлү сүйүү деңизинен. Бир өзүңдү, жаным, сүйө берем, жалгызым менин Кайырма
  • Баштайын бүгүн шаң менен Ырдайын эски ыр менен Кошулуп ырда улуу кичүү бирге Бийлесин баары турбай тең Кайырма: Кымыз сунган ай кыргыз кызым ай Айланайын көзүңдөн ачып жумган ай Эски ыр эстен кетпесин Жаңыча үндөн термелсин Маареке жакшылыкта кездешели Кыргыздын тою бүтпөсүң
  • Кызыл гүл көрдүм, Жүрөк арбалды. Сезимдер кайкып, Сүйүүм арналды. Гүлгө жетпедим, Тагдыр ушундай, Кайсарып учам, Кайгы кушундай. Кайырма: Тамчы, тамчы шүүдүрүм, Таң алдына жетпей күбүлдүң. Канча, канча сулуу кыздардын, Кирпигинен көз жаш болуп Кирпигинен актың, үзүлдүң. Алчумун тосуп, Мойнуңдан жыттап. Көбүрчүм көлдөй, Көөдөнүм ыктап. Ал күндөр калды, Арман оролгон, А балким, жомок, Балким, болбогон.
  • Дарак билип жазда бүчүр байлаарын, Күздө түшкөн жалбырагын сагынбайт. Сенден сулуу болсо дагы алганым, Сендей мага бул дүйнөдө табылбайт. Көлгө жетпей суулар соолуп акпаса, Жарга жетпей жигит жалгыз жатпаса. Кайсы кызга кадалбасын карегим, Баары бөлөк, баары сенден башкача. Кимден калган табигатка таарыныч, Кимден калган үйлөнүүлөр жаңылыш. Жүрөктү өрттөп коштоп жүрүп отурат, Өзүмдөгү сага деген сагыныч. Сендей мага бул дүйнөдө табылбайт.